Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. 25-июнда СССРдин эл артисти, театр жана кино актеру Капар Медетбеков узакка созулган оорудан кийин 81 жаш курагында дүйнө салды.

1987-жыл. Жайдын толуп турган убагы. Москванын Кичи театрынын филиалында Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-драма театры маркум режиссер Алмаз Сарлыкбеков сахналаштырган Уильям Шекспирдин “Король Лир” спектаклин тартуулады. Мен да ошол спектаклде чабармандын ролун ойночумун.

Зал толтура москвалык көрөрмандар. Спектакль кыргыз тилинде жүрүп жатты. Алар Лирдин ролундагы Капар Медетбековдун ар бир сөзүнө, ар бир кыймылына, көз карашына дитин коюп, ушунчалык берилип, ынтаасын коюп отурушту.

Сахнада Лир-Капар Медетбеков куудай чачы желкесине түшкөн, бийлигинен, байлыгынан ажырап, эки кызынан куугунтук жеп, ак көңүлдүгүнүн азабын тартып, самсаалаган кийимчен, куудул-маскарапозун жетелеп: “Соккун шамал, аябай сок. Куюун кутур бороон боздоп, ырайымсыз тукумуңду кыр, изин жогот күлүн сапыр”,-деп оозунан шыркыраган жалын аралаш дем менен, жан дүйнөнү сестенткен монологун айтып жатканда көрүүчүлөр сахнадагы окуяга арбалып, демин ичине катып, айрымдары көз жашын тыя албай отурган.

Бул мезгил, бул роль улуу актер Капар Медетбековдун актердук чеберчиликтин туу чокусуна жеткен чеги эле. Ошондо ал 55 жашта болчу.

Анын жанында маскарапоздун ролун ойногон Табылды Актанов ал учурду эскерип, чындыгында театр өнөрүндө сейрек кездешүүчү улуу таланттан айрылганына арман кылып турду.

- Мен Капар аба менен жаш кыл мурут кезимден бирге иштештим. Канчалаган спектаклдерде бирге ойнодум. Ар бир спектаклдеги каарманынын кулк-мүнөзү бири-бирине окшобогон, өзүнчө кайталангыс образдар эле. Айрыкча Москвадагы гастролдо “Король Лирдин” жанындагы маскарапозду ойноп, бирге жүргөм. Ал кишинин кирпигинин ирмелгенинен тартып, дем алганынан бери сезип, көрүп турчумун. Ар бир картинада чыккан сайын окуяга жараша улам күчөп, укмуштуудай темпераментин, эмоциясын тим эле кадимки турмуштагыдай жашап, көрүүчүлөрдү да кадимкидей арбап алып, аларды да улам окуянын ыргагы менен жогору сүрөп отуруп, тээ чокусуна алып барып койгон.

Спектакль бүткөндө дем албай турушуп, бир кезде “ду-уу” дей түштү. Билбейм канчага чейин кол чабышты. Айтор биз кайра-кайра сахнага чыгып жүгүнүп атабыз. Москвалыктар кетпей, шатыратып кол чаап атышат. Эми бул киши жараткандын кыргызга берген улуу таланттарынын бири. Айла жок, Капар абамдын жаткан жери жайлуу болсун
.

Жогорку баага татыктуу болуп...

Ошол 1987-жылы Москвада нарындыктардын “Король Лир” спектакли коюлгандан кийин Советтер Союзундагы белгилүү театр сынчылары, “өзүнчө улуттук салты бар башкаларга окшобогон театр мектеби” деп, өтө жогору баасын беришкен.

Москвалык сынчы, искусство илимдерин доктору Елена Поляковаир, негизинен актердук корифейдин спектакли. Андай актер силерде бар экен, ал - Капар Медетбеков", - деген баасын берген. Мындай жогору даражага ошол кездеги союздун театрларынан саналуу эле артисттер татыктуу болгон.

Ушундай алп таланттын арабыздан кеткенине Эл артисти Сатыбалды Далбаев да кейип турду.

Капар Медетбеков "Айсулуунун талаасы" тасмасында

Капар Медетбеков "Айсулуунун талаасы" тасмасында

- Мына, дагы бир улуу кишибиз, улуу артистибиз Капардан айрылып отурабыз. Бул Капар бүт өмүрүн, чыгармачылык күчүн Нарын театрында өткөрдү. Касымалы Жантөшевдин Курманбегинен тартып, Шекспирдин Отелло, Макбет, Корол Лирине чейин не деген керемет образдарды жаратты. Чындыгында Капар сахнанын чебери эле. Эми эмне дейбиз... Топурагы торко болсун, жаткан жери жайлуу болсун. Артында калган байбичеси Калемкашка, уул-кызына, неберелерине Кудай өмүр берсин.

Капар Медетбеков тоолуу Нарын музыкалык-драм театрында 30 жылдан ашуун иштеп Т.Абдымомуновдун “Ашырбайында” Ашырбай, “Абийир кечирбейтте” Сейит, “Атабектин кызында” Атабек, “Борбашта” Мамыр, К.Жантөшевдин “Курманбегинде” Курманбек, “Чокмордо” Чокмор, Ж.Садыковдун “Жукеев-Пудовкинде” Жукеев, Ч.Айтматовдун “Бетме-бетинде” Ысмайыл, “Кызыл жоолук жалжалымда” Ильяс жана дүйнөлүк классикада “Эзопто” Эзоп, Шекспирдин “Отеллосунда” Отелло, “Винзордук ойсокелерде” Фальстаф, “Макбетте” Макбет, Гоголдун “Үйлөнүүсүндө” Живакин, “Текшерүүчүдө” шаар башчы, Островскийдин “Добулунда” Жапайы жана башка жүзгө чукул спектаклдерде кайталангыс ар кыл образдарды жаратып, жаш актерлорду тарбиялап, өзүнүн мектебин түзө алган.

Медетбеков “Айсулуунун талаасы”, “Каныбек”, “Кутум”, “Таштагы жылмаюу”, “Айдагы жезкемпир” жана башка он чакты тасмаларда тартылган.

Кубанычы, өкүнүчү

1993-жылы ден соолугуна байланыштуу жер которуп, Бишкекке келип, республикалык жаштар театрында иштеп калат. Өзүнүн айтымында, союз мезгилинде мамлекетик планды толтурабыз деп, Нарын театры менен жайы-кышы алты айлап гастролго чыгып, алыскы айылдардын маданиятын көтөрөбүз деп жүрүп саламаттыгына салакасы тийген.

Жаштар театрында иштеп турганда кан басымы жогорулап, инфаркт болуп, көп жылдар оорунун азабын тартты. Дарт жанын кыйнап турса да жашоону ушунчалык жакшы көрөөр эле. Бир жолу ал-акыбалын сурап, учурашканы барып калсам, мындай деди эле:

- Өмүр деген өмүр. Өмүр болсо, өнөр болот. Ден соолугуң жакшы болуп турса, телегейиң тегиз болуп турса, ошондо сенин чыгармачылыгың өсөт. Элге сахна аркылуу ырахат тартуулап, аз да болсо көр-тирликтен убактылуу арылтып турсаң ошол жыргал да. Мен Нарын театрында көп жыл иштедим. Мага жаштар абдан жардам беришти. Ынтымакта иштедик. “Ынтымак бар жерде, ырыс бар” деп бекер айтпайт. Театрда бардыгы сыйлап, “Капар аба, Капар аке” деп турушчу. Мен аларга, театрга ыраазымын.

Москва. Кичи театрдагы Кыргызстандын Нарын дубандык музыкалык драма театрынын декадасынын ачылышы.

Москва. Кичи театрдагы Кыргызстандын Нарын дубандык музыкалык драма театрынын декадасынын ачылышы.

Капар аба замандын, коомдун тетири жакка өзгөргөнүнө, ыймандын кеткенине, бөлүнүп-жарылууга, алдым-жутумдардын күчөгөнүнө абдан капа болуп, мамлекет маданиятка көңүл бурбай калганына өтө өкүнгөн болчу.

Капар Медетбеков Советтер союзу тарай турган маалда белгилүү ырчы Алла Пугачева, Будулайдын ролун ойногон актер Михай Волнтир менен акыркылардан болуп, М.Горбачёвдун эң соңку жарлыгы менен СССРдин эл артисти деген эң жогорку даражадагы наамга татыктуу болгон.

Медетбеков 1931-жылы 11-декабрда Талас облусунун, Кара-Буура районундагы Шекер айылында жарык дүйнөгө келген. Балалык кези замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен бирге өткөн. Ал орто мектепти аяктагандан кийин Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы сүрөт жана театр институтунда билим алат.

1954-жылы окууну аяктап Жалал-Абаддагы шаардык театрдан чыгармачылык чыйырын баштайт. 1962-жылы Нарын музыкалык-драма театрына которулат. Эмгек эс алуусуна чыккандан кийин 1993-жылы Бишкектеги республикалык жаштар театрында иштеп, ооруп калганга чейин чыгармачылыгын уланткан.

Эл артистин акыркы сапарга узатуу тажыясы Бишкектеги үйүндө өткөрүлүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG