Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:07

Сом бир аз арзандады


Кыргызстанда сентябрь ичи бензиндин баасы көтөрүлгөнү менен, глобалдык рыноктордо чийки мунайдын бир баррелге баасы $2.75 арзандап, $103.35 түздү. Бир баррель 117 литрге барабар.

Мунай сыңары алтындын наркы да түштү. Акыркы жети күн ичинде, дүйнөлүк биржаларда алтындын 100 унциясы $91.80 арзандаган. Өткөн аптада алтындын баасы 1401 доллар болсо, бул жумада алтындын жүз унциясын $1310 сатып ала аласыз. Жүз унция – 2835 граммга барабар.

Аурум же алтындын баасы арзандаганынан улам, Кыргызстандын казынасына эң көп киреше алып келүүчү Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голддун” акцияларынын наркы да төмөндөдү. Торонто фондулук биржасындагы көрсөткүчтөргө караганда, бир акция 54¢ түшүп, C$4.83 түздү. Сом менен алганда “Центерра Голддун” бир баалуу үлүш кагазы 23 сом 58 тыйынга арзандап, 230 сом 5 тыйынга барабар болду.

Валюталар базарында, же форекс рыногунда, акыркы жума ичи кыргыз сомунун наркы башка валюталарга салыштырмалуу бир аз түштү. Форекс базарындагы көрсөткүчтөргө ылайык, бир америка доллары бир аз кымбаттап, 49 сом 5 тыйынды түздү. Коңшу Кытайдын акча бирдиги үч тыйынга көтөрүлүп, 7 сом 98 тыйын болду, ал эми жапон иенасы болгону 2 тыйынга өстү.

Эң чоң өсүш сом – франк катнашында байкалды. Дүйнөлүк форекс базарларында, “Оанда” корпорациясы маалымдагандай, акыркы жума ичинде Кыргызстандан эң ири көлөмдө алтынды жана асыл таштарды сатып алган Швейцариянын валютасы 98 тыйынга өсүп, бир франк – 53 сом 84 тыйынды түздү. Евронун сомго болгон курсу 95 тыйынга көтөрүлүп, 66 сом 30 тыйын, ал эми Британия фунту 68 тыйынга кымбаттап, 78 сом 65 тыйындан сатылууда. Белгилей кетчү жагдай, бул дүйнөлүк форекс базарындагы өзгөрүштөр, Кыргызстандагы акча алмашуу курсуна түз таасири аз.
Валюталардын курстары

Валюта

Наркы

Өзгөрүш

Швейцария S₣r1 53.84 сом +98 тыйын
Евробиримдик €1 66.30 сом +95 тыйын
Улуу Британия £1 78.95 сом +68 тыйын
АКШ $1 49.05 сом +13 тыйын
Кытай 元1 7.98 сом +3 тыйын
Жапония ¥1 47 тыйын +2 тыйын
Евробиримдик €1/АКШ $1 1.35 доллар +2 ¢
Булак: "Оанда" корпорациясы, 25.09.2013

Бишкектеги Кыргыз фондулук биржасы өлкөдөгү жападан жалгыз баалуу кагаздарды жүгүрткөн соода аянты. Биржанын сайтына ылайык, соңку аптада сооданын көлөмү төрт эсеге көбөйүп, 235 миллион 890 миң сомду түздү. Акциялардын ичинен эң ири суммада сатып алынган баалуу үлүш кагазы Жалал-Абаддагы “Келечек” акционердик коомуна таандык. Компаниянын 200 миллион сомдон ашык суммага акциялары сатылган. Ал эми эң аз суммада Токмок басмаканасынын болгону 45 сомго баалуу кагазы сатылды.

“Шоро” компаниясынын облигациялары соода көлөмү жана жүгүртүү боюнча биринчиликтен түшпөй келүүдө. Акыркы жети күн ичинде “Шоронун” 1 миллион 181 миң сомго барабар баалуу карыз кагаздары соодаланган. Ал эми банктардын ичинен, Кыргыз инвестиция-кредит банкынын 30 миллион сомдон ашык облигациялары сатылды.

Жергиликтүү финансы чөйрөсүндө “Кыргызстан” авиакомпаниясы өзүнүн уставдык капиталын көбөйтүү максатында кошумча акцияларын 24-сентябрда сатты. Авиакомпаниядан маалымдашкандай, жалпы суммасы 226 миллион 927 миң сомго баалуу үлүш кагаздары эркин соода жүгүртүүгө коюлду. Кошумча эмиссиядан түшкөн каражат авиакомпаниянын 2013–2015-жылдарга өнүктүрүү планын ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

“Кыргызстан” авиакомпаниясынын өнүктүрүү боюнча вице-президенти Кайрат Итибаевдын “Азаттыкка” айтканына караганда, кошумча каражат авиапаркты жаңыртууга, учуу георграфиясын кеңейтүүгө, тейлөөнү жакшыртууга жана бир нече эл аралык аудиттен өтүүгө шарт түзөт.

Учурда “Кыргызстан” авиакомпаниясы Боинг–737 үлгүсүндөгү үч учакка ээ жана 12 шаарга каттамдарды аткарат. Андан тышкары авиакомпания дагы 150 миң сомго акция сатаарын билдирди.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG