Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Маданиятта чек ара болбойт


Атай Өмүрзаков жаңы сунуштарга камданууда. Куурчак театрына келген жаш көрүүчүлөрдүн агымы көбөйүүдө. Кыргызстандык жаш сүрөтчү Шабданбек Тагаев Жапониядан сыйлык алды.

Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков жыл сайын Бээжинде өтүүчү “Элдик Оскар-2013” конкурсунда жеңип алган 11 миң доллар акчалай байгесин өзүнүн "Адэм" бий тобун өнүктүрүүгө сарптаарын билдирди.

Акчалай сыйлыкты Өмүрзаковго конкурстун уюштуруучулары жаңы жыл алдында тапшырган. Бул жеңиш Атайга эл аралык уюмдар менен жаңы келишимдерди түзүүгө, сунуштарга жол ачты. Бул тууралуу бийчинин менеджери Дамира Калыкова билдирди.

Муса Жангазиев атындагы кыргыз мамлекеттик куурчак театрында "Куурчактар өлкөсүнө саякат" деген жаңы жылдык шоу уланууда. Шипучка аттуу жылан өзүнүн падышачылыгынын соңунда Куурчактар өлкөсүнө саякат жасоого, балдарды ал жактан Дон аттуу кирпи, Буб деген аюу, Иго-Го деген кулун жана Аяз кыз менен Аяз ата күтүп жатканын айтып чакырат. "Анын баарын жагымдуу музыка, ыр, бий жана Аяз атанын чачыласы коштоодо", - дейт Элеонора Турдубекова:

- Аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарын социалдык жактан коргоо уюмдары алып келүүдө. Балдар оюн-зоокту сүйүнүч менен кабыл алып жатышат. Жылдан жылга быйыл театрга келген балдар көбөйүүдө.

Шабдандын жолборсу Жапонияда

Жаңы жыл алдында Бишкекте кыргызстандык 12 жаштагы сүрөтчү Шабданбек Тагаев Токиодо өткөн айлана чөйрөнү коргоо боюнча балдар сүрөттөрүнүн 14-эл аралык конкурсунда "Эң мыкты эл аралык сүрөт" номинациясынын сыйлыгына ээ болгон. Ага төш белги менен кошо конкурста жеңген сүрөтүнүн алкакталган көчүрмөсү белекке берилди.

Эл аралык конкурска дүйнөнүн 77 өлкөсүнөн 16 миң 409 бала катышкан. Шабдандын эмгеги эң мыкты деген элүү сүрөттүн катарына кошулду. Анда ак карлуу тоонун арасындагы жолборс тартылган. Бул конкурска Кыргызстандан бардыгы болуп 23 бала катышкан.

Маданий күндөргө даярдык

Кыргызстандын 2014-жылы Орусияда өтө турган маданият күндөрү ушул жылдын май айына белгиленүүдө. Аны Санкт-Петербургдун Таврикалык ак сарайында КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы менен Жогорку Кеңеш биргелешип өткөрөт.

Ушундай эле маданият күндөрү Орусиянын Свердловск облусунда өтөрү белгиленүүдө. Ал маданият министри Султан Раев менен Свердлов облусунун маданият министри Павел Крековдун жетекчилиги астында өтмөкчү. Аларды жер-жерлердеги кыргыз диаспоралары да улап кетишмекчи. Өткөн 2013-жылы мындай маданият күндөрү Ярослав, Самара, Тюмень облустарында өткөн.

2014-жылы Орусиянын түрдүү багыттагы мыкты музейлеринин тандамал көчмө көргөзмөлөрү Кыргызстанга да келгени турат. Алар орус маданиятынын, адабиятынын, элинин, жеринин, дининин, бүгүнкү мамлекетинин тарыхын камтыган алтымыштай түрдүү көргөзмөлөр экенин Орус маданияты менен илими борборунан билдиришти.

Дассендин үнү жаңырды

Атактуу француз ырчысы, шансон жанрынын падышасы Жо Дассендин уулу Жонатан Дассен жаңы жылды Бишкекте жаңы альбомунун бет ачары менен тоскон:

- Мен кыргызстандыктарды өзүмдүн музыкам менен тааныштыргым келет. Кыргызстан мен жаңы альбомум менен тааныштыргым келген Франциядан кийинки эле экинчи мамлекет. Бул жакка келүү мен үчүн абдан жагымдуу жана күтүүсүз окуя болду.

Дассенди Бишкекке продюсери Дон Керри алып келген. Көрсө ал Францияда жүрүп бир фильмди көрүптүр. Ал тасма бир француз кыргыз жеринде жашап, кыргыздарга француз маданиятын таанытып жүргөнү жөнүндө экен. Ошондо ага белгилүү ырчы Жонатан Дассенди Бишкекке алып келүү ою пайда болот. Дон Керринин кийинки планында Патрисия Каасты Бишкекке алып келип концерт коюу жана аны Жонатан менен бирге ырдатуу максаты барын айтат.

Европада белгилүү Premium music агенсттигинин продюсери Дон Керри Борбор Азияга да анын бөлүмүн ачкысы келээрин билдирген.
XS
SM
MD
LG