Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Бүгүлгөн бюджет...


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Өкмөт быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке жөнөттү. Бюджетти өзгөртүүнүн негизги себеби катары экономикалык өсүштүн басаңдашы, инфляциянын көбөйүшү аталган.

Былтыр жыл соңунда кабыл алынган быйылкы жылдын бюджетинде ички дүң продукция 6.2% өсөт деп белгиленген. Жылдын төрт айында өсүш 7% түзүп, өкмөттүн эсеби туура чыгып жатканын тастыктаган. Бирок Каржы министрлиги капысынан пессимизмге батып, быйылкы жылы өсүш болгону 2% болот, ал эми инфляция 11% ашат деп бюджетке өзгөртүү киргизип, парламентке жөнөттү. Бюджеттин биринчи вариантында инфляция 9% жетпейт деп көрсөтүлгөн болчу.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылы айыл чарбасында, курулуш жана тейлөө тармактарында өсүш басаңдайт. Ал эми өнөр жайы болсо -1.5% төмөндөйт. Инфляциянын өсүшүнө болсо сомдун курсунун туруксуздугу, Евразия экономикалык биримдикке кирүү менен баалардын көтөрүлүшүн күтүү, импорттук ун жана буудайдан көз карандылык, тариф саясатындагы өзгөрүүлөр себеп болору белгиленген.

Жалпы экономикадагы басаңдоолор ИДПнын калк башына эсептегенде 1460 доллардан 1214 долларга түшүүсүнө да алып келет.

Экономика министри Олег Панкратов экономиканын өсүшүнүн басаңдашын электр энергиясынын тартыштыгы, Кара-Балта, Токмок мунай иштетүүчү заводдорун чийки зат менен камсыздоо чечилбей жатышы жана начар инвестициялык кырдаал менен байланыштырат.

Экономикадагы начар көрсөткүчтөр республика бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө да терс өзгөрүүлөрдү алып келери аныкталган. Маселен, бюджеттин тартыштыгы кескин өсүп, 25 млрд. сомго жетип барган. Тактап айтканда, республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү дээрлик 18 млрд. сомго көбөйтүлүп, жалпы суммасы 136 млрд. сомдон ашкан. Кирешеси 7 млрд. сомдон ашуунга көбөйтүлүп, 111 млрд. сомдон ашуунду түзгөн.

Биз аябай сак болушубуз керек. Быйыл андан оор абал түзүлүшү мүмкүн.
Эмил Үмөталиев

Натыйжада бюджеттин тартыштыгы 25 млрд. сомго жеткен. Бирок тартыштыктын реалдуу өлчөмү 36 млрд. сомго жетери байкалат. Маселен, бюджеттин реалдуу кирешеси катары салык төлөмдөрүн ала турган болсок, салыктан 80 млрд. сомго жакын, салыктык эмес киреше 20 млрд. сомдон ашык түшөрү белгиленген. Демек республиканын кирешеси 100 млрд. сомдун тегерегин гана түзөт.

Ошондуктан бюджеттин тартыштыгы 25 млрд. сом эмес, 36 млрд. сом экени туура дейт Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Курманбек Дыйканбаев:

- Абдан туура. Тартыштык ошончо. Андан сырткары бажы төлөмдөрүнүн пландагыдай түшүүсүнө да күмөн бар. Анткени былтыр ызы-чуу болуп, автоунаа ташуудан 4-5 млрд. сом түшкөн. Быйыл андай киреше жок.

Дыйканбаевдин айтымында, мындай абал менен өкмөт бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартууга аргасыз болот.

Мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев жаңы өкмөт экономикалык көрсөткүчтөрдү реалдуулукка жакындатууга аракеттенип жатат деп эсептейт. Ошол эле учурда 2% өсүштү камсыз кылуу дагы жеңил эместигин белгилейт:

- Биз аябай сак болушубуз керек. Быйыл андан оор абал түзүлүшү мүмкүн. Божомолдоо баары бир теориялык нерсе. Ал турмуш менен дал келбей калышы мүмкүн. Ошондуктан бардык жагынан сак болушубуз керек.

Чындыгында эле Салык кызматы быйылкы жылы 5 млрд. сомго чейин салык жыйналбай калуу коркунучу бар экенин эскерткен. Бажы тармагынан да күтүлгөндөй киреше түшпөй калышы мүмкүн. Анткени республика жакын арада Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калат.

Өкмөт шайлоо алдында мына ушундай өксүктөрдү азайтуу үчүн "Мегакомду", Жерүйдү сатуу, Кумтөрдү жана башка алтын кендерди кандай болбосун иштетүү жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүгүн пайдаланууну көздөп жатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG