Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Режин Спектор: Кыргызстан ишкерлери илбериңки


"Дордой" базары 23-январь, 2013-жыл

"Дордой" базары 23-январь, 2013-жыл

Кыргызстандыктар тобокелдиктен коркпойт, бул кээде ийгиликке өбөлгө – деди “Азаттыкка” эксклюзив маегинде Америкадагы Массачусетс университетинин профессору жана саясат таануучу Режин Спектор. Бул айым Кыргызстандагы базарлар системасын изилдеп келатат. Ал “Азаттыкка” конокко келип, көргөн-баккандарын ортого салды.

“Азаттык”: Сиз көптөн бери Кыргызстанда изилдөө жүргүзүп, биздин базарлардын иш алып баруусун изилдеген экенсиз. Эмне себептен Кыргызстанды тандап алдыңыз жана изилдөөңүздүн негизги максаты эмне эле?

​Режин Спектор: Менин апам – жапон, атам – Америка жараны, ошондуктан кичинекей кезимден эле ар кандай маданияттарга аралаш чоңойгом. Мектепти аяктаган соң, Европалык саясат таануу факультетине тапшырып, орус тилин үйрөнө баштадым.

Ошол жылдарда мен Борбор Азия жөнүндө биринчи жолу угуп, бул аймактын маданиятына, тарыхына жана калктарына кызыга баштадым.

Кандидаттык диссертациямды жазып баштаган кезде Борбор Азияны изилдөөгө кириштим. Бул аймакка алгачкы сапарымда Ташкентке келгем. Өзбекстанда бир ай жүрүп, аябай таасирлендим. Ошол эле сапардын алкагында Кыргызстан менен тааныша кетүүнү чечтим. Мына ошондо базар жана соодагерчилик кыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосунда жана ишинде кандай чоң рол ойнорун түшүндүм. Бир катар адамдар менен тааныштым, алардын арасында “челноктор” дагы бар эле, алар базарларда иштеп, чек аралар аркылуу оор жүктөрдү алып өтүшөт экен.

Завод, фабрикалар иштебей турган кезде базар тармагы абдан гүлдөп жатыптыр. Көптөгөн кызыктуу көрүнүштөр диссертацияма кызыктуудай сезилди. Кыргызстанды тандаганымдын дагы бир себеби, бул өлкө маалымат топтоо жагынан аймактагы салыштырмалуу ачык өлкө, адамдар да ачык жана маалымат каражаттары дагы эркин.

Изилдөөм үчүн эки багытты тандап алдым. Биринчиси - соодагерлер, ишкерлер, бизнесмендер жана алардын кантип Кытайдан товар ташуу менен өз бизнесин кураганы. Баары тең эле ийгиликке жеткен эмес экен, көбүнүн күчү жетпей калыптыр. Бирок айрымдары чоң ишкерлерге айланууга жетишип, өз тажрыйбаларын башка бизнести негиздегенге колдонушуптур. Маселен, кийим тигүү тармагын алалы. Изилдөөмдүн экинчи багыты базарлардын ээлерине арналды. Канча адам базарга ээлик кыларын, кантип чыгым бөлүштүрөрүн изилдедим. Көптөгөн базар ээлери бизнестин бул түрүн өлкөдөгү эң кирешелүү тармакка айлантып алышыптыр, ал гана эмес, бийликке чейин жетишип, парламенттин мүчөсү болуп алгандары дагы бар экен.

“Азаттык”: Албетте, кыргыз базарларынын даңкы алыска кеткен эмеспи. Сиз изилдөөңүздө Бишкектеги “Дордой” жана Ош облусундагы Кара-Суу базарына басым жасаган экенсиз.

Кара-Суу базары 10-ноябрь, 2011-жыл

Кара-Суу базары 10-ноябрь, 2011-жыл

​Режин Спектор: Ооба, изилдөөмдүн өзөгүн Кыргызстандагы ушул эки базар түздү. Бирок бул тармакты тереңирээк түшүнүү үчүн Ош базарын, унаа базарын жана Бишкектеги “Мадина” базарын, Оштогу “Ош базарын” изилдеп чыктым. Бул базарлардын башкаруусунда абдан көп айырмачылыктар бар экенин байкадым.

Ошондой эле базардагы орундар үчүн талаш-тартыштар көп болот экен. Айрым базарларда 20 жылдан бери бир эле адамдар ээлик кылып келсе, башкаларда менчик талаш болуп турат экен. Бул мен үчүн чоң ачылыш болду, анткени мен 2005-жылы Акаевдин бийлиги кулаган кезде келгем, ошол кезде баары тең эле басып алуу, менчиктештирүү жөнүндө сүйлөшчү. Кандайдыр бир экономикалык башаламандык сезилип турган, бирок базарлардын айланасындагы абал тынч болчу. Мына ошондо мага: “Өлкөдө стабилдүүлүк орнобой, кырдаал тынчыбай жатса да бул бизнес эмнеге өнүгүп жатат?” деген суроо келди. Булар кандай коомдук жана саясий байланыштарды жана стратегияларды колдонуп, ийгиликке жетишип жатат? Мына ушул суроолорго жооп алыш үчүн мен кийим тигүү тармагын да изилдей баштадым.

“Азаттык”: Бишкекте жана Оштогу базарлардын иш-аракеттерин жана структураларын салыштырып, кандайдыр бир айырмачылыктарды көрө алдыңызбы?

Режин Спектор: Бул жакка келгенге чейин мен Кыргызстанда ар түркүн улуттардын өкүлдөрү жашарын окуп билгем. Ошол калктар арасында көптөгөн кылымдар бою соода менен алек болуп келген өзбектер жана тажиктер да бар экени тууралуу маалымат алгам. “Дордойдо” сатуучулардын көбү кыргыз жана орус улутундагылар экенин байкадым. Түштүктө болсо көбүнесе өзбектер соода менен жан сакташат экен. Соодалашуу маданияты дагы эки жакта ар кандай – түштүктө соодалашуу кадимки эле көрүнүш жана сатуучу товардын баасын кыйла түшүрөт, ал эми Бишкектин “Дордоюнда” сатып алуучулар бирин-серин соодалашып, узакка созбой эле сатып алышат. Мунун негизги себеби – контейнерлерде отургандардын көбү – жөн гана маянага иштеген сатуучулар жана алар товар ээлери койгон баалардан бир аз гана түшө алышат. Бул ушул эки региондун соода жагынан тарыхый жолу башкача болуп, заманбап соодалашуу маданиятына катуу таасир тийгизгенин далилдейт.

​Ээлик кылуу структурасы дагы убакыт өткөн соң өзгөрдү – мурун базарлардагы участоктордун ээлери жеке челноктор болсо, убакыттын өтүшү менен алар өнүгүп, башкаларды жалдай башташты. “Дордойдун” ээлик кылуу структурасы так белгиленип, жыйырма жылдан бери белгилүү адамдардын колунда өзгөрүүсүз турат. Ал жактагы соодагерлер ар кандай кылмыш топторунун талап-тоноосунан корголушкан.

Ал эми Оштун Кара-Суу базарында ар кайсы жылдары ар кандай ээлер болуп, соодагерлердин айтымына караганда, маркум Баяман Эркинбаевдин көзөмөлү алдында болуп турганда кыйла туруктуу болуп, ал эми анын көзү өткөндөн бери базар үстүндөгү көзөмөлдү талашкан ар кандай кылмыштуу топтор улам келип, кожоюн болгусу келип, соодагерлерден акча талап кылып кутурушкан.

“Азаттык”: Кыргызстандагы базар тармагына мамлекеттин кийлигишүүсүн байкадыңызбы?

Режин Спектор: 1990-жылдар башында формалдык мамлекеттик көзөмөл бар болчу. 1990-жылдардын ортосунан баштап, “патент” деген түшүнүк киргизилип, мамлекет жеке ишкерлерден салык ала баштады. Бирок, иш жүзүндө ал ишкерлер мамлекеттин коргоосуна алынган жок – Соцфонддо каттоого коюлган эмес, саламаттыкты сактоо пакеттерди колдонууга акысы жок, социалдык коргоосу жок. Баары болбосо дагы, көпчүлүгү салыкты кадимкидей төлөшөт дагы, бирок эртеңки күнү кандай болорун билишпейт, себеби мамлекет аларга кам көрбөйт.

“Азаттык”: Базарлардан тышкары бизнестин башка тармактарында изилдөө жүргүздүңүзбү?

Режин Спектор: Азыркы тапта мен кийим тигүү тармагын изилдеп жатам. Бул тармактын ишкерлери менен көп маектешип, маалымат чогултуп жүрөм. Мени кызыктырганы, кийим тигүү тармагы мамлекеттин колдоосу же кийлигишүүсү жок эле өзүнөн-өзү жандуу өнүгүп келатат. Экономикалык өнүгүү перспективасынан алып карасак, Кыргызстан Кытай менен чектешип, ал жерден сансыз товарлар бул жакка импорттолот жана өлкөдөгү саясий кырдаал дагы дайыма туруксуз. Ушуларды эске алганда, кийим тигүү же башка жеңил өнөр-жай тармагынын өнүгүү потенциалы өтө төмөн болчу. Күрөш кыйын болуп, көптөгөн цехтер жана дүкөндөр жабылды. Бирок, көптөгөн башка ишкерлер гүлдөп жатканын дагы байкаса болот, алар бул бизнеске үй-бүлөлөрү менен баштарын салып, туугандары аркылуу цехтерди башкарып, товарды сатып, Казакстан менен Орусияга экспорт жасап жатышат.

​“Азаттык”: Айтмакчы, соода тармагында иштегендер Бажы биримдигине өтсөк эмне болобуз деп кабатыр, бул тууралуу биле алдыңызбы?

Режин Спектор: Изилдөө жүргүзүп жатканда бул суроону көп бердим. Тилекке каршы, көбүнүн Бажы биримдиги жөнүндө тап-такыр түшүнүгү жок жана ал соодагерлерге пайда алып келеби же зыянбы - ал жөнүндө да эч нерсе билишпейт. Азыр айрым аналитиктер чакан бизнестерди чоң бизнес корпорациялар жутуп алышы мүмкүн деп айтып жатышпайбы. Мен ошондон улам сиздерге коркунуч болгон жокпу деп сурасам, алар кандай гана кырдаал болбосун жол таап кетээрин айтышты. Ушул чоң өзгөрүүлөргө даяр экендиги мени абдан таң калтырды. Көптөр көчөдө калбасына ишенишет экен. Бирок мындай ишеним бажы биримдиги жөнүндө тушүнүктөрү аз болгон үчүн болуп жаткандыр. Негизинен жеке ишкерлер кандай гана шарт болбосун иштеп кетүүгө даяр экен.
XS
SM
MD
LG