Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Кыргызстанда өтүп бараткан жылы маңзат 23 эсе көп кармалды. Бул тууралуу 28-декабрда Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Айрым эксперттер аталган кызмат чекене менен кара куурайды гана колго түшүрүп, героин жана апийим өндүү оор түрлөрүн кармай албай жатканын сынга алууда.

Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, быйыл 34 тонна маңзат тутулду. Аталган кызматтын башчысы Виталий Орозалиевдин билдиришинче, анын басымдуу бөлүгү кара куурай менен чекене болуп эсептелет. Кыргызстанда сексендей топ маңзат менен шугулданат.

Орозалиев маңзат буга чейин негизинен Ошто Кызыл-Арт – Сары-Таш жолу аркылуу ташылганын, азыр көбүнесе Баткен менен келе баштаганын маалымдады:

- Маңзат ташылчу чоң канал деп эсептелген Кызыл-Арт – Сары-Таш жолун аздыр-көптүр бөгөй алдык. Тажик тарап да жакшы колдоо көрсөтүп, өздөрү жактан тосмолорду койду, биз да өзүбүз жакка орноттук. Азыр эми Баткендеги жагдай проблема болуп жатат. Ал жакта дээрлик көзөмөлдөнбөй жаткан маңзат алынып өтчү беш аймак бар. Биз кармаган маңзаттын дээрлик көбү ушул жол аркылуу келген.

Орозалиевдин айтымында, Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын Баткендеги бөлүмү ушул жылы гана ачылды жана учурда курамын толуктоо уланып, толук ишке кире элек.

Мурдагы ички иштер министри жана Маңзатты көзөмөлдөө агенттигинин мурунку жетекчиси Болотбек Ногойбаев маңзат менен күрөшкөн кызмат апийим, героин сыяктуу оор маңзаттын түрлөрүн колго түшүрө албай жатканын сындады:

- Мурун кармалган апийимдин 80 пайызын агенттик, ал эми калгандарын ИИМ, атайын кызмат жана башкалары берчү. Азыр тескерисинче болуп жатат: ИИМ жана башкалар 80 пайызын кармап жатат, ал эми агенттик оор маңзаттардын 15-20 эле пайызын колго түшүрүүдө. Негизи чыныгы күрөш оор маңзаттарга карата жүргүзүлүшү керек.

Ишти апийим жана героиндин кармалганы менен өлчөсө болот. Ал эми калгандары болсо иш деле эмес. Бир туруп кислота кармадык деп айтышат. Кислота деген маңзатты даярдоо үчүн керектелчү компонент эле болуп эсептелет. Ал эми 19 тонна чекенени орустардан алган маалымат менен бул жерден кармап, калганын Владивостоктон жүктөп жатканы жеринен колго түшүрүштү. Ошондуктан алар мактанбай эле коюшсун. Иштеши керек.


Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда Маңзат менен күрөшкөн агенттик жоюлуп кетип, апрель окуяларынан кийин кайра түзүлгөн.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыкка” курган маегинде ошол учурда Ооганстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу тонналаган баңгизат ташылганын маалымдаган. Маңзат менен шугулгандар арасында таасирлүү, органда иштеген кызматкерлер бар экени айтыла жүрөт. ИИМ жылдын башында маңзат боюнча органда иштеп кеткен чиндүү кызматкер тутулганын жарыялаган.

ИИМ өткөн айда “Кыргыз руху” гезитинин кожоюну Арстанбек Дүйшөмбиев ири өлчөмдө маңзат менен шугулданат деген шек менен камакка алынганын билдирген. Андан көп өтпөй Дастан Бекешовдун бир тууганы да маңзат менен кармалганы кабарланган.
Ишти апийим жана героиндин кармалганы менен өлчөсө болот. Ал эми калгандары болсо иш деле эмес.

Ал арада маңзат менен күрөшүүнүн түрдүү жолдору изделип жатат. “Дин, укук жана саясат” борборунун жетекчиси Кадыр Маликов “Азаттыкка” маңзатка каршы күрөштө шарияттын жол-жоболорун колдонуу боюнча долбоор иштелип жатканын жана ал жыл жаңыргандан тарта ишке кирерин кеп салып берди:

- Шариятта маңзаттын кайсы гана түрү болбосун жол берилбейт. Аны колдонгонго эле эмес, таратып жана сатканга катуу тыюу салынат. Ошондуктан маңзатка каршы күрөшкө имамдарды тартышыбыз керек. Биз мусулмандар башкармалыгы менен жаштар менен иштеп, китепчелерди чыгарабыз. Имамдардын баары жума намазда маңзатты колдонуунун жана таратып сатуунун кесепет-кесири тууралуу айтып берип турушу керек.

Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, Ооганстанда быйыл маңзат өндүрүү 61 пайызга көбөйгөн. Талдоочулардын баамында мунун Кыргызстанга кесепети оор болушу мүмкүн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG