Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:55

Жазын тапкан жаш акын


18-майда Бишкектеги Куурчак театрынын сахнасында жаш акын Жазгүл Жамангулованын “Чачылган текче” деген аталыштагы поэзия кечеси өттү.

Поэзия кечеси башка кечелерден айырмаланып, төрт мезгилди камтып, акындын ырларын театралдык окуу жайдын болочоктогу актерлору окушту. Чакан спектаклге окшогон сахналык чечилиштеги бул композиция ар бир окулган ырга көрк берип, мүнөзүн, автордун айтайын деген оюн ачып бергени менен айырмаланды.

“Жазды таптым,
Же жаз таптыбы?
Бул да өмүрдүн алтын жаштыгы.
Кичинекей анан, анан наздыгы,
Бүчүр жардым жазда мен дагы.
Актык ай, дилдин актыгы.
Мен даракмын бүчүр жарган.
Мен энемин күчтүү аптабы”.


Жазгүл Жамангулованын ырларынын негизги темасы эне, бала, жылдын төрт мезгили, адамдык касиет, коомдогу алешемдиктер, кыргыздын кереметтүү ажайып жерлери, тоолор.

Кечеге келген белгилүү акын-жазуучулар Жазгүл Жамангулованын ырлары башкаларга окшобогон, башкаларды туурабаган өзүнүн үнү, айтайын деген ою, таамай курчтугу менен айырмаланарын белгилеп, кадыресе калыптанып калган акын катары баалашарын айтышты.

Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова Жазгүл Жамагулованы жаңычыл, изденгич, коомго болгон көз карашы бар кыргыз поэзиясына жаңы үнү менен кошулуп жаткан акын деп эсептеп, ага ыр аркылуу каалоосун билдирди.

“Балбан ыр жазган, балбан кыз,
Балбылдап ырда жанган кыз.
Баатырдык эмей эмине,
Бар акынды чалган кыз.
Эл аралык жарышта,
Баш байгени алган кыз".


Белгилүү акын Карбалас Бакиров да мурунку муундун калыптанып калган ыр дубалын, жаңы үн, жаштыктын курч деми, жаңы көз карашы менен жаңырта турган таланттуу кыз кыргыз акындарынын катарына кошулганын айтты.

Кыргыздын көп кырдуу таланттарынын бири Меңди Мамазаирова акын кыз Жазгүл Жамангулованын чыгармаларына төмөндөгүдөй баасын берди.

- Бул кыз тайманбаган, айтайын деген оюн чүмбөттөбөй түз айткан "эркек ырларды" жазат. Өзүнүн замандаштарынан айырмаланып, сүйүү-күйүү деп эле жаза бербей, коомдогу болуп жаткан окуя-кубулуштарга жүрөгү менен “дирт” этип реакция жасап, ошого өзүнүн оюн түз айтат. Бул деген чыныгы атуул катары калыптанып келаткан акындын позициясы болуп эсептелет.

Жазгүл Жамангулова 2008-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Мындан он эки жыл мурда жаш акындардын «Нурборбор» бирикмесинен таалим-тарбия алган. “Азаттык” үналгысында да кабарчы болуп иштеген. Анын жашоого, коомго, айлана-чөйрөгө болгон көз карашы ушул "Азаттыкта" иштеп жүргөндө калыптангандыгы тууралуу акын кыз буларга токтолду.

- Менин журналисттик кесибим поэзияма сөзсүз таасирин тийгизет. Себеби кечке журналистика менен алектенип, бирөөнүн жакшысын, бирөөнүн жаманын көрөсүң. Бирөө менен кайгырып кошо ыйлап, анын арыз-арманын тең бөлүшкөн учур көп болот. Жүрөгүңө ошол нерселер сиңип калат. Анан “Азаттыкта” радио материалдарды эфирге бергенден кийин, түн бир оокумга чейин отуруп, жүрөгүңдүн түпкүрүндөгү тынчтык бербеген сезимдер аркылуу ыр токуйм. Чындыгында көп ырларым мен “Азаттыкта” иштеп жүргөндө түнкүсүн жаралган ырлар.

Жазгүл Жамангулованын “Доор ыйлайт” деген ыр китеби эки жыл мурда басылып чыгып, окурмандардын кызыгуусун жараткан. Ал бир катар адабий конкурстарга катышып, Маданият министрлиги тарабынан өткөрүлгөн «Рухтун-100 долбоору» сынагында, жаш акындар арасынан I даражадагы диплом менен сыйланган. КМШ өлкөлөрүнүн жаш акындарынын арасында өткөрүлгөн «Шериктештиктердин дебюттары» эл аралык сыйлыгынын жеңүүчүсү.

2001-жылдан баштап жаштардын республикалык «Нурборбор» бирикмесинин, 2005-жылдан тарта «Калемгер» адабий клубунун жана 2009-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Өмүрлүк жолдошу - кыргызга төбөсү көрүнүп калган төкмө акын Аалы Туткучев. Аларды жакындан билгендер экөөнү жуп келишкен чыгармачыл үй-бүлө деп коюшат.
XS
SM
MD
LG