Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

“Кыргызалтын” Кумтөрдөгү экологиялык абалды иликтөө үчүн эл аралык АМЕС деген компания менен келишим түздү.

Аталган компания экологиялык маселелерди сентябрга чейин иликтеп, Кыргызстан менен канадалык “Центерра Голд Инк” ишканасынын ортосундагы сүйлөшүүдө экологиялык-инженердик маселелер боюнча кеңеш берет.

“Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусунда эл аралык компания экологиялык жагдай боюнча акыйкат тыянак чыгарабы, Кумтөрдөгү экологиялык кырдаалды оңдоо, дегеле Кумтөр маселесин ашкере саясатташтырбай, тоз-тополоңго жеткирбей сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүнбү деген суроолорго жооп алынды.

Талкууга “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын жетекчи орун басары Кылычбек Шакиров, Улуттук Илимдер академиясына караштуу Биология жана топурак таануу институтунун илимий кызматкери, өсүмдүктөр боюнча адис Адилет Усупбаев катышты.

“Азаттык”: Буга чейин да Кумтөрдүн экологияга тийгизген зыянын аныктоо үчүн чет элдик экологдор чакырылган эле. Жакында эле Кумтөр кенин иликтеген мамлекеттик комиссиянын чакыруусу менен Германиядан келген экологдор андагы абалды, сууну иликтеп кеткен эле. АМЕС эмнеси менен айырмаланат?


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:




Кылычбек Шакиров: Учурда Кумтөрдө экологиялык жана тоо-инженердик маселелер курч болуп турат. Муну жетиөгүздүктөр да көтөрүп чыккан.

Соңку убактагы климаттын алмашуусу, муз мөңгүлөрдүн эриши тууралуу толук маалымат алып, туура чечим кабыл алуу максатында премьер-министр башында турган жети министр, үч агенттиктин директору эл аралык компания жалдоо чечимин кабыл алган.

Мындан мурдагы юридикалык (DLA Piper) жана финансылык (Рricewaterhouse Coopers) кеңешчилер да өздөрүнүн тыянагында муну белгилеп, АМЕСти табууга жардам беришкен. Аталган компаниялар дүйнөлүк аренада аброю бар, мыкты компаниялардын катарына кирет. Чынын айтканда көп компаниялар бул саясий маселе, убактысы тартыш деп бизден баш тартышты. Эл аралык экологдор менен жергиликтүү адистер да бирге иштешет.

Адилет Усупбаев: Кайсы жерде кен казылбасын алгач экологдор барып, ал жердин эсеп-чотун алып, айлана-чөйрөнү иликтешет.

Мындан 15 жыл мурда да Илимдер академиясынын окумуштуулары ушундай иштерди жүргүзүп, өз сунуштарын берген. Азыр ошол сунуштарга көңүл бурулуп жатабы деген маселе чыгып жатат.

Мисалы, алтын казгандан мурда фабрика, имараттар ошол жердин тегерек-четине курулат. Ошол жердеги өсүмдүктөрдүн баары жок болгон. Биздин эсеп боюнча 2 миң гектарга жакын жерде топурак менен өсүмдүктөр кыйроого учураган. Эми аны калыбына келтирүү негизги маселелердин бири болуш керек. Азыр ошол жердин үстүңкү, түшүм берчү катмары жок болууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG