Линктер

Эсеп палатасы бир катар мамлекеттик ишканаларда каржылык мыйзам бузууларды аныктап чыкты. Былтыр акчаны туура эмес сарптоодон казынага келтирилген чыгым бир жарым миллиард сомго жеткен.

Экономисттер барган сайын мамлекеттик мекемелерде мындай көрүнүш күчөп жатканын айтышат. Мунун себебин көзөмөлдүн чабалдыгынан көргөндөр да бар.

Эсеп палатасы мамлекеттик мекемелердеги каржынын туура эмес пайдаланган фактыларын аныктаган учурлары арбыды.

Мекеме төрагасы Улукбек Мариповдун билдиришинче, 2015-жыл боюнча текшерүүлөрдө мыйзам бузуулардан бюджет бир жарым миллиард сомдун тегерегинде зыян тартты, анын 800 миллиону мамлекетке кайтарылды. Марипов каржылык мыйзам бузуулар боюнча абал мурунку жылдардай эле өзгөрбөгөнүн кошумчалады:

- Мамлекеттик аудиттин жыйынтыгында каржылык мыйзам бузуулар жылына аныкталып турат. Бир эле Эсеп палатасынын күчү менен бул маселе чечилбейт. Мамлекеттик органдар да өз ишин, так жана таза жүргүзүшү керек. Акыркы изилдөө деле жалпысынан мурдагыдай эле. Мыйзам бузуулар ошондой эле деңгээлде. Биз азыр өзүбүз таза иштешибиз керек деген принципти карманып жатабыз. Бул аракеттерди ишке ашыруу үчүн беш жылдык өнүгүү стратегиясын иштеп чыктык.

Мектептердин бири

Мектептердин бири

Эсеп палатасынын акыркы иликтөөсүнө таянсак, 2014-2015-жылдар аралыгында бир катар маанилүү мекемелерде каржыны ой келди жумшаган учурлар ачыкка чыкты. Маселен, “Бишкек” эркин экономикалык аймагы мамлекеттик дирекциясы 8,1 миллион сомду максатсыз сарптап, ишти алдыга жылдыруу, өнүгүү боюнча атайын орган түзүү тууралуу өкмөт сунушун аткарган эмес. Жетекчилиги кетирилген кемчиликтер боюнча маалымат бере элек.

Дирекциянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Улан Кыдыралиев Эсеп палатасынын эскертүүлөрүн жана сунуштарын аткаруу боюнча иштер жүрүп жатканын айтуу менен чектелди.

Ашыкча жазылган чыгымдар

Ошондой эле аудиттин жүрүшүндө Билим берүү жана илим министрлигинде резервдик жана бюджеттик жоготуулар 48,7 миллион сомду түзгөнү аныкталган. Аудиторлор бюджеттик жана атайын каражаттарды пайдаланууда терс жоруктарды ашкерелеп, акча сарпталганы менен мектептердин материалдык-техникалык жабдылышы төмөн деңгээлде деген баасын берди. Мындан тышкары компьютерлер жаңылоого муктаж экени жана мектептердин басымдуу бөлүгүндө интернет жоктугу жазылган.

Албетте, уурдайт, акча кымырууда бийлигин колдонот. Абал ушул бойдон кала берсе бюджеттин акчасын "сол чөнтөккө" салууну максат кылгандар көбөйөт.

Эсеп палатасы министрликке кемчиликтерди жоюу, аудиттин жыйынтыгын кароо сунушун берген. 26-июлда бул маселе министрликтин жыйынында талкууланды. Анда кандай чечим кабыл алынганын билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева “Азаттык” радиосуна айтып берди:

- Жалпылап алганда айрым кемчиликтер бар. Кээ бир эреже бузуулар орун алган. Ага жол берген, көзөмөлгө албаган жетекчилер, эсепчи жана башка тиешелүү кызматкерлерге, адистерге эскертүүдөн баштап, катуу сөгүшкө чейинки административдик жаза берилди.

Каржылык мыйзам бузуулар Ош мамлекеттик юридикалык институтунан да чыгып, бюджет 1,9 миллион сом зыян тартканы белгилүү болду. Окуу жайда керектүү товар-шаймандардын саны аз чыгып, иш сапарларга кеткен чыгымдар көбөйтүлүп жазылганы, Эмгек кодексин бузуу менен окутуучуларга кошумча акча төлөнгөнү айтылууда.

Кызматкер көп, маяна аз

Ал арада экономисттер мекеме-ишканалардагы каржылык мыйзам бузуулардын саны өсүп жатканын кулак кагыш кылышууда. Чет элдик инвесторлор бирлигинин аткаруучу директору Искендер Шаршеевдин баамында, Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны көп, маянасы аз болгондуктан жемкордук жана каржылык мыйзам бузуулар боюнча абал өзгөрө элек:

- Эмгек акы аз болсо, албетте алар уурдашат да. Кандай жол болбосун бюджеттен акча өөнөп калууга аракеттенишет. Жемкордукка алып келген абал ушул. Муну өзгөртмөйүнчө коррупцияны жеңебиз деген ой да болбошу керек. Анткени, мамлекеттик кызматкерлерге бирин-бири кайталаган кызмат, бийлик берип, штаттык бирдиктерди көбөйтүп, бирок болбогон акча төлөнүп атпайбы. Анан адам эмне кылат? Албетте, уурдайт, акча кымырууда бийлигин колдонот. Абал ушул бойдон кала берсе бюджеттин акчасын "сол чөнтөккө" салууну максат кылгандар көбөйөт. Маяна аз, акча жетишпейт, анткен менен бир топ мамлекеттик органдардын штаттары калыңдады. Маселени чечүү үчүн мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтып, чыныгы иштейм дегендердин маянасын жогорулатуу зарыл. Мындай кадамга барсак, жумушсуздуктун деңгээли көтөрүлөт деп коркуунун кажети жок. Бизде мамлекеттик кызматтарда иштөөгө умтулуу керек деген түшүнүк бар. Ал жактан чоңойом, оңой оокат табам дешет. Ошондой көз караштан арылуу керек. Жеке секторго барып иштөөгө, ишкерлик менен алектенүүгө эмнеге болбосун?

Эсеп палатасы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча айрым маалыматтарды прокуратурага өткөрсө, кээ бирлерине эскертүү берди. Экономика жана финансы боюнча адис Кубан Чороев аталган көзөмөл орган мекемелерди текшерип чыкканы менен көйгөйдүн алдын алуу чаралары жетишсиз деген ою менен “Азаттыкка” бөлүштү. Ал Эсеп палатасынын отчеттору негиздүү жана так болбой жатат деген пикирде:

- Эсеп палатасы тигил же бул мекемеден мындай мыйзам бузуу табылды деген маалымат таратуу менен гана кала берүүдө. Орган бир гана каржылык жагын карайт да. Бирок текшерүүгө алган мекемелердеги көптөгөн тармактык өзгөчөлүктөрдү да билиш керек. Мунун үстүнөн талдоо борбору иштесе болмок. Ал борбор каржылык мыйзам бузуулардын түп-тамырын, себептерин талдоо менен алектенмек.

Ал тапта Эсеп палатасынын ыйгарым укуктары кеңейе турган болууда. Коргоо кеңешинин буга чейинки чечиминде жергиликтүү жана муниципалдык органдардын ишмердигин текшерүү милдети да Эсеп палатасына жүктөлөрү айтылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG