Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:15
Эгер сен бир нерсени кааласаң, бүтүндөй Аалам ал каалооңду аткарууга жардамчы болот.
Пауло Коэльо

Вашингтон. Августтун чайыттай ачык күндөрүнөн. АКШнын жүз миңдеген жарандары Линкольндун мемориалынын алдына чогулган. Себеби, бүгүн өзгөчө күн – Вашингтонго карай жөө жүрүш учурунда Мартин Лютер Кинг өзүнүн белгилүү сөзүн сүйлөп жатат. Аны алды жагынан Американын 300 миң чакты жараны жана артынан улуу Линкольндун айкели тыңдап турат...

Адамзат өзүнүн тарыхында көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Улуттук дискриминациялар, расизм, согуш, кыргын ж.б. Адамдар, пайда болгондон бүгүнкү күнгө чейин бир эле нерсени самап келет. Ал – адилеттүүлүк. Адилеттүүлүк майданында канчалаган эр-азаматтар, интеллигенттер курман болгон жана өз жандарын кыйган. Мына бүгүн ошол азаматтардын бири, тарыхтагы улуу инсандардын көч башында турган Мартин Лютер Кингди эскерип отурабыз.

Мартин Лютер Кинг өз мамлекетинин мыкты жараны. Себеби ал өлкөсүнүн кең келечеги үчүн өз жанын да аяган жок. Жаш жана жүрөгү толкуп турган убагында окко учуп кете берди. Бирок өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет. Лютер Кингдин жасаган иштери улантылып, күндөн күнгө өсүп, тиккен дарагы зор тамыр жайып, өз көлөкөсүнө дүйнөдөгү миллиондогон адамдарды батырып, калкалап келет.

Адам өзүн адам сезгенде гана адам болот. Эч бир мыйзам адамзатты толук адилеттүү жашоого алып келе албайт. Ал мыйзамдар калктын аң-сезимине сиңгенде гана жыйынтык чыгат. Мисалы, 1865-жылы 31-январда Америка Кошмо Штаттарынын XVI президенти Авраам Линкольндун сунушу менен Конституцияга “Кулчулукту тыюу туурасында” өзгөртүү киргизилген. Бирок бул Конституциядагы өзгөртүү Американын ак түстүү жарандарынын кара денелүү жарандарга болгон мамилесин кескин өзгөрттү деп айтуу чындыкка дал келбегенин баарыбыз жакшы билебиз. Ал мыйзамдан бир кылым өткөн соң да Американын кара түстүү жарандары өз эркиндиктери жана укуктары үчүн күрөшүүгө мажбур болушкан. Бул эмнени билдирет? 50-60 жыл мурун, адамзат тарыхына салыштырмалуу “кечээ эле”, ушундай жөнөкөй карама-каршылыктардын болуп келгенин билдирет.

Дүйнө эли XX кылымдын 90-жылдарында “Өнүгүүнүн жаңы баскычындабыз. Бизди XXI кылымда жаңы жашоо күтүп турат” – деп жатканда, Түштүк Африка Республикасы апартеид режиминен эми гана кутулуп отурган. Ооба, жанагы биз билген апартеид! Сегрегация, бантустандар, айры шаарлар, тыюулар ж.б., эмнесин айтасың?

Өз элинин эркиндиги жана тең укуктуулугу үчүн жүргүзгөн аракеттеринин айынан 27 жыл абакта отуруп сынбаган Нельсон Мандела акырында Түштүк Африка Республикасынын биринчи кара түстүү президенти болууга жетишти. Мындай киши менен кантип сыймыктана албайсың? Ал бир гана Мекенинин мыкты уулу эмес, дүйнө эли сыймыктана турган инсан болуусу зарыл.

Жогоруда айтылган Мартин Лютер Кингге окшогон “улуулар” адамзаттын өнүгүүсү үчүн аябагандай зор эмгек жумшашкан. Бирок андан да зор иштер бүгүнкү күндө биздин үлүшүбүзгө түшүп отурат. Анткени Кудай алдында баарыбыз тең жашап жатабыз деп айтыш үчүн көптөгөн өзгөрүүлөргө муктаждык бар.

Күн сайын ачкачылыктан өлүп жаткан балдар, согушта курман болуп жаткан үй-бүлөлөр, кулчулукка сатылгандар жана өз укугуна ээ боло албай жүргөн аялдардын тагдыры бизди тынч отургузбайт.

Эгер Кыргызстанды ала турган болсок, өлкөбүз өнүгүү жолунда бара жатат деп ишенгиң келет. Ооба, ошондой. Бирок ички жана тышкы миграция, улуттар аралык касташуу, элдин жакырдыгы жана чек ара маселелерин да эсепке албай коё албайсың. Мындай көйгөйлөр ар бир өлкөдө эле бар.

Дүйнөдөгү эң курч маселелердин бири, менин оюмча, диндер аралык касташуу болуп эсептелет. Медианын пропагандасы астында чын да, калп да маалыматтар тарап, адамдар көп түшүнбөстүктөргө кириптер болуп жатат.

Христиан дининдеги адамдардын оюнда мусулмандар – террорист, мусулмандар да христиандар туурасында жакшы ойдо эмес. Кыскасы, айта берсе, арман көп. Демек, ушундай кемчиликтер маңдайыбызда тургандан кийин, биз да Авраам Линкольн, Мартин Лютер Кинг, Нельсон Мандела, Махатма Ганди сыяктанып өз вазийпабызды аткарышыбыз керек. Биздин вазийпабыз – дүйнөнү сактап калуу!

Албетте “Дүйнөдө элдин баары тынчтыкта жашаса, бөлүнүп-жарылуулар болбосо, эч ким эч кимди кемсинтпесе!” – деген кыялдарым бар. Бул бүткүл Адамзаттык ой-кыялга терең тамырлашкан кыял. Бирок антип айтсам, бул дилбаяндын башталгыч класстарда жазылган дилбаяндардан айырмасы калбайт. Мен, адамдар бири-бирин түшүнсө; башка элдерди да өзүндөй кабыл алса; өзүнө жамандык каалабаган соң, бирөөгө да жамандык каалабаса деп айткым келет. Мына ушуларды эле элдин жүрөгүнө жеткире алсак, чоң жылыш болот деп айтар элем.

Бразилиялык белгилүү жазуучу Пауло Коэльо “Эгер сен бир нерсени кааласаң, бүтүндөй Аалам ал каалооңду аткарууга жардамчы болот” – деп айткан экен. Демек бизге бир эле нерсе калды. Ал – каалоо! Эгер сен чын эле бир нерсени каалаган болсоң, ал ишти аягына чыгармайынча тынбайсың. Адамзаттын келечектеги “мыкты уулдары” биздин эле арабызда жүргөнүнө мен чын жүрөктөн ишенем. Сиздерди да ишенүүгө чакырам!

Кичине бөлмөнүн чоң терезесинен караңгы асманда жылдыздар жымыңдап көрүнөт. Бет маңдайда столдун үстүндө китеп-дептерлер, кол жазмалар турат. Дубалда үй-бүлөлүк фотосүрөттөр илинүү. Сыртта Бишкектин серүүн шамалы уруп турат...

4-октябрь 2013-жыл

Шербол Жапаралиев
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинде 4-курста окуйм. Кесибим – журналист.
XS
SM
MD
LG