Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Кыргызстанда уюлдук байланыш боюнча эки ири оператордун бири – “Мегакомдо” жаңы жетекчилердин тобу ишке киришти.

Ал эми кылмыш иши козголуп, кызматтан четтетилген жетекчилик бул кадамды “рейдердик басып алуу” деп мүнөздөдү.

Ал аралыкта парламенттик комиссия талаштын себебин мурдагы президенттин уулуна жана анын ишкер өнөктөштөрүнө тиешелүү компания жүз пайызга эмес, жарым-жартылай гана улутташтырылганынан көрүп жатат.


Кыргызстанда уюлдук байланыш боюнча эки ири оператордун бири болгон “Мегакомдун” айланасындагы иштердин акыр аягы барып, компания үлүшүнүн улутташтыруудан калган жарымынан көбү же 51 пайызы, аны менен катар 2010-жылы табылган кирешенин ушунча бөлүгү кимге тийиши керек деген маселеге барып такалчудай.

Соңку окуялардан улам кыргыз тарап берген түшүндүрмөдө жана өзүн компаниянын 51% үлүшүнө ээмин деген орусиялык инвестордун атынан жасалган билдирүүдөгү маалыматтардын бири-бирине кайчы, ошол эле учурда шайкеш келген учурлары да бар.

“Кылмыштуу клондун” 51 пайызы азыр да Елисеевге таандык

Максим Бакиев Елисеев менен мамлекеттик кызматта эле эмес, бизнесте да өнөктөш болгон.
Маселен улутташтырылган мүлктү башкаруу боюнча Кыргызстандын мүлк министрлиги астындагы кордун директору Даир Кенекеев “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, “Мегакомго” ээлик кылган “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун 51% акциясы юридикалык жактан азыр деле мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин ишкер өнөктөшү Алексей Елисеевге таандык:

- 7-апрелден 20-майга чейин жана ага чейин да 100 пайызга Елисеев кожоюн болгон. “Альфа Телеком” акционердик коомунун 49 пайызы гана улутташтырылган. 51% азыр да Елисеевге таандык. Ошол 51 пайызын Башкы прокуратура камакка алып, биздин Мүлк министрлигине сактоого берилген. Ушунун негизинде биз айтып жатабыз, 51 пайызына Елисеев ээлик кылса, 49 пайызы мамлекеттики болсо, Силич эмне кылып жүрөт ал жерде? Биз ушул суроону коюп жатабыз. Рейдерлик ким жактан болуп жатат? Силич жана анын командасы жактан.

Улутташтырылган мүлк корунун директору ысымын атаган Андрей Силич - “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун ага карата Кыргызстанда каржы полициясы тарабынан Кылмыш кодексинин “мыйзамсыз ишкердик”, “салык төлөөдөн качкан” деген беренелери боюнча кылмыш иши козголгон, бирок мурдагы башкы директор өлкөдөн чыгып кеткен.

“Мегаком” уюлдук байланыш операторуна ээлик кылган жабык акционердик коомдун жетекчилиги анын Кыргызстандагы башчыларынын үстүнөн кылмыш иши козголгондон кийин 4-февралда алмаштырылып отурат.

Ушул окуядан кийин дүйшөмбү күнү, 7-февралда орусиялык ишкер Глеб Огнянниковдун кызыкчылыгын коргогон Penwell Business Limited деген инвестициялык компаниянын атынан да билдирүү таратылды.

Өз билдирүүсүндө аталган компания Кыргызстандын Мүлк министрлигинин “Мегаком” операторунун каржылык-чарбалык ишмердигине ар тараптан аудит жүргүзүү демилгесин колдогон.

Билдирүүдө орусиялык инвестор бизнестин айкындыгын камсыздоодо жана корпоративдик башкаруунун талаптагыдай системасын түзүүдө мамлекет менен кызматташууга даяр экендиги, бирок бул орусиялык тараптын катышуусунда цивилизациялуу жол менен жүргүзүлүүсү керектиги айтылган.

Орусиялык инвестор делген тараптын кызыкчылыгын коргогон компаниянын билдирүүсүндө да “Мегаком” ээлигинде турган “Альфа Телеком” жабык акционердик коому 51%ы азыр деле Максим Бакиевдин айланасына таандык экендиги көрсөтүлгөн.

Бирок орусиялык инвесторбуз деген тарап “Мегакомдо” 51% үлүшү бар компания катары “БиМиКом ЛТД” деген жоопкерчилиги чектелген коомду эсептейт. Орусиялык инвестордун кызыкчылыгын коргоп жатабыз деген “ЕвентисТелеком” компаниясынын басма сөз катчысы Мария Сафронова “Азаттыкка” буларды айтты:

-“БиМиКом” жоопкерчилиги чектелген коому -“Мегаком” брэнди менен 2008-жылга чейин, биздин пакеттеги акциялар рейдерлик жол менен басылып алынып, оператордун баардык мүлкү Максим Бакиевдин айланасындагылар негиздеген, “Альфа Телеком” деген кылмыштуу клонго өтүп кеткенге дейре уюлдук байланыш кызматын көргөзгөн компания болгон.

Кыргыз тараптан ишеним жок, инвестор тараптан бар

Орусиялык инвесторбу деген тараптын бул фактысы кыргыз тараптын маалыматына шайкеш келүүдө. Бирок эки жактын пикири кайчы чыгып жаткан маселе – алардын “Альфа Телекомдун” кызматтан четтетилген жетекчилигине карата туруму. Алсак орусиялык инвестордо “Альфа Телекомдун” Максим Бакиев менен Алексей Елисеевдин учурунда дайындалган менеджерлерине дооматы жок. Инвестордун атынан чыгып жаткан “ЕвентисТелеком” компаниясынын басма сөз катчысы Мария Сафронова мындай дейт:

- 2010-жылдын апрелине чейин орусиялык инвестордо компанияны (“Мегакомду”) оперативдүү башкаруу ишине аралашууга мүмкүндүк болгон эмес. Ал эми 2010-жылдын апрелинен азыркы убакытка чейин орусиялык инвесторду “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун башында турган менеджменттин кесиптик жөндөмү канааттандырып келген. Мендежментти акча каражатын сыртка чыгарды деп айыптоо биз үчүн чындыкка коошпогон айыптай болуп турат.

Бирок Кыргызстандын Улутташтырылган мүлк корунун башкы директору, мүлк министринин орун басары Даир Кенекеевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, кыргыз тарапта акцияларынын 49 пайызы улутташтырылган, 51 пайызы камакта турган “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун мурдагы жетекчилигине ишеним болбой калган. Анын ырастоосунда, мындай шек адегенде мамлекет тарабынан дайындалган тышкы башкаруучунун (Азамат Мурзалиев) толук кандуу иштөөсүнө мүмкүндүк берилбегенден кийин күчөдү:

- Биз бешинчи күнү койсок биринчи күнү таң атпай Силич (Андрей Силич –кызматтан четтетилген башкы директор) Москвага учуп кетет. Анын ордуна Москвадан Бороздин деген киши (Александр Бороздин – баш директордун кызматтан четтетилген орун басары) келет. Келип туруп, "мен дагы биринчи орун басармын, баары мен аркылуу өтөт. Каржылык документтерге сиз кийлигишпеңиз. Эгер ишетесеңиз мына айлык акы, мына унаа. Тынч отуруп, буга чейинки тышкы башкаруучулар кандай иштесе, ошондой кылып иштеп бер”,-деген. Мурзалиев ага барган жок. Эгер айлык акысына, унаасына ыраазы болуп отура бергенде булар унчукмак эмес. Улутташтырылгандан бери сегиз ай өткөнү менен бизде эч маалымат болгон жок. Шек бар болгон үчүн биз ушундай кадамдарга кирип жатабыз. Биз Максимден алып эле, кайра Максимге берип койгонбуз да. Ыңкылаптан бери сегиз-тогуз ай өтсө да, ал адамдардын отурганына коом кандай карайт? Кесипкөй катары мейли отурушсун, бирок ичин карап көрөлүчү. Былтыркы отчетун канча сурасак да булар качып жүрүшкөн. Анткени булардын (мурдагы жетекчиликтин) өз кызыкчылыгы бар.

Бул аралыкта “Альфа Телекомдун” иштен четтетилген менеджерлер тобу дүйшөмбү күнү президент баш болгон жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоп, компанияга жаңы жетекчилердин тобу менен келишин “иш жүзүндө рейдердик басып алуу” болду деп белгилешти. Мурдагы менеджерлердин билдирүүсүндө ага катар бул аракеттер 3-февралда компаниянын жетекчилигин уруулук менен алектенип жатканы үчүн айыптаган биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун колдоосу астында жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Эмне үчүн 100% улутташтырылган эмес?

“Мегакомдун” иши боюнча Жогорку Кеңеште да атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия төрагасы, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун “Азаттыкка” айтканына караганда, бүрсүгүнү комиссиянын ачык жыйыны өтүп, ага кызыкдар тараптардын баары, анын ичинде “Мегакомдун” кызматтан четтетилген менеджерлери да чакырылып, маалыматы угулат.

Абдырахмановдун көз карашында, Убактылуу өкмөт учурунда “Альфа Телекомдун” 49 пайызын гана улутташтырып, ката кетирген, талаш мына ушундан улам чыгып отурат.

- Биз убактылуу өкмөттүн декрети чала болуп калган, туура эмес болуп калган деген маселени көтөрүп чыкканбыз. Эмне үчүн Максим Бакиевдин 49 пайызын эле алышты, 100 пайызын алышкан эмес. Биз ошол эле оюбузда турабыз. Азыр дагы 100 пайызын Елисеев менен Максимден мамлекеттин менчигине алыш керек. Андан кийин мурунку компаниялардын үлүшү бар экендиги чындык болсо, канча үлүшү бар экенин алар сот аркылуу же башка жолдор менен далилдесе аларды беришибиз абзел. Биз бирөөнүкүн тартып алалы деген ойдо болбошубуз керек.

Комиссия башчысы Өмүрбек Абдырахманов “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде Убактылуу өкмөткө “Альфа Телекомдун” 100%ын улутташтырууга эч ким тоскоолдук кылбаганын кошумчалап, бул жерде кандайдыр бир кызыкчылыктар болушу мүмкүндүгүн жокко чыгарган жок.

Кыргызстандын уюлдук байланыш базарына иликтөө жүргүзгөн Бишкектеги Promotank HQA консалтинг компаниясынын башчысы Азамат Акелеевдин пикиринде, улутташтырылган компаниялар алдыда эл үчүн иштеп кетет деп айтууга толук ишеним жок. Алар бир ууч топтун эмес, коомдун кызыкчылыгына кызмат кылыш үчүн кайра көп созулбастан эле жеке менчикке ачык-айкын сатылуусу керек:

- Эң биринчи кезекте бул компанияларды юридикалык жактан тазалоо керек. Кийин сотко алпаргыдай жүйөө калбагыдай болушу зарыл. Андан кийин көп созбостон сөзсүз түрдө базар баасы менен менчиктештирүү абзел. Ачык-айкын тендер өткөрүп, эң жакшы баа берген инвесторго бул активдерди сатуу, кирешесин бюджетке түшүрүү керек.

Эксперттер уюлдук байланыш секторун Кыргызстанда азыр кирешелүүлүгү жагынан биринчи орунда турат, ал эми керектөөчүлөрдөн чогулткан каражаты жагынан энергетика тармагына теңешти, атүгүл ашып да өттү деп эсептешет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG