Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Бишкек-Торугарт жолунан акча желгенби?


Бишкек-Нарын-Торугарт жолун салуу, 2011-жылдын 11-августу.
Бишкек-Нарын-Торугарт жолун салуу, 2011-жылдын 11-августу.

Эсеп палатасы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоо долбооруна 8,5 миллион доллар ашыра жазылып, каражат туура эмес пайдаланганын билдирүүдө.

Транспорт жана байланыш министрлиги мындай дооматтарды четке кагып, соттошууга даяр экенин айтууда.

46 миллион сомдун изи кайда?

Кыргызстан менен Кытайды туташтырган бул стратегиялык жолду кытайлык Чайна Роуд компаниясы оңдоп жатат.
Эсеп палатасы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоо долбооруна 8,5 миллион доллар ашыкча жазылып, андан сырткары 46 миллион сомдон ашык каражат туура эмес жумшалганын жарыялаган.


Эсеп палатасы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун куруудагы каржылык мыйзам бузуулар атайын текшерүүнүн натыйжасында аныкталганын 1-сентябрда билдирген. Палатанын маалымат-катчысы Гүлмира Киртенова эки мамлекеттик органдын талашып-тартышып жатканына байланыштуу биринчи тараткан маалыматтан башка комментарий азырынча берилбей турганын “Азаттыкка” айтты:

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу, 2011-жылдын 11-августу.

- Бул маселе боюнча сиз эле кайрылып жаткан жоксуз. Азыр такташуу болуп жатат. Азыр Транспорт министрлиги сотко бергени жатат деген маалыматтар чыгууда. Ушундай жагдайлардын баары аныкталмайынча бизден эч ким комментарий бере албайт. Ооба, биз аудит жүргүздүк, анда айтылган сандардын баарына кепилдик беребиз. Алар деле ошол сандарды белгилеп жатышат. Бирок бул жерде ар башкача түшүндүрүлүп жатат. Мен адистерге кайрылдым. Алар ушул жагдайлардын баары аныкталгыча убакыт керек дешти.

Эсеп палатасы Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоо долбооруна 8,5 миллион доллар ашыкча жазылып, андан сырткары 46 миллион сомдон ашык каражат туура эмес жумшалганын жарыялаган.

Транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Кубанычбек Мамаев мындай эсеп менен макул эмес. Анын айтымында, жолду оңдоп жатканда бир топ өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, ушундан улам каражат ар кандай жумшалат:

- Келишимге кол коюлуп баары жактырылгандан кийин, долбоорду ишке ашырып жаткан учурда өзгөртүүлөр кириши мүмкүн. Себеби баардыгын долбоордо да, келишим түзүп жатканда да баарын карап, билип, эсептөө мүмкүн эмес. Анын үстүнө, экинчи маселе, жол дайыма иштеп турат. Анда кыймыл күнү-түнү, кышы-жайы токтобойт. Демек ошол убакта ар кандай жараңкалар пайда болушу мүмкүн. Кандайдыр бир өзгөрүүлөр пайда болушу мүмкүн. Сел жүрүп күтүлбөгөн окуялар болушу мүмкүн. Ошон үчүн долбоорго техникалык жактан өзгөртүүлөрдү киргизиш министрликтин укугу. Бирок бул өзгөртүүлөр долбоорду жазган автордун макулдугу, жактырышы зарыл.


Жолдон далай каражат мойсолот дешет

Мурунку министрлер жашап жаткан үйлөрдү карап көрсөңөр. Эмне, айлыктын эсебинен кымбат үй салып, кымбат машина тээп жүрөт дейсиңерби. Бул жерде коррупция, болгондо да чоң коррупция бар.


Кыргызстан менен Кытайды туташтырган стратегиялык жолду оңдоодогу маалыматтарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет текшергени жатат. Бул маселени Жогорку Кеңештеги Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитети да карамакчы. Аталган комитеттин мүчөсү, депутат Нарынбек Молдобаевдин айтымында, жол курууда эсеби жок иштердин көптүгүнөн акчаларды кымырып алуу өнөкөткө айланган:

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу, 2011-жылдын 11-августу.


- Жол курулуштан баары эле пайда көрүп келген. Мисалы мынча куб топуракты бул жерден тиги жерге көчүрдүк, бул жактан тигил жакка алдык дей беришет. Анын эсеби такыр болбойт. Бул илгертен бери, Советтер Союзунун тушунан бери келе жаткан оору. Кийин Ош-Бишкек жолу салынды. Бул жерден деле бир далай аткаминерлер байыганы эч кимге жашыруун эмес. Кийин деле бир далайлар жолдон пайда көрүшкөн. Мисалы ошол мурунку министрлер жашап жаткан үйлөрдү карап көрсөңөр. Эмне, айлыктын эсебинен кымбат үй салып, кымбат машина тээп жүрөт дейсиңерби. Бул жерде коррупция, болгондо да чоң коррупция бар. Муну ооздукташ абдан оор.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун узундугу 540 чакырымдай. Кытайлык Чайна Роуд компаниясы оңдоп жаткан жолго жалпысынан 400 миллиондой доллар жумшалмакчы.

Акчанын жарымын Кытайдын “Эксимбанкы” жеңилдетилген насыя катары берген. Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы да теңин жеңилдетилген насыя, калганын грант түрүндө каражат бөлгөн. Жол толугу менен 2014-жылга чейин бүткөрүлөт деп жатышат.

XS
SM
MD
LG