Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Коңшулаш Казакстанда мунайзатынын кескин таңкыстыгы пайда болду.

Мунун таасиринен улам Кыргызстанда да күйүүчү жана майлоочу майларды ташып келүүнүн көлөмү кыскарып, бензиндин айрым түрлөрүн сатууда чектөөлөр киргизилген.


Мунайга бай коңшунун “муңайымы”


Казакстанда күйүүчү майдын жана бензиндин айрым түрлөрүнүн таңкыстыгынан улам, ага болгон баа кескин көтөрүлгөн. Бир катар май куйуучу жайларда ал талон аркылуу ченем менен сатылып жатса, кээ бир жерлерде сатык токтоп калгандыгы айтылууда. Мындай кырдаалды Борбор азиялык жаңылыктар кызматына берген маегинде Казакстандын май куйуучулар биримдиги жайкы оруп-жыйуу иштеринин күчөгөндүгү менен түшүндүргөн.

Кыргызстандын нефте трейддерлер бирлигинин жетекчиси Жумакадыр Акенеев болсо, коңшулаш өлкөдөгү мындай кырдаалга бир катар жагдайлар себеп болгондугун кошумчалады:

- Казакстанда 60 пайыз май куйуучу жайлар иштебей калгандыгы тууралуу маалымат алдык. Мындан улам, күйүүчү жана майлоочу майларга болгон баа кескин көтөрүлүп жатат. Албетте коңшулаш мамлекеттеги мындай абал бизге дагы таасир этпей койбойт. Эми мунун негизги себептерин алар бажы биримдигине киргенден кийин мунайга болгон баанын Орусия менен Белорусияга теңелишине байланыштуу деп түшүндүрүп жатышат. Бирок Казакстан жетиштүү деңгээлде мунайзатын өндүрүп чыгарат. Анткен менен учурда Ооганстан жана Пакистан мунайга болгон керектөөсү көбөйүп жаткандыктан казакстандык компаниялар ички рынокко керектей турган өлчөмдү дагы ал жакка жөнөтүп жибергендиктен улам ушундай кырдаал орун алган.


Туш-туштан чыккан чектөөлөр


Кыргызстандын бажы кызматы болсо өткөн беш ай аралыгында өлкөгө мунайзатын ташып келүүнүн көлөмү 26 пайызга кыскаргандыгын жарыялады. Анын ичинен айрыкча 92-95-98-үлгүлөрдөгү бензинди тартып келүү бир кыйла азайган. Казакстан март айынан баштап мунайзатын экспортоого тыйуу салып койгондон бери ал, жүз пайыз Россиядан ташылып келип жаткан болчу.

Жумакадыр Акенеев бул жолку чектөөлөр бажы союзуна мүчө мамлекеттин сунушу менен киргизилгендигин ачыктады:

- 1-июлдан баштап бензиндин 92-93-95-98 үлгүлөрү Россиянын Омскдагы заводунан бул жакка жүктөлбөй турат. Буга негизги себеп катары бажы союзунун мүчөсү Казакстан өзүнүн өнөктөштөрүнө айтып, мунайдын бул түрүнүн экспортун токтотуп туруу боюнча кайрылуу жасаган. Анткени алардагы жанагы тартыштыктан улам ушундай чечимге келишкен.

Бул арада Кыргызстандын мунайзат рыногунда чочулоолор болууда. Анын натыйжасында бензиндин кайсы бир маркаларын сатууга чектөөлөр киргизилип, өлкөнүн алыскы аймактарында анын баасы кескин көтөрүлгөн.

Ош шаарынын тургуну Тургунбай Алдакулов күйүүчү май рыногунда кызыл-кулактык кулач жайгандыгына токтолду:

- Биз Оштогу май куйуучу компания менен келишимдин негизинде ай сайын талон аркылуу алчубуз. Бирок бул айда барсак, алар "93-маркадагы бензинге талон бере албайбыз, анткени аны менен камсыздоого кепилдик жок", - деп айтып жатышат. Ошол эле учурда Баткен тарапта күйүүчү май ташыган компаниялар түз эле Тажикстанга алып кирип сатып жатышат. Мына ошондуктан бензиндин баасы 45-50 сомго чейин чыкты. Анткени алар элге Тажикстан ала турган баа менен алсаңар гана сатабыз деп жатышыптыр.

Кыргызстан мунайзатын сырттан ташып келүүгө көз каранды мамлекеттердин катарына кирет. Негизги экспортерлер болгон Казакстан менен Россия кээ бир учурларда аны саясий курал катары колдонгон учурларын мисал келтиргендер аз эмес.

“Акыйкат” партиясынын жетекчиси Аликбек Жекшенкулов бул маселени жөнгө салууда өкмөттүн чабалдыгын сынга алды:

- Чек арада жана бажыда өзгөчө тартип болот, бажы союзу күчүнө кирет деген маалымат мурда эле болгондон кийин Кыргызстандын өкмөтү алдын-алуу чараларын көрүш керек болчу. Муну менен жок эле дегенде 3-4 айга жетерлик күйүүчү жана майлоочу майды ташып келүүгө шарт түзүп койсо болмок. Бул эми азыркы өкмөттүн кырдаалды жакшы баалай албай, жүрүп жаткан саясаттын маңызын түшүнбөй жаткандыгында болуп атат.

Кыргызстан Азербайжан же болбосо Түркмөнстан аркылуу мунайзатка болгон керектөөсүн толукташы керек деген сунуштар саясий чөйрөлөрдө талкуулана калып жүрөт. Бирок адистер аталган өлкөлөр менен түз чек арасы болбогондуктан мындай демилгени колго алуу Кыргызстан үчүн кыйынга тураарын кыйытып келишкен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG