Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:50

Сырттан товар ташыган ишкерлер бажы кызматкерлери сырттан кирип жаткан товарларга бажы тарифин белгилөөдө баасын жана салмагын каалагандай көтөрүп, аягында мунун баары карапайым керектөөчүгө түшкөн жүк болуп жаткандыгын ырасташат. Бажы кызматы бул маселе боюнча жумушчу топ түзүлүп жатканын маалымдады.

Бул маселе 11-октябрда өкмөткө караштуу Ишкерликти жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин жыйынында көтөрүлдү.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Марат Шаршекеевдин айтуусунда, кийинки убактарда сырттан товар ташып келген ишкерлердин Мамлекеттик бажы кызматынын дарегине дооматтары көп болууда.

Шаршекеев бажы кызматкерлери товарлардын баасын каалагандай аныктап, бажы тариздерин да ошого жараша аныктап жатышат жана товарларды өздөрү каалаган кампаларга түшүрүп, андан кийин гана бажы жол-жоболорунан өткөрүп жатат деген ишкерлердин нааразылыктарын жеткирди. Анын сөзү боюнча, ишкерлер жүктөрүн түшүрүп, убактылуу сактоочу жайды өздөрү тандаганы дурус болмок.

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал ишкерлердин бажы тармагына дооматы боюнча пикирин билдирип, ишкерлер жүктөрүн түшүрүп, убактылуу сактоочу жайды өздөрү тандаганы дурус деген жүйөнү четке какты:

- Бизде канча ишкер бар, күн сайын канчалаган машина товар келет. Ошонун баарын алар каалаган жерине түшүрө берсе, Бажы кызматы кантип жетишет ошонун баарына? Андан көрө декларанттар да, бажы кызматкерлери да, төлөмдөр которулуучу банктар да иштеген кампалар болгону дурус да.

Ишкерлердин белгилөөсү боюнча, бажы терминалдары Бажы кызматына баш ийбейт. Айрым маалыматтар боюнча, мындай терминалдар негизинен мурунку жана учурдагы бажы кызматкерлерине жана алардын жакындарына таандык.

Алсак, "Дордой" базарындагы “Бишкек транс сервис” кампасы Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовго таандык деп айтылчу. Бирок Кулматов өзү бул маалыматтарды четке каккан. Юстиция министрлигиндеги маалымат боюнча, бул кампа ишкер Алкановдун атына катталган. Ошентсе да бүгүнкү күнгө чейин аталган кампага бажы кызматкерлери тарабынан артыкчылык берилип, көпчүлүк учурларда ишкерлердин жүктөрүн ошол кампага түшүрүүгө мажбурлашат.

Бул тууралуу "Азаттыкка” маалымдаган “ЖИА” Бизнес биримдигинин аткаруучу директору Руслан Акматбек бул кампа учурда сырттан кирген товарларды тариздөөдөгү жападан-жалгыз кампа болуп жатканын айтты:

- Бажы кызматы сырттан жүк апкелген ишканалардын баарын, бажы тариздерин жүргүзүү үчүн ошол “Бишкек транс сервис” кампасына жиберет. Бул компания жеке менчик компания, ал деле башка жеке менчик ишканалар сыяктуу эле иш алып барат. Бирок ал монополист болуп алган. Бажы кызматы менен келишими жок же тендер аркылуу утуп алган да эмес. Бажы кызматы ага эмне үчүн артыкчылык берет, мына бул бизге түшүнүксүз.

Руслан Акматбек

Руслан Акматбек

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон бери үчүнчү бир өлкөлөрдөн товар ташуунун көлөмү азайган. Бирок ошого карабай, биримдиктен тышкары өлкөлөрдөн алып келинген товарларды тариздөө баалары улам өзгөрүп жатканы да ишкерлерди нааразы кылууда. Руслан Акматбектин айтуусунда, тариздөө тарифтери да бажы кызматкерлеринин манайына жараша өзгөрүп тургансыйт:

- Бажы тариздерин жүргүзүүдө мыйзам тарабынан белгилеген ыкмалар баары колдонулбайт. Дароо эле коэфициенттери кымбат болгон ыкмалар колдонулуп, ишкерлер оор абалда калып жатышат. Мисалы, бир товарды мурда апкелгенде бир баа менен тариздеген болсо, кийинки жолу андан бир топ кымбатка таризделүүдө. Ушундан улам, бир эле товардын баасы ар кандай ишкерде ар түрдүү болот. Бажы тариздерин жүргүзүүдө сарпталган акча да товардын дүкөнгө же базарга чыккандагы өздүк баасына таасирин тийгизет. Ошондуктан, ишкерлер товарларынын баасы кымбат болуп, сата албай калып жатышат. Мейли, мыйзам талап кылса бажы төлөмдөрүн көтөрсүн, бирок алдын ала бул тууралуу маалымат берилиши керек да.

Бажы кызматындагы алешемдиктер тууралуу маселени ишкерлер Соода, өнөр жай палатасы менен чогуу бир нече жолу көтөрүшкөн. Бирок азырынча натыйжа жок дешет алар.

Ар бир ишкердин каалаган кампасына кызматкерлерибизди жибере албайбыз. БТС кампасы ишкерлерге да, бизге да ыңгайлуу.

11-октябрдагы өкмөткө караштуу Ишкерликти жана инвестицияларды өнүктүрүү кеңешинин жыйынына Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов да катышкан. Төрага ишкерлердин дооматтары боюнча учурда атайын жумушчу топ түзүү боюнча сүйлөшүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди:

- ЕАЭБге кире электеги бажы тариздеринин баасы менен азыркы тариздөөлөрдүн айырмасы чоң. Мурда сырттан кирген товардын көлөмүнө карап, бажы төлөмдөрү алынса, азыр баасына да көңүл бурулат. Ошондуктан, төлөмдөр 4-5 эселеп кымбаттады. 11-октябрдагы жыйынга мен да катышкам. Соода өнөр-жай палата төрагасынын дооматтары боюнча учурда Экономика министрлигинин алдында атайын жумушчу топ түзүүнү сүйлөштүк. Ага Бажы кызматынын, ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү кирет. Жумушчу топ бажы төлөмдөрүнүн баалары боюнча чогуу иш алып барат.

Ал эми убактылуу жүк сактоочу кампалар боюнча маалымат берген Азамат Сулайманов бажы тариздерин жүргүзүүгө ылайыктуу кампалар тандалып алынарын бекемдеди:

- Мыйзам боюнча сырттан товар алып келген декларанттар каалаган жерине барып, бажы тариздерин жүргүзүүгө укугу бар. Бирок алардын товарларын биздин кызматкерлер карашы керек, текшерүүгө тийиш, бажы төлөмдөрү төлөнүүсү керек. Бизде да ресурстар чектелүү. Ар бир ишкердин каалаган кампасына кызматкерлерибизди жибере албайбыз. БТС кампасы ишкерлерге да, бизге да ыңгайлуу. Ал жерде банктын кассасы бар, интернет бар, декларанттар үчүн да, бажы кызматкерлери үчүн да иштөөгө шарт бар. Башка текшерүүчү органдардын өкүлдөрү үчүн да орун камтылган. Көпчүлүк ишкерлер үчүн бул кампа ыңгайлуу. Бизге дагы ушундай кампаларды көбөйтүү тууралуу тапшырма берилди. Азыр муну караштырып жатабыз.

Ошентсе да айрым эксперттер бажы тармагынын карамагында убактылуу жүк сактоочу бажы терминалдары болбогон соң, бажы тариздери жүргүзүлгүчө жүктөр сакталуучу кампалар тендердин негизинде жана башка жолдор менен тандалып алынса, калыстык болорун бекемдешүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп киргенден бери ишкер чөйрө 60 млн доллар өлчөмүндөгү жоготууларга туш болгон.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG