Буга Кыргызстанда товарлардын негизинен сырттан киргени жана алардын доллар менен сатылып алынганы, өлкөдөгү ири соода-сатык доллар менен жүргүзүлгөнү, орус акчасынын кунунун түшүшү себеп экенин адистер белгилеп келишет.
Мындай шартта сом менен киреше таап, айлык алган кыргызстандыктар кандай айла-амалга барышы керек?
Акчанын үйү - банк
Доллардын өргө чаап баратканын улай, албетте көпчүлүгү дал ушул валютаны карманып турганы ырас. Алардын бири - жаш ишкер Нургазы Мырзаев:
- Биз ишкер болгон үчүн акча колубузда турбайт. Акча дайыма иштейт. Эгер ашыкча акча болсо доллар алып койсо уттурбайт.
Бирок эл канчалык долларга ыктаган сайын, ага талап күчөп, натыйжада баасы көтөрүлө берери шексиз. Мындай шартта улуттук валютабыздын куну качып, өлкөнүн каржылык абалы кыйындайт. Ал эми акчаны сом менен кармаганга мамлекет тарабынан шарт түзүлбөгөнүн Германиядагы State Street Bank банкында иштеген кыргызстандык Кемелбек Чороев белгилөөдө:
- Кыргызстанда сом түрүндө депозиттерди сактоого мамлекет өбөлгө түзүп берип, депозиттердин пайызы инфляцияны жаап, жакшы киреше ала тургандай кылса, эл сомго көбүрөөк ыктамак. Улуттук банк күндө 10-20 миллиондон базарга салып отурбай, тышкы кийлигишүүсүз эле табигый жолго салынмак.
Каражатты сактай турган негизги жай – банк. Кыргызстандагы банктарда депозиттик пайыздар жогору болбогону менен акча үйдө турганга караганда көбөйүп турат эмеспи. Ушул тапта өлкөдөгү банктарда депозиттер мөөнөтүнө, түрүнө, валютага карай 0 пайыздан 15% чейин.
Баалуу кагаздардын баркы
Кемелбек мырза Германиядагы тажрыйбаны эске алып, кандай болгон күндө да акчаны банкка депозитке салууга, же пайда алып келе тургандай башкача жол менен сактоого чакырат:
- Бул жакта эмне үчүн ууру жок? Анткени адамдар үйүндө акча кармабайт. Баары банкта кармашат. Же баалуу кагаз алып коюшат. Ошон үчүн өлкөнүн экономикасы да өнүгүп жатат. Анткени акча экономикада жүгүрүп турган кан. Ал жетишсиз болсо экономика да алга жылбайт. Ошондой эле алтын менен сактаса болот. Ал баалуу кагаздарга караганда стабилдүү. Бирок үйдө кармаса, пайда алып келбейт.
Эгер банк банкротко учурап, же башка бир форс-мажордук абалга туш келип калса, мамлекет банкка салынган акчанын 100 миң сомун төлөп берүүгө кепилдик берет. Ал эми акчаңыз 100 миңден көбүрөөк болуп банкка ишенбей жатсаңыз мамлекет төлөнүшүнө кепил болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алсаңыз болот. Аны Кыргызстандагы 16 банктан алууга болот дейт Каржы министрлигинин өкүлү Бакыт Сыдыков:
- Мамлекеттик казыналык вексель жана мамлекеттик казыналык облигация. Казыналык векселдин төлөө мөөнөтү 3-12 ай. Учурдагы пайыздык кирешеси жылдык эсеп менен алганда 11%. Ошондо 100 миң сомго баалуу кагаз сатып алса, бир жылдан кийин 11 миң сом пайда табат.
Ал эми казыналык облигациялардын төлөм мөөнөтү эки, үч жана беш жыл. Купондук ставка менен алганда пайыздык чен эки жылдык төлөм мөөнөтүнүкү 12%, үч, беш жылдык баалуу кагаздар 14%.
Үнөмдөгөндү үйрөнөлү
Ал эми мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров быйылкы жыл экономикалык жактан оор болорун эскертип, элди каражатты катуу үнөмдөөгө чакырат.
- Болгон чыгашалардын баарын азайтканга аракет кылыш керек. Чыгашалардын баарына көңүл буруш керек. Мисалы, беш телефон болсо, эки телефонду калтырып, калганына СМС жазганды үйрөтүш керек. Төрттөн бала окуткан үй-бүлөлөр бар. Алардын эң жакшы окуганына тийбей, калган үчөө ата-энесине жардам бергенче кирешени көбөйтө башташы керек. Кагаз баарын көтөрөт, атасы-апасы же баласы болобу, быйыл канча киреше алам, анын канчасы чыгаша болот деп кагазга жазып эсептегени туура. Чыгашасы кирешеден аз болсо эле үй-бүлө бутуна туруп кетет. Албетте, ириде той-топур чыгымын да азайтуу зарыл.
Албетте, капчыгындагы каражатты кандай колдонууну кожоюн өз билет деңизчи. Биз жөн гана муздаткыч, автоунаа, же үй алмакка топтогон каражатты инфляция жок кылып кетпеши, же үйдө жата берип капыстан бир күн жоголуп кетпеши, же башка бир себептерден улам максатына жетпей калбашы үчүн жогорудагы адистердин кеңешин бердик.