Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Үч жылдан кийин жан кирген театр


Жаңыланган театр көшөгөсүн "Курманжан датка" спектакли менен ачты, 18-октябрь.
Жаңыланган театр көшөгөсүн "Курманжан датка" спектакли менен ачты, 18-октябрь.

Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук кыргыз драма театры үч жарым жылдан берки оңдоп-түзөө иштеринен кийин 85-сезонун ачты.

Үч жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турган Кыргыз драма театры жаңы көшөгөсүн “Курманжан датка” спектакли менен ачты.

Театрга кире бергенде жаңы сырдын илеби келип, буттун алдына узун килемчелер төшөлүп, майрамдагыдай маанай жаратат. Театрдын кызматкерлери да жүзүнөн жылмайуу кетпей, мейман тосуп жатышкандай мамиле кылып, келген кишилерди жылуу кабыл алып жатышты.

Көрүүчүлөр залы мурда агыш түстө болсо, эми кочкул-кызгылтым түскө бойолуп, жумшак жаңы отургучтар коюлуптур. Чоң кызыл көшөгө да жаңыртылган экен. Сахна тараптан жыгачтын жыты келет.

"Курманжан датка" спектаклинен бир көрүнүш.
"Курманжан датка" спектаклинен бир көрүнүш.
Көрүүчүлөр менен кошо президент да залга киргенден кийин театрдын директору Марат Алышпаев үч жарым жылдан кийин көрүүчүлөргө эшик ачылып жатканын белгилеп, сөздү маданият жана маалымат министри Нурлан Шакиевге берди:

- Президент Роза Отунбаева театрды оңдоп-түзөө иштерин өз көзөмөлүнө алып, президенттик резервдик кордон 8 миллион сом акча каражатын бөлүп берди. Мына ошол жетпей жаткан каражатты толуктап, ушинтип жаркыраган имаратка ээ болуп отурабыз.

Министр өз сөзүндө ар түрдүү себептер менен театрдын оңдоп-түзөө иштери узакка созулуп кеткенин айтып, жаңыртылган сахнада элдин табитине төп келе турган спектаклдер коюларына ишеним артарын билдирди.

Президент Роза Отунбаева болсо өз сөзүндө буларды айтты:

- Кыргыз драма театры тез эле ачылсын деп баарыбыз тызылдадык. Жаныбыздагы орус драма театры жаркырап күйүп, күнүгө иштеп жатат. Эки сахнасы бар. Күнүгө спектаклдерди коюп, моданын сынактарын өткөрүп, башка театрларды кабыл алып, ижарага берип, жакшы иштеп атышат. Ал эми бул театрыбыз “кара жашиктей” болуп иштебей турат. Үч жарым жылдан бери ыңкылап да болуп жатат. Театрдын ичинде көп чатактар да болуп кетиптир. Биз ичи-тышын тазалайлы деп ремонттон өткөрүп, өкмөт 26,5 миллион сомду жумшады.

Ошентип театр жаңы көшөгөсүн жазуучу Төлөгөн Касымбеков менен Көчкөн Сактановдун калемине таандык “Курманжан датка” спектакли менен ачты.

Курманжан датка спектаклин режиссер Бообек Ибраев менен Замир Сооронбаев койгон, сүрөтчүсү Марат Шарафидинов. Башкы каарман Алымбек датканы Эл артисти Асангул Осмонов ойносо, Курманжан датканын образын Эл артисти Гүлайым Каныметова жараткан.

"Курманжан датка" спектаклинен көрүнүш.
"Курманжан датка" спектаклинен көрүнүш.
Жаңы оңдолгон театр анда иштеген чыгармачылык жамаат түгүл, катардагы көрүүчүлөрдүн да купулуна толду. Бишкек шаарынын тургуну Асылбек Бегалиев атайын эрте келип, театрдын ичин бир сыйра кыдырып чыкканын айтты.

- Мага театрдын ичи абдан жакты. Атайын эрте келип, шашпай бүт баарын кыдырып чыктым. Бардыгы колдон келишинче оңдолуптур. Албетте мында да жакшы кылса болот эле. Бирок оңдоп-түзөө иштери өтө созулуп кетти. Эми кеч болсо да театрдын ачылганы жакшы болду.

Театрдын ачылышына келген көрүүчүлөр спектаклден кийин таза, жарык залды айланчыктап кыйлага кетпей жүрүштү.

Чыгармачылык жамаат болсо көптөн күткөн сагынып калган көрөрмандарын көрүшүп, жаш баладай сүйүнүшүп, бири-бирин куттукташып, көздөрүнөн кубанычтын нуру чачырап турду.

Улуттук кыргыз драма театры 85-сезонунда белгилүү драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” эпикалык спектаклин, Бексултан Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”, Антон Чеховдун “Сунуш” жана “Маараке” аттуу пьесалары боюнча коюлган оюнду, польшалык драматург Ян Теттердин “Дубал”, казак драматургу Раимжан Оторбаевдин “Тагдыр” пьесасы боюнча коюлган спектаклдерди тартуулашат.
XS
SM
MD
LG