Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:05

Кыргыз маданияты үчүн күйчү эле...


Санарбек Карымшаков жубайы менен. Сүрөт үй-бүлөлүк архивден алынды

Санарбек Карымшаков жубайы менен. Сүрөт үй-бүлөлүк архивден алынды

Кыргыз адабият тармагы оор жоготууга учурады. Филология илимдеринин кандидаты, профессор Санарбек Карымшаков 25-июлда мезгилсиз дүйнө салды.

Адабиятчы, сынчы, котормочу, окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты, профессор Санарбек Карымшаков 25-июлда 74 жаш курагында күтүүсүздөн каза болду. Ал көз жумгандан соң беш сааттан кийин жубайы Роза эже да дүйнө салды. Көрсө Роза эже онкологиялык илдетке чалдыгып, март айынан бери догдурлардын көзөмөлүндө, үйүндө Санарбек аганын кароосунда болуптур.

Жубайлардын сөөгү 26-июлда Байтик айылындагы көрүстөнгө берилди. Санарбек агайдын улуу кызы Чолпон бир күндө атасынан да, апасынан да ажырап калганына арман кылып, кайгыдан кабыргасы кайышып турду. Анын айтымында, Санарбек агайдын саламаттыгы жакшы эле болчу.

- Март айынан бери апам дарыланып аткан. Бул оору ушундай экен - бир айдын ичинде эле күчөп кетти. Атам болсо жакшы эле жүргөн. Ден соолугуна даттанган эмес. Апамдын ооруганына эле санааркап жүргөн. Апам 24-июлда кечинде комага түшүп, эс учун жоготуп койду. Атам апамдын жанында болду. Эртең менен "бир аз эс алып алайын" деп диванга жаткан. Саат 10дордо чайга тургузсак ойгонгон жок. Жүрөгү токтоп калыптыр. Апам болсо күндүзгү саат үчтө каза болду. Ошентип бир күндө экөө о дүйнөгө кете берди.

Санарбек Карымшаков жубайы менен

Санарбек Карымшаков жубайы менен

Кайгыдан көз жашы кургабай турган Чолпон ата-энесинин өзүнүн балдарына эле эмес, жакын туугандарына, окуткан окуучуларына да абдан күйүмдүү болушканын айтып, Санарбек ага менен Роза эженин бири-бирине өтө ысык мамиледе болушканын белгиледи.

- Атам менен апам аябай жумшак, бизди тарбиялаганда мээримин төгүп, акыл-насаатын айтып турушчу. Экөө тең педагог болчу. Бизге улууну сыйлаганды, кичүүнү ызаттаганды үйрөтүп, мени кыз катары апам үй-бүлөгө кандай мамиле кылуу керектигин айтып, жакшы тарбия берди. Атам менен апам бири-бирин аябай сыйлачу. Бири-бирине мээримин төгүп, бири-бирисиз жашай албачудай болушчу. Бири-бирин абдан жакшы көргөнүнөн улам да экөө бир күндө тиги дүйнөгө кете бердиби деп ойлойм.

Санарбек агайдын улуу кызы Чолпон финансист, Транспорт жана байланыш министрлигинде эмгектенет. Уулу Алишер болсо Базарлар ассоциациясынын директорунун орун басары, экинчи уулу Эрмек экономист.

Адабий сынга салым кошкон

Санарбек агай үйдө мээримдүү ата болсо, иште өз кесибинин мыктысы, кыргыз адабиятына опол-тоодой эмгек сиңирген инсандардын бири болгонун айтат шакирти, филология илимдеринин доктору Советбек Байгазиев.

- Адабий сынга, адабият таануу илимине зор салым кошту. Адабияттын профессионалдык деңгээлге чыгышына, 70-80-жылдары, андан кийин дагы салмактуу салымдарын кошкон. Адабияттын проблемалары боюнча монографияларды чыгарды. Белгилүү жазуучулардын портретин тартты. Айтылуу адабиятчы, окумуштуу Качкынбай Артыкбаев жөнүндө монография жазды. Советтер Союзу кезинде адабий сынга артыкча маани берилчү. Ошол жылдары Салижан Жигитов, Камбаралы Бобулов, Муктар Борбугулов, Кеңешбек Асаналиевдин катарында эмгектенип, алдыңкы сапта жүрдү. Адабий процесстин өнүгүшүнө, адабияттын оң-терс жактарын баалап-талдоодо өзүнүн мыкты чебер экендигин көргөзгөн.

Санарбек Карымшаков жаш илимий кадрларды даярдоодо дагы зор салым кошкондугун белгилеп кеткенибиз жөндүү. Анын шакирттеринин бир тобу филология илимдеринин кандидаты, доктору болушуп, учурда кыргыз адабияты эле эмес, маданиятынын, тарыхынын, деги эле коомунун өнүгүшүнө олуттуу салымын кошуп келишүүдө.

Санарбек Карымшаков менен мен “Азаттык” үналгысында 1998-2000-жылдары бирге иштешип калдым. Агай оор басырыктуу, өтө жөнөкөй, карапайым адам эле. Ошол кездерде бийлик тарабынан кыргыз тилине, адабиятына, тарыхына кош көңүл мамиле болуп жатканына күйүп-бышып, массалык маалымат каражаттары аркылуу бир нече макалаларды жазып, коомчулуктун көңүлүн бурдурганга аракет кылчу.

Монголияга комузду тааныткан

2011-жылы мен "Шырылдаң" деген берүү уюштуруп, анда белгилүү инсандардын бизге белгисиз таланттарын ачып берүүгө аракет кылган элем. Ошондо Санарбек агайдын дагы өнөргө шыктуу экенин угуп, аны менен интервью уюштурганымда, ал комузун колуна алып, элдик күү “Шыңгырама” менен “Айдыраалынын көйрөң күүсүн” ийнине жеткире аткарып берген болчу.

Көрсө Санарбек агай 1959-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетте окуп жүргөндө эле окуу жайдын комузчулар ансамбли менен Москвадагы Кремлдин съезддер залында бир нече жолу концерт беришип, бир ай Монголияда кыргыздын комузун таанытып келгендердин бири болуптур. Ал комузду кандай жагдайда үйрөнгөнү тууралуу буларды айтып берген:

- Жумгал районуна караштуу Жаңы-Арык деген айылдын (мурда аны Базартурук деп койчу) ар бир үйүндө комуз илинип турчу. Ар бир үйдө комуз черткен киши болоор эле. Эсимде, биздин айылда Усубаалы деген аксакал бар болчу. Эми ойлосом ошол атабыз абдан чоң талант экен. Себеби ал колунан көөрү төгүлгөн уста, комуздан баштап боз үйдү да жасачу. Бүркүт, куш таптаган мүнүшкөр, көзгө атар мерген болчу. Анан дагы Асанбек Базаров деген атабыз бар эле. Ал дагы чоң комузчу болчу. Анан кадимки “Комузум” деген ырдын автору Сатар Жумаев деген атабыз 30-жылдан баштап Жумгал райондук театрында иштеген. Мен мына ушундай таланттуу адамдардан комузду үйрөнгөм.

Тагдырдын тамашасын карасаңыз, ошондо Санарбек агайдан интервью алып, сыртка чыкканда, ал мага өмүрлүк жубайы Роза эжени жанынан артык көрөрүн айтып, улам жаш өйдөлөгөн сайын күнүмдүк жашоодон ырахат алып, Жараткандан балдарынын амандыгын тилеп, узун өмүр жаш беришин, байбичесинин алдында алып кетүүсүн тилек кыларын билдирген болчу. Минтип экөө бир күнү көз жумуп, сөөгү бир күнү коюларын анда ким ойлоптур...

Адабиятчы, сынчы, котормочу, окумуштуу, комузчу Санарбек Карымшаков Жумгал районунун Жаңы-Арык айылында 1941-жылы 20-октябрда туулган.

1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, Кыргыз Мамлекеттик телерадиосунун музыкалык редакциясында, «Кыргызстан маданияты» гезитинде, Улуттук илимдер академиясында, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жана Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде профессор болуп эмгектенген. Ал 2000-жылдары “Азаттык” үналгысы менен кызматташып, адабият жана илим, билим жаатындагы көйгөйлүү маселелерди козгогон макалаларды байма-бай берип турган.

Санарбек Карымшаков адабият жана эстетика маселелери боюнча 300гө жакын макаланын, “Турмуш саптары”, "Толкундар арасында", "Көркөм образдардын табияты", "Көркөм сөз күчү", "Азыркы кыргыз адабиятындагы социалдык проблемалар" аттуу адабий сын жыйнактарынын, “Качкынбай Артыкбаевдин илимий-сынчылык ишмердиги” монографиясын, “Сын дүйнө жана көркөм нарк” деген окуу куралын, «Кызарып баткан күн» пьесасын жазган. Ал ошондой эле А.П.Чеховдун «Алчалуу бак», пьесасын, С.Цвейгдин «Магеллан» тарыхый романын, К.Симоновдун, Л.Кассилдин, аргентин жазуучусу Л.Юнкенин, эстон жазуучусу X.Пукктун, өзбек жазуучусу У.Умарбековдун ж.б. аңгемелерин жана көптөгөн илимий макалалар менен тасмаларды которгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG