Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:37

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 48 аял төрөттөн көз жумду. Коомчулук буга дарыгерлердин шалаакылыгы, ал эми ак халатчандар ден соолукка кайдыгерликтин кесепети катары баа беришет.

Өкмөт былтыркыга салыштырмалуу энелердин өлүмү 30 пайызга азайганын айтканы менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстанды төрөттөн ажал тапкан келиндер көп катталган өлкөлөрдүн тизмесинен түшүрбөй келүүдө.

Света...

Света Дауталиева Бишкек шаарында жашачу. Быйыл 9-июнда, 39 жаш курагында төрөттөн каза болду. Курсактагы баласына 17 апта болуп калганда ден соолугу начарлап, 2-июнда Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барган. Бир апта ажал менен алышып, тилекке каршы өзү да, боюндагы бала да жарык менен кош айтышты. Светанын артында алты жаштагы уулу апалап боздоп кала берди... Эжеси Анара сиңдисинин мезгилсиз өлүмүнөн дагы эле өзүнө келе элек:

- Мына беш ай болду. Сиңдибиз Света жок. Аны эки күндө эле жоготуп алдык. Бир туугандан ажыраган жаман экен. Күндүз жумуш менен алаксып, билинбейт. Кечинде аалам тарыгансыйт. Той-топурга барсам, жүрөгүм ооруйт. Эмне үчүн Света? Эмне үчүн мен эмес?

Миргүл...

Дагы бир каарманыбыз – Миргүл Жумалиева. Бир жыл мурун, 39 жашында төрөтканада көз жумган. Нарындын Ак-Кыя айылында жашачу. Артында алты баласы жетим калды. Жолдошу Белек Садыбакас уулу ал күндү мындайча эскерет:

- Аялың өлдү деп айтканын укканда, жакшы ниет менен, жакшы кабар күтүп турганым үчүн нес болуп калдым. Оюма заматта ар нерсе келди...

Миргүлдүн өмүрү кыйылган каргашалуу окуя 2014-жылдын 17-апрелинде болгон. Өлөрдөн бир күн мурун алты айлык кош бойлуу келин ден соолугу начарлап, Нарындагы облустук төрөтканага барган. Анын саламаттыгын текшерген дарыгерлер курсактагы бала чарчап калганын айтышкан. Бирок ымыркайды операция жолу менен алып салбай, аял өзү төрөгөнү оң деп корутунду чыгарышкан. Миргүл алты саат азап чегип, акыры эс-учун жоготкондо гана операцияга алып киришкен.

- Мен Саламаттыкты сактоо министрлигине чейин бардым. Атайын эрежелерди карадым. Эреже боюнча, аялдын ичиндеги баласы чарчап калганы аныкталса, 30 мүнөт ичинде операция жасап, алып салыш керек экен. Дарыгерлер чогулуп, кеңешме өткөрүшү керек эле. Менин аялым түнкү саат 11-12лерде кыйналып баштаса деле таң атканча, алты саат карабай коюп атышпайбы... Ушуга нааразы болуп жатам.,- деп кейиген Белек жубайынын өлүмүнө ошол күнкү дарыгер Барчынай Темированын шалаакылыгы себеп болду деп эсептейт. Андан бери күч органдарына кайрылып, дарыгерди жоопко тартуу талабынан майнап чыккан жок. Иш Жогорку Сотко чейин жеткен. Сот дарыгерди күнөөлүү деп тапканы менен окуянын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу камак же башка жазадан бошотулган. Андан бери Барчынай Темированын кызмат даражасы өсүп, иштеп жүргөнүнө маркумдун жакындары нааразы. Жашы 80ден ашкан кайненеси Осуйпа эненин андан бери ыйлабаган күнү жок:

- Өкмөткө арызданып жатып, барбаган жерибиз калбады. Бир жыл өткөндөн кийин дарыгерди куткарып коюшту. Балдарымдын кээде кири жуулбай калат, кыздарымдын чачы өрүлбөй калат... Же мен эптей албайм.

Күнөө кимде?

Дүйнөлүк саламаттыкты уюмунун эсебинде Кыргызстан эне өлүмү көп катталган мамлекеттердин тизмесинен түшпөй келүүдө. Өткөн жылы 66 аял төрөттөн өлсө, быйыл жыл башынан бери 48 зайып жарык менен кош айтышты. Саламаттыкты сактоо министрлиги эне өлүмү былтыркыга салыштырмалуу 30 пайызга кыскарганын белгилейт. Ага карабай, дарыгерлер маселеге олуттуу көңүл бурулбаса, абал мындан да начарлашы мүмкүн экенин эскертишет.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев көйгөйдүн себептерине мындайча токтолду:

- Мен Совет доорунда чоңойдум. Ал кезде ден соолукка арналган телеберүүлөр болор эле. Элге жеткиликтүү тилде маселе көтөрүлүп, адамдар телевзиор көрө турган маалда эфирге берилчү. Азыр болсо, маанилүү маселени адамдарга жеткирүү үчүн телевидениеге акча төлөш керек. Ага биздин каражатабыз жок. Карап көрсөк, баарыбыздын милдетибиз бир. Ошол эле телевидениеде иштегендердин да милдети...

Дарыгерлердин изилдөөсүнө ылайык, төрөт учурунда каза болгон аялдардын көбү кан кетүүдөн жантаслим болот. Андан сырткары, инфекциялык же өнөкөт оорусу бар аялдарда да кош бойлуу кезде, төрөт учурунда өлүмгө дуушар болуу ыктымалдыгы жогору.

Серепчилердин баамында, эне өлүмүн азайтууга жогорку бийлик даражасында кам көрүүгө жетишерлик көңүл бурулбай келүүдө. Мурдагы вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп чыккан жайы бар. Бирок андан ары кандай кадамдар болгону коомчулукка маалым эмес...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG