Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:40
Адамзат цивилизациясынын жетишкендигинин туу чокусу болуп, элдер, улуттар, расалар (кара, ак жана сары) жана диндер арасындагы теңчилик жана бири-бирин сыйлоо эсептелет.

Илгерки замандан эле адам кулчулукка, улуттар арасындагы касташууга (расизм) каршы күрөшүп келген. Акыркы 5-6 кылымдан бери адамзат цивилизациясында өндүрүштүн, билимдин жана илимдин өнүгүшү менен коомчулуктун жогорку баскычта (пост индустрия - информация доору) өнүгүшү, улуттар арасында касташуунун жана расизмдин илимий базасы жок экенин көрсөттү. Жаңы тарыхта расалар арасындагы теңчилик үчүн Абраам Линкольн президенттиги мезгилинде АКШда жарандык согуш болгонун эске салсак болот.

Бирок жаңы тарыхта, өзгөчө 20 кылымда, расизмдин ашынган формасы - фашизмдин кулач жайып, адамзат үчүн оор мезгилди (геноцид, холокост жана башка массалык адам өлтүрүү акциялары) алып келгенин танбашыбыз керек. Өздөрү техникалык жана илим-билим жактан өнүккөнбүз деп эсептешкен.

Германияда расизмдин эң тажаал түрү - фашизм баш көтөргөн. Алар өздөрүн башка улуттардан өйдө коюп, "арий" дешкен жана жөөттөрдү (холокост), лөлүлөрдү өлтүрүп жоюну расизмдин фашисттик теориясы менен далилдешкен. Фашизмдин рассалык теориясында, африкалыктарды эң төмөнкү деңгээлдеги(баскычтагы) адамдар деп эсептешкен.

Мындай дөөдүрөгөн расизм-фашизмдин курмандыгы болуп Экинчи дүйнөлүк согушта 50 млн. адамдын өмүрү кыйылган. Анын ичинен фашизмдин мекени болгон Германияда 9 млн. немис набыт болуп, 10 млн. киши жашаган жерден качып, үй-жайсыз калган (Чыгыш Пруссия, Силезия, Померания). Ушундай азап-тозоктордон кийин немис эли фашизмди (расизмди) өтө жек көрүп, расизмди таркатуучу адамды жоопко тартуучу мыйзамды киргизишкен. Германия бүгүнкү демократия үчүн эбегейсиз кун төлөп, жогоркудай өтө оор, кыйын тарыхты башынан кечирген. Бирок Батышта Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин деле адамдар арасындагы теңчилик орун алган эмес.

20-кылымдын 60-жылдары АКШда расизм өкүм сүрүп, афро-америкалардын жарандык укуктары көп жактан кысымга алынып турган.

Афро-америкалыктын жарандык укуктары үчүн күрөшкөн инсандардын ичинен Мартин Лютер Кингдин ролу өзгөчөлөнүп турат. Ал АКШда Алабама штатында баптисттик чиркөөнүн кызматкери болуп иштеген жана 20-кылымдын 60-жылдары афроамерикалыктардын шайлоо укуктары үчүн күрөшкөн жана башкаруу чөйрөсүндө, жашоодо, окууда ак адамдар менен бирдей укукта болуусун эңсеген.

1963-жылы 200 миң адам катышкан митингде ал "Менин кыялым бар" деген сөзү менен элди муюткан. Анын талыкпас эмгегинин натыйжасында АКШ Конгресси 1964-жылы жарандык укук жөнүндө мыйзам кабыл алган. Бул мыйзам адамдын демократиялык укуктарынын негизги өзөгүн түзөт.

Мартин Лютер Кинг жарандык укукту тынч жол менен алууга чакыргандыгы үчүн 1964-жылы Тынчтык үчүн берилген Нобел сыйлыгына татыктуу болгон. Ал өмүрүнүн акыркы жылдары жакырчылыкка каршы да кампанияларды уюштурган жана жакырчылык жоюлса, ал экономикалык, социалдык теңчиликке алып келерин айткан. Аны 1968-жылы 4-апрелде атып өлтүрүшкөн.

Расизмдин эң жапайы түрү Түштүк Африка Республикасында Апартеид түрүндө жайылган. Мында африкалыктар саясий жактан өтө чектелген. Алар бийликке, шайлоого келе алган эмес. Апартеидге каршы күрөштүн жетекчилеринин бири Нельсон Мандела болгон. Түштүк Африка Республикасынын элинин апартеидге каршы күрөшү 1994-жылы ийгиликтүү жыйынтыкталат жана Африкалык улуттук конгрес ушул жылы жеңип, Нельсон Мандела президент болуп келген. Бул өкмөт чындык жана элдешүү комиссиясын түзүп, Түштүк Африка Республикасында накта демократия орногон.

Көп улуттар жашаган өлкөдө улуттар арасында тирешүү, бири-бирин кемсинтүү сыяктуу терс көрүнүштү жок кылып, улуттар арасындагы теңчиликти жана демократияны орнотуу зарыл. Бул маселе Кыргызстан үчүн өтө актуалдуу болуп саналат. Анткени бизде көп улуттар жашайт. Өлкөбүздө 1990-жылы жана 2010-жылы Ошто болгон улуттар арасындагы жаңжал элибиздин эсинен чыга элек.

Ошондуктан өлкөдө улуттар арасындагы тынчтык, бир туугандык мамиле, теңчилик жана расизмдин жоктугу бүгүн биз үчүн керек жана буга мурдагы муундардын каймактары - А. Линкольндун, М.Л.Кингдин эмгектери дайым дем берип турушу зарыл.

Нурсултан Карабаев

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG