Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:31

Кыдыралиев: Танабайга окшошуп кетем


Кыргызстандын эмгек синирген артисти, "Кожожаш" тасмасында Кожожаштын, кийин казак режиссеру тарткан “Кош бол, Гүлсаратта” Танабайды ойногон белгилүү актер Доктурбек Кыдыралиев азыркы кыргыз киносунун абалы, өзүнүн чыгармачылыгы, пландары туурасында ой бөлүштү.

“Азаттык”: Кыргызстанда көп көрүнбөйсүз. Көп учурда Казакстанда кинолордо башкы ролдордо тартылып жүрөсүз. Азыр эмне менен алексиз? Кандай жаңылыктарыңыз бар?

Доктурбек Кыдыралиев: Казакстанда 16 кинодо ойнодум. Анын беш-алтоондо башкы, калгандарында деле жакшы ролдордо ойнодум.

Казакстанда эмгегим абдан көп болуп калды, казак эли мени тааныйыт. Мени айтканда эле билбесе, көптөрү казак деп ойлошот.

Кино тармагында 1983-жылдан бери иштеп келатам. Режиссер катары тасма тартсам деген оюм бар. Касым Исмаилов деген досум бар. Учурда анын ойлорун, өзүмдүкүн кошуп, экөөбүз эки сценарий жаздык.

Кыргыз эли көбүрөөк аракка берилип кетти, аялы-эркеги деле көчөдө жатып калды. Кино аркылуу ушуну чагылдырып берсем дейм.

Экинчиси - легенда сыяктуу. Мен кыргыздын тарыхын жакшы билем. Ошолордон, атамдын айткандарын кошуп бир сценарий жаздым.

“Азаттык”: Кыргызстанга салыштырмалуу Казакстан кино тармагына жакшыраак көңүл буруп жатпайбы. Актерлорго да жакшы төлөп берсе керек?

Доктурбек Кыдыралиев: Бир жагынан балким ошондой. Экинчиден, көп режиссерлор менин канчалык деңгээлде ойной ала турганымды билишет.

Мен ойногон кинолордун көбү Торонтодон, Москвадан, Берлинден жакшы байгелерди алышты.

Экинчи жагынан, чынын айтыш керек, бул жакта андай тыйын төлөшпөйт. Казакстанда өз актерлоруна салыштырмалуу бизге төмөнүрөөк төлөйт, ошентсе да бир кино менен бир жылдык каражатты таап алабыз.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

XS
SM
MD
LG