Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

Өкмөт жакынкы мезгилде Кыргызстанга 9 млрд. долларга жакын инвестиция тартууну көздөөдө.

Аны менен ГЭСтерди, темир жолдорду жана башка долбоорлорду ишке ашыруу көздөлүп жатканы айтылууда. Бул долбоорлор канчалык реалдуу?


Биздин талкуубузга “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов, Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору Бектур Асанов жана энергетика боюнча эксперт Жаныбек Оморов катышууда.


Ички саясат оңолмоюн ишеним болбойт


“Азаттык”: Талкуунун башында, Кыргызстандагы инвестициялык шарт жөнүндө сөз козгоп кетким келип жатат. Быйылкы жылы инвестиция жана капиталдык салым өткөн калабалуу жылга салыштырганда да төмөн болуп жатат. Мунун себеби биздеги башаламандык элеби, же башка себептер да барбы?
Жаңы өкмөт жакшы кадамдарды таштай алган жок. Баары эскиче эле, коррупциялык схемалар толугу менен иштеп жатат, эч кандай жылыш жок. Кыргызстанда конкреттүү бурулуш болбосо бизде инвестициялык климат жакшырбайт.
Бектур Асанов


Аликбек Жекшенкулов: Эң негизгиси биздин ички саясатыбыз оңолбой, башаламандык көбөйүп, бийликке ишеним жоктугунан ушундай болуп жатат. Тышкы саясат менен инвестициялык климат биздин ички саясатка жараша болот. Тилекке каршы биздин эл аралык коомчулук жалпы инвесторлор Кыргызстанда бүгүнкү коопсуздук маселеси кандай, элдин маанайы, бийлик кандай деген сын-пикир менен карап турат. Ошол себептен көп нерселер чечилбей атат.

“Азаттык”: Бектур мырза, сиз губернатор болуп иштеп турганда инвесторлор менен сүйлөшсөңүз керек. Аларды тартууда эмне тоскоолдук кылып жатканын байкадыңыз?

Бектур Асанов: Биздеги апрель революциясынан кийин эл, сырткы инвесторлор, дүйнөлүк коомчулук күткөн нерсе болгон жок. Мамлекет укуктук негизде, жаңы өкмөт жакшы кадамдарды таштай алган жок. Баары эскиче эле, коррупциялык схемалар толугу менен иштеп жатат, эч кандай жылыш жок. Инвесторлор ар бир өзүнүн кадамын эсептешет. Алар карап турушат, эгерде Кыргызстанда конкреттүү бурулуш болбосо бизде инвестициялык климат жакшырбайт.

“Азаттык”: Энергетикалык схемалар мурдагы бойдон калып жатат деп бийликтеги, энергетика министрлигиндеги жетекчилер айтып жатышат. Чын эле схемалар ошол бойдон калып жатабы?

Жаныбек Оморов: Коррупция маселеси көп жылдан бери бизде чечилбей келатпайбы. Бул маселени чечүүдө лидер жок. Президент болобу, же башкасы болобу бул маселени көтөрүп чыгышып, согуш жарыялаш керек. Ошондо гана чечилет. Бул инвестициялык климаттын негизги шарттарынын бири болот.
Бизде чаң-тополоң болуп, укук коргоо органдарында паракорлук болсо чет өлкөдөн келген инвесторлор эмес, жөнөкөй жарандар ишенбейт. Аликбек Жекшенкулов


“Азаттык”: Мына өкмөт 2014-жылга чейин энергетикалык тармакка 7 млрд. доллар инвестиция тартаарын айтып жатат. Бул ошол эле Нарынга ГЭСтерди куруу, электр линияларды тартуу. Бул реалдуубу же өкмөт “Аракет”, Өнүктүрүү стратегиясы дегендей кагаз жүзүндөгү кыялбы?

Аликбек Жекшенкулов: Кээ бир өкмөттүн мүчөлөрү өзүнүн жеке профессионал деңгээлин элге даңазалаш үчүн пиар кылып атышат. Экономиканын абалы кандай абалда бүгүн, Кыргызстандын негизги фонддору кандай, эмне байлыгы бар, ушуну мурун биз тактайбыз деп айткан, азыр болсо эч ким айтапайт. Азыркы өкмөттүн иштеп атканына бир жарым жылга жакындап калды. Бизге инвестиция жөн эле келе бербейт. Бизде чаң-тополоң болуп, укук коргоо органдарында паракорлук болсо чет өлкөдөн келген инвесторлор эмес, жөнөкөй жарандар ишенбейт. Ошон үчүн Экономика министрлигинин жетекчилери маалымат бергенде элди алдабай, так бериши керек. Энергетиканы 7 млрд. деп айтыптыр. Ысык-Көлдө Кыргызстан менен Орусиянын энергетика министрлери сүйлөшкөн, ал жерге 5 ГЭС курабыз деген. Бирок цифралар айтыла элек. Анткени анын астында долбоорлорду жасаш керек.



“Азаттык”: Бектур мырза, Орусия менен түзүлүп жаткан келишимдердин негизинде алдын ала цифраларды айтып жаткандыр, бул реалдуудур?

Бектур Асанов: Мен ал келишимди көргөн жокмун. Азырынча бул каалоо гана. Бул бүгүн эле ишке ашат деген реалдуулукка жатпайт. Буга негиз болуш керек, так, ачык болуш керек, бул акча кандай негизде келет, бул жерде биздин көз каранды эместигибизге шек келбейби деген маселелер бар. Геосаясий планда бул регионду кармаш үчүн рычаг катары пайдаланууга болгон аракеттер буга чейин болуп келген. Ошондуктан бул маселени биз өтө абайлап карашыбыз керек.


Эл башы болгончо - суу башы бол

Эң негизгиси өкмөттө экономикалык өнүгүү, стратегиялык реалдуу план жок. Энергетика секторунун өнүгүү программасы да жок.Жаныбек Оморов


“Азаттык”: Нарындын суусун көзөмөлдөө бул жалпы Борбор Азия регионунда суу стратегиясына таасир этүүгө мүмкүнчүлүк алуу дегендик. Мына ошол жагдайга байланыштуу парламент кезинде атайын мыйзам кабыл алып, суу Кыргызстандын гана көзөмөлүндө болот деген талапты киргизген. Азыркы кезде Кыргызстан Орусия менен энергетикалык багытта келишимдердин үстүндө иштеп жатат. Мына ошол келишимде сууну ким көзөмөлдөөрү так жазылышы керекпи?

Жаныбек Оморов: Ишенбөөчүлүк сөздөр коомдо токтобойт. Эң негизгиси өкмөттө экономикалык өнүгүү, стратегиялык реалдуу план жок. Энергетика секторунун өнүгүү программасы да жок. 2025-жылга чейин деп бир программа түзүлгөн. Анын иш жүзүндө аткарылышы күмөн болуп атат. Кыргыздын эли түшүнгөн программа түзүлүш керек, канча ГЭС кура алабыз, кайсы жака жана канча баада сатабыз. Ошондой план түзүлгөндө гана элдер ишенет. Орусия салабыз деп атат, алардын өзүлөрүнүн проблемасын билебиз, бюджетинин абалын да түшүнүп атабыз. Эртең ылдый кетсе, баш тартышы мүмкүн.



Аликбек Жекшенкулов: Орусия менен иштегенден коркпош керек. Анткени буга чейин энергосистеманы толук Орусия камсыз кылган. Тилекке каршы бизде программа ишке ашпай, кагаз түрүндө кала берген. Андан тышкары техникалык жабдуулар эскирди. Профессионал, жаш адистер аз. Тажрыйбалуу адистер сыртка кетип калды. Августта болгон энергетика боюнча сүйлөшүүлөрдө сууну көзөмөлдөйбүз деген маселе болгон жок. Чогуу 5 ГЭСти салалы, ким канча пайыз алат деген гана сөз болгон. Өзүбүз Кытай, Пакистан, Индияга экспорттойбуз деп айтып келатканыбызга 15 жыл болду, экспорттомок тургай өзүбүздүн муктаждыгыбызга жеткире албай отурабыз. Бүгүн Орусия менен Казакстан менен тыгыз байланышыбыз керек. ГЭСтер кыргыз жеринде курулат, кыргыз жарандары иштейт, эч ким көчүрүп кете албайт.

“Азаттык”: Мурунку 2009-жылдагы келишим боюнча Камбар-Ата-1 50:50 болуп бөлүнгөн эле. Азыр кандай каралып атат?

Аликбек Жекшенкулов: Азыр дагы 50:50 варианты, анан 75:25 варианты бар, 75 Орусияга, 25 бизге. Бирок биздин өкмөт 50:50гө туруп атат. Казактар да кошулабыз деген пикирлерин айтып атат. Алар кошулса кайра жакшы болот. 25-30 пайыз деле мамлекетке жетет.

«Азаттык»: Суу ресурсу менен Нарындын этек жагындагы айрым мамлекеттерди көзөмөлгө алса болот. Орусиянын кызыкчылыгы ушул жагында жүрбөсүн?

Бектур Асанов: Сөсүз түрдө ушундай. Бүгүн Кыргызстан темир жол, энерго система боюнча да туюктабыз. Казакстан, Өзбекстан, Орусиядан башка эч жака сата албайбыз. Биз автожол, авиа каттам менен гана башка жака каттай алабыз. Ошондуктан темир жол аркылуу Кытайга чыкканга аракет кылышыбыз керек. Энергосистеманы да Кытай, Түштүк Азия энергосистемасына кошушубуз керек. Себеби биз былтыр ашып кеткен сууну бекер төктүк. 1 центтен Өзбекстан, Казакстан алды. Казарем долбоору бүтүп калганда биздин чек арабыздан Пакистан, Ооганстан 5 центтен алмак. Эң ириде Кыргызстандын кызыкчылыгы туруш керек. Орусия биздин негизги партнерлорубуздун бири болуп кала берет. Биз жүгүнүүчүлүк саясаттан кетишибиз керек.

“Азаттык”: ГЭСтерди курууда Орусиядан башка да ири мамлекеттер катышса кандай болот?

Жаныбек Оморов: Инвестиция оптималдуу түрдө жүрсө, биздин кызыкчылыгыбызды максималдаштыруу керек. Мурда биздин жабдыктар Орусия менен Украинадан келчү. Бүгүн заманбап жабдыктарды көп жерлерде жасашат. Ошондуктан программабызды ачык жарыяласак. Анан Орусия, Кытай, же башкалар шартын айтат. Баарына тең мүмкүнчүлүк бериш керек. Орусиядан баары келишти, меморандумга кол коюшту. Бирок өз убагында жасалбаса күчүн жоготот. Бир жерди эле карай бербеш керек. Европалыктар планыңар кандай, ГЭСти курсак сата алабызбы деп сурашат. Экономиканын өнүгүүсүнүн эң негизги шарты коопсуздук.

Бектур Асанов: Нарын суусу эң маанилүү суу, бул түгөнбөс кенч. Ошондуктан аны 100 пайыз Кыргызстан өзү куруш керек. Акчаны карызга алабы, мамлекеттин кепилдиги менен табыла турган нерсе. Темир жол дагы чек арадан чек арага чейин кыргыз мамлекетинин өзүнүкү болуш керек.

Аликбек Жекшенкулов: Жолду оңдой албай атып, кичинекей имарат салалбай жатып ГЭС курабыз деген реалдуу эмес. Өзүбүз кура албайбыз, буга чоң инфраструктура керек.


Ички энергетикалык коопсуздукту кантебиз?

Ички шакекти калыптандырууну Акаевдин тушунда эле жасап койсо болмок. Ошол учурда Кытай, эл аралык банктар да акча бермек. Бүгүнкү күндө мамлекетте бекем тартип болсо, саясий эрк болсо, Камабар-Ата-1ге да акча табылат.
Бектур Асанов

“Азаттык”: ГЭСтерди куруу да керектир, бирок ички энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн ички алкакты түзө албай, оор учурда туруп атпайбызбы. Балким негизги көңүлдү ушул жака бөлүш керектир?

Бектур Асанов: Негизги иштин башы өзүбүздүн ичибиздеги тартипти оңдошубуз керек саясатта дагы, экономикада дагы. Бизде коррупция болуп атса, эч бир инвестор келбейт. Экинчиден, саясий эрк керек. Бизде Кыргызстанда мүмкүнчүлүк болгон, ички шакекти калыптандырууну Акаевдин тушунда эле жасап койсо болмок. Ошол учурда Кытай, эл аралык банктар да акча бермек. Бүгүнкү күндө мамлекетте бекем тартип болсо, саясий эрк болсо, Камабар-Ата-1ге да акча табылат.

“Азаттык”: Газпромдун жардамы менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетебиз деген сөзгө кандай карайсыздар?

Жаныбек Оморов: Саясий деңгээлде мындай сөздөр айтыла берет. Бирок биз кайра эле өзүбүздүн программага келип такалабыз. Газпром келсе, биздин Кыргызстандын кызыкчылыгын да айтыш керек да, орустар муну алат, кыргыздар муну алат деп. Экинчиден, проблема акчада эмес, тартипте. Планың барбы, өкмөт алмашса бир өкмөт экинчи өкмөттүн чечимдерин жокко чыгарбайбы, мыйзамыңар иштейби деп сурашат. Ушул маселе чечилиш керек.

“Азаттык”: Инвестиция президенттик шайлоодон кийин келет деген сөздөр бар. Бул күтүүгө негиз барбы?

Аликбек Жекшенкулов: Кайсы президент келсе ошого сыйынчудай карайбыз. Кеп бир кишиде эмес, жалпы команда болуш керек, профессионалдар келсе, президент өзүнүн, үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын ойлобой, жалпы кыргыз элин ойлосо, эл менен кеңешип иш кылса оңолобуз. Азырынча 2-3 жыл кыйын мезгил болот биз үчүн. Ошондуктан убакыт керек.

“Азаттык”: 9 млрд. анда жөн эле кыял болуп калат окшойт?

Бектур Асанов: Президенттик шайлоону таза өткөрүп алсак инвесторлор келет. Бир кадам алдыга өсөт. Менде ишенич бар.

“Азаттык”: Рахмат сиздерге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG