Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Матадан өткөн ок батадан өтпөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Сөз дайра" берүүсүндө батанын, айрым макал-лакаптардын маанисин чечмелейбиз.

Азыр тойлордо үйлөнгөн эки жашка: “Алдыңарды бала бассын, артыңарды мал бассын!” деп бата берип жүрүшөт.

Кээ бирөөлөр: “Бул деген туура эмес, мал дегенди алдыга салып айдап жүрөт, андыктан мал алдыда болот, бала ата-энесин артынан ээрчип жүрөт, ошондуктан: “Алдыңарды мал бассын, артыңарды бала бассын!” деп айткан туура” деп талашка айлантып келе жатышат. Буга эмне деп жооп берсе болот?

Байыркы кыргыздар “бата” дегенди “алкыш” деген. “Бата” сөзү бизге ислам дини менен кошо кирген. Эми батанын тилеги - ак. Бата деген жаман эмес. Кыргыз бекеринен балдарына бата тилеп: “Атаңдан бото калбаса калбасын, бирок бата калсын”, “Матадан өткөн ок, батадан өтпөйт” деп айткан эмес.

Бата берүү. Бишкек.
Бата берүү. Бишкек.

Көп нерсенин жакшысы да, жаманы да болот, бирок эч качан батанын жаманы болбойт. Балким дүйнөдө жаманы болбогон жалгыз Кудай менен бата эле болсо керек.

Ошондуктан жогорудагы жаш жубайларга берчү батаны “Артыңарды бала, алдыңарды мал бассын” деп да айта берсе болот. Анткени малды алдыга салып айдап, откозуп, жайытка жайып багат.

Бала ата-эненин артында калчу мураскери, ата-эненин көзү өтсө артында туяктары калат. Ал - балдары. Бала деген - келечек, эртеңки күн, ата-эненин андан аркы өмүрүнүн уландысы, тукумун улай турган “жол”. Ал эми келечек эртеңки келе турган күн, жакшылык деген дал ушул бата менен келерин унутпай жүргөн оң.

Ошондуктан “ал туура, бул туура” деп жөндөн жөн эле талашка айланта бербестен экөөнү тең айта берген туура болот го деген ойдобуз.

* * *

“Өткөн өмүр жаңырбайт, калган кадыр табылбайт” деген макал бар. Өмүр өткөн соң кайра экинчи кайрылып келбей турганы белгилүү. Ал эми кокусунан булганып калган кадыр-барк, адамдын абийири да ошол өтүп кайра келбей турган өткүн сыяктуу, өмүр сыяктуу. Кадыр-баркыңды бир жоготуп алсаң экинчи мурдагыдай болбой каларыңды биле жүр.

* * *

“Буканын өзү карыса да, мурду карыбайт” деген бар.

“Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат” деген бар. Аттын кыялын табуу, билүү андай деле кыйын эмес, бирок адамдын кандай экенин иликтеп билүү кыйын деген маанини билдирет.

“Чымчык уяга конот, чымын чылага конот” дейт. Жакшы ниет, ак ниет тынчтыкты, бейпилдикти издесе, жаман ниет же кара ниет атайылап ыплас, булганыч жерди издейт дегендик.

“Бөктөргү кушту учкан жейт, бөлүнгөн журтту душман жейт” деген макал бар.

“Байына шылтап кулу жейт, кулуна шылтап байы жейт” деген эл биз болдук дейт. Кыргыз коррупцияга байланышкан макалды атам заманда эле айтып койгон окшойт

“Бедери жок торкодон бек токуган бөз артык, медери жок туугандан бек кармашкан жат артык” деген да макал бар. Сырты жалтыраган, көрүнүшү көз талдырган кездемеден, бышык кездеме жакшы болсо, кайрымы жок туугандан сыйлаша калып жүргөн жат жакшы дегени.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG