Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

Кыргызстандын ун өндүрүшү кескин кыскарды. Жергиликтүү тегирменчилер мунун себебин коңшу Казакстандан аткезчилик жол менен ун алып өтүү күчөгөнүнө байланыштырып, чек арада ага каршы көзөмөлдү күчөтүүнү сурашууда.

Жергиликтүү өндүрүш – мамлекеттик бюджет

Кыргызстандык ун өндүрүүчүлөр ай сайын орто эсеп менен 15 миң тонна ун чыгарат. Мурдагы өкмөттүн тушунда Казакстандан келчү унга кошумча төлөм киргизилгенден кийин өндүрүш дээрлик эки эсе өскөн. Бул тууралуу Кыргызстандагы Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Батыр Төрөбаев “Азаттыкка” билдирди:

- Төлөм жок кезинде бир айда 15 миң тонна ун чыгарсак, сырттан алып кирген унга төлөм киргизилгенден кийин өндүрүшүбүз эки эсе өстү. Бүгүнкү күнү чек аралар ачылып, аткезчилик күч алгандан кийин, сырттан алынган ундун агымы күчөп, биздин өндүрүш токтоду. Ун деген чөнтөк же баштыкка катып алып кирүүчү товар эмес, аны жүк ташуучу унаалар менен тонналап алып кирип жаткандарды текшерип, жолго салууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Кыргызстан калкы бир жылда 600 миң тонна ун керектейт. Мындай өлчөмдөгү унду алуу үчүн 800 миң тонна буудай зарыл. Кыргызстанда жылына 400 миң тоннанын айланасында буудай өстүрүлөт. Ошондуктан ун өндүрүүчүлөрдүн негизги сырьесу Казакстандын буудайы бойдон калууда.

Батыр Төрөбаевдин айтуусунда, жыл башынан бери кыргызстандык ун өндүрүүчүлөр кошумча нарк салыгынан тышкары мамлекеттик бюджетке 400 млн. сом салык төккөн, ал эми кошумча нарк салыгынын суммасы 800 млн. сомду түзгөн.

Учурда ун аткезчилигинин күч алуусу менен Кыргызстандын бюджети бул кирешеден куру калуу коркунучунда турат. Себеби ушул тапта тегирмендердин баарынын кампаларында ун өтпөй турат, өндүрүш дээрлик токтоду. Айрым ишканалар жумушчуларын акы төлөнбөөчү эмгек өргүүсүнө жиберүүгө аргасыз болушкан. Ушундан улам тегирменчилер Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Кыргызстандагы өндүрүштү сактап калуу үчүн керектөөчүлөрдү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өнүмдөрүн сатып алууга үндөөгө аргасыз.

Кыргызстандагы негизги ун өндүрүүчү ишкана “Акун” фирмасынын өкүлү Рустам Жумашев Кыргызстанда жасалган ундун артыкчылыгы – анын ден соолукка пайдалуу заттар менен байытылгандыгында экенин белгилейт:

- Биздеги атайын мыйзамдар боюнча унду пайдалуу витаминдер менен байытууга тийишпиз. Базарга байытылган гана ун чыгарылыш керек. Ал эми Казакстандан келип жаткан ун байытылган эмес. Азыр муну текшерүүчү орган жок. Санитардык-ветеринардык кызмат, Экспертиза борбору чек арадан кирип, базарларда сатылып жаткан унду текшерүүсү тийиш. Ошондуктан баасы арзандыгына кызыгып, сатып алуудан мурун, керектөөчүлөр ундун байытылганына, саламаттыкка пайдалуулугуна да көңүл буруп коюшса...

Бүгүнкү күнү чек аралар ачылып, аткезчилик күч алгандан кийин, сырттан алынган ундун агымы күчөп, биздин өндүрүш токтоп калды.

Казакстандан ун аткезчилиги күч алганын Мамлекеттик салык кызматы да мойнуна алып, бир нече ирет бул тууралуу билдирүүлөрдү жасаган. Алсак, өткөн апталарда Таластагы кыргыз-казак чек ара бекеттерине жасаган иш сапарында Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов салык төлөөдөн баш тартуу максатында айрым ишкерлер жаңы схемаларды ойлоп таап, ун аткезчилигин күчөтүп жатышканын белгилеген:

- Алар талон толтуруп жатканда товарлардын баасын төмөндөтүп көрсөтүшкөн. Жакында эле үч күндүн ичинде Кыргызстанга 1 миң 237 тонна ун алып келинген, анын суммасы 4 млн. сом деп көрсөтүлгөн. Демек учурда ундун базардагы баасы 20-23 сом болуп жатса, импорттолуп келген 1 килограмм ундун орточо баасы 3 сомду эле түзөт.

Мындай фактылардан улам, салык кызматы ташылып келген товарларга баанын көзөмөлдүк деңгээлин аныктоо жана колдонуу механизмин киргизүү маселесин сунуштоодо. Ага ылайык, мисалы, ундун көзөмөлдүк деңгээлин килограммына 15 сомдон кем эмес өлчөмдө аныктоого болот.

Базардагы бааларда өзгөрүү жок

Казакстандан ун канчалык арзан баа менен көрсөтүлүп, арзан баада өткөрүлбөсүн, азырынча базардагы баалар өзгөрүүсүз калып жатат. Бүгүнкү күнү базар-дүкөндөрдө сатылып жаткан Казакстанда өндүрүлгөн ун менен кыргызстандык тегирменчилердин унунун баасында айырма деле жок. Ошондой эле мурдагы баасынан арзандаганы деле байкалбайт.

Ош базарындагы ун сатуучулардын бири Бактыгүлдүн айтуусунда, акыркы эки жумадан бери “Акун” фирмасынын унунун 1 килограммы 2 сомдон арзандады, калгандарынын баасы өзгөрүүсүз турат:

- Эң арзан ундун 1 кабы 1200 сом. 1250 сомдуктары да бар. Булар 50 килограммдык каптар. Кыргызстандыкы да, Казакстандыкы да ошондой эле баада. Баалар өзгөргөн жок. “Акун” фирмасынын ундары гана акыркы эки жумадан бери 1 килограммына 2 сомдон арзандады. Биз унду дүңүнөн сатып алабыз, сезилерлик деле арзандоо болгон жок.

Базардагы көрүнүштөн улам, Казакстандан аткезчилик жол менен арзан кирип жаткан ундун пайдасын ким көрүп жатат деген суроо туулат. Анткени карапайым эл арзан унга жете элек, алар буга чейин канчадан сатып алып келишкен болсо, дагы деле ошол боюнча калууда. Демек мындан пайданы ортомчу алып сатарлар көрүп жаткансыйт.

Ошондуктан кыргыз өкмөтү ички рынокту жана жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү коргоочу механизмдерди ишке киргизүү керек. Мындай пикирин Товар жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева “Азаттык” менен бөлүштү:

- Бул жерде азык-түлүк коопсуздугу тууралуу маселе жатат. “Жайында даярданбасак, кышында эмне жейбиз?” дегендей эле кеп да. Эгер кокусунан кандайдыр бир чукул кырдаал болсо, биз элди эмне менен багабыз? Ошондуктан өкмөт эң ириде жергиликтүү өндүрүштү колдоп, аны сактап калуунун аракетин көрүүгө тийиш. Казынада акча барбы, жокпу, бул шылтоо боло албайт. 90-жылдардагыдай дүкөндөр бош, эл ачка калбасын үчүн өкмөт ойлонуп, жолдорун табууга тийиш. Тикелей акча жагынан жардам бербей эле койсун, бирок жеңилдиктерди берсин. Жеңилдиктердин да иштеп, ишкерлерге да, элге да пайдасы тие турганын берсин. Бул өкмөттүн милдети.

Кыргызстанда 33 ун өндүрүүчү ишкана бар. Анда 15 миңден ашуун киши иштейт. Өндүрүш кескин кыскарганына байланыштуу учурда 5 миңден ашуун жумушчу акы төлөнбөөчү эмгек өргүүсүнө чыгарылган. Адистердин айтуусунда, жумуш орду кыскарып, айлык акылардын азаюусу сырткы миграциянын агымын күчөтөт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG