Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Өнүктүрүү корун түзүү боюнча келишимге Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрү кол койду. Орусия Федерациясы Кыргызстанга 1 миллиард доллар узак мөөнөттүк насыя жана "жол картасын" ишке ашыруу үчүн 200 миллион доллар грант берүүнү убада кылды. Экономика министри Темир Сариев "Азаттыкка" курган маегинде жаңы макулдашуунун шарттарын түшүндүрдү.

Темир Сариев: Орусиянын Экономика министрлиги менен Кыргызстандын Экономика министрлиги атайын келишимге кол койдук. Ага ылайык Москва биздин экономиканы Бажы биримдигинин талабына шайкеш келтирүү иретинде финансалык жардам берет. Ал үчүн 500 млн. долларлык Өнүктүрүү фонду түзүлөт. Ага кошумча дагы 500 млн. долларлык финансылык булактар ачылат. Жалпысынан ошондо бир млрд. доллар болот. Бул биздин экономикага, биздин ишкерлерге түз жардам көрсөтүү жана ишкерлерге узак мөөнөттүү арзан кредит берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Анын ичинде ошол курулуш жаатында ипотекалык кредит берүү каралууда. Өзгөчө жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө көңүл бурулат.

Кыргызстандын тарыхында бир миллиард доллар көлөмүндөгү Өнүктүрүү фонду биринчи жолу түзүлдү. Мындан башка 200 млн. доллар грант “жол картасын” ишке киргизүүгө берилет. Ал негизинен Бажы биримдигине кире турган стандарттарды шайкеш келтирүүгө багытталат. Ошонун ичинде эң негизгиси чек араларды бекемдөөгө, чек ара постторун курууга жумшалат. Биз “жол картасында” көрсөтүлгөн 55 млн. долларды ошол тармакка пландаганбыз.

"Азаттык": Өнүктүрүү коруна келчү бир млрд. доллар насыяны Кыргызстан качан кайтарып берет, жол-жобосу кандай?

Темир Сариев: Жалпы каражаттын 200 млн. доллары кайтарылгыс грант. Ал эми бир миллиард доллар мөөнөтсүз Өнүктүрүү фондуна берилгендиктен, фонд канча турса, ал каражат да ошончо иштейт. Биз аны эл аралык өнүктүрүү институттарынын шарттарына ылайык алдык. Дүйнөлүк Банк, Азия өнүктүрүү банктарынын шарттарына окшош. 0.75% үстөк менен 7-10 жылдык тыныгуудан кийин 20 жылдан 40 жылга чейинки мөөнөт менен берилет. Биз ишкерлерге 5, 10, 15 жылдык кредиттерди бергенге мүмкүнчүлүк болот. Бул жагынан алганда негизинен өндүрүш тармагындагы ишкерлерге абдан жакшы шарттар түзүлчүдөй.

"Азаттык": Бажы биримдигине киргенден кийин жабыр тартат, же токтоп калат деген тармактарды реструктуризациялоо, жаңы шартка ылайыкташтырчу механизмдер каралганбы?

Темир Сариев: Бажы биримдигине киргенде биз үчүн абдан чоң базар ачылат. Биз өндүрүштү өнүктүрүп, экспорттук мүмкүнчүлүгүбүздү, кубаттуулугубузду жогорулатабыз. Бул программа мына ушуга багытталган.

"Азаттык": 200 млн. доллар "жол картаны” ишке киргизүү үчүн жетиштүү каражатпы? Аны канча мөөнөттө ишке ашырса болот?

Темир Сариев: Бир млрд. доллар эки жыл ичинде бизге уставдык капитал болот деп жаздык. Ал эми “жол картасын” биз абдан кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашыруубуз керек. Ушул жылдын аягына чейин мыйзамдык, укуктук базаларды Бажы биримдигинин талабына шайкеш келтирүүбүз зарыл. Астыбызда абдан чоң иш-чаралар турат. Биз ошолордун үстүндө иштешибиз керек.

"Азаттык": Астанада президент Атамбаевдин “2015-жылды Кыргызстан Бажы биримдигинин аймагында тосууга ниеттенет" деп айтканы реалдуу билдирүү турбайбы?

Темир Сариев: Биз ошого аракет кылышыбыз керек, Астанадагы жолугушууда ушул багыттагы сөздөр айтылды. Азыр Бажы биримдигине кирүүнү саясатташтырып, ар түрдүү божомолдорду айтып жатышат. Негизинен бул Кыргызстандын өзүнө керек. Анткени биздин чоң кошуналар Орусия менен Казакстан Бажы биримдигин түзүп, анан дагы алдыга кетип, Беларус менен биргеликте Евразия экономикалык биримдигине кол коюшту. Алар өзүнүн интеграциялык иш-аракетин мындан дагы өрчүтүп жатышат. Ал биримдиктин ичинде товар, капитал, кызмат көрсөтүү, жумушчу күч бирдиктүү болот. Эгер биз кирбей койсок, өзүбүздүн жарандарга абдан ыңгайсыз шарт түзүп койгон болобуз. Бул биз үчүн керек. Ошондой эле Орусия дагы, Казакстан дагы бизге салыштырмалуу экономикалык жактан кубаттуу, техникалык, инновациялык, өндүрүш жагынан бир топ алдыга кетип калган мамлекеттер. Биз соода-сатык менен жашап келебиз, бирок өндүрүш унутта калып, абдан жапа чеккен. Бажы биримдигине кирүү алардын стандартына кирүү дегенди түшүндүрөт. Биздин өндүрүштүк кубатыбызды көтөрүү дегенди билдирет.

"Азаттык": Темир мырза, макулдашылган каражат Кыргызстанга качан берилет?

Темир Сариев: Бир млрд. доллар эки жыл ичинде: биринчи жылы 500 млн. доллар, экинчи жылы 500 млн. доллар келиши керек. Ал эми 200 млн. доллар бул чукул арада бөлүнүүчү акча.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG