Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

Кыргызстандагы тоо-кен тармагынын кесиптик кошууну коомчулукка тармактын ишине тоскоолдук кылбоону, өлкөдөгү пайдалуу кен-байлыктарды экономикалык өсүш үчүн казып, иштетүүнү жөнгө салуу сунушу менен чыгышты. Айрым баалуу кен байлыктар казылып жаткан аймактарда жергиликтүү тургундар экологияны сактоо үчүн тоо-кен тармагын иштетүүгө каршы чыгып келишкени белгилүү.

Тоо-кен тармагынын кесиптик кошуун өкүлдөрү тармакты өнүктүрүү үчүн атайын Жаратылыш ресурстары министрлигин түзүү зарыл деп эсептешет. Ошондой эле алардын пикири боюнча тоо-кен тармагын иштетип жаткан ишканаларга салынган салыкты да азайтуу зарылчылыгы бар. “Кумтөр” ишканасынын кесиптик кошуунунун төрагасы Алмазбек Жакыпбеков кен иштетүүгө уруксат берүүчү лицензияларды берүүдөн тартып, белгилүү бир тартип болууга тийиш деп эсептейт:

-Тиешелүү кызматта отургандар лицензия берүүнү да акчага айландырып, биринен бирине сатып атышат. Аны деген иштеп жаткан ишканаларга берүү керек. Ошол лицензия берүүнүн жолдорун жеңилдетип, чындыгында иштөөчү ишканаларга берүү зарыл. Тескерисинче, азыр тармакты саясатташтырып, “булганат, жаман болот” деп эле элди үркүтүп атышат. Экология, урпактарга калсын деп куру кыйкырык менен бут тосо берсек, Кыргызстан кайдан өнүгөт? Ансыз деле 3 млрд. доллардан ашты тышкы карызыбыз. Азыр өспөсөк, эртеңки күнү бул байлыкты ошол урпактардан тээп туруп тартып албайт деп ким кепилдик берет?

Чоң-Алай, 11-август, 2011-жыл

Чоң-Алай, 11-август, 2011-жыл

Алмазбек Жакыпбеков кайсы гана тармакты болбосун өнүктүрүү үчүн саясий туруктуулук зарылдыгын кошумчалады.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймагы пайдалуу кен байлыктарга бай. Дээрлик ар бир облуста бир нечеден баалуу металл казып алып жаткан чет элдик ишканалар иштейт. Акыркы жылдары жергиликтүү тургундар алардын кен казуу иштерине нааразылыгын билдиришип, каршы чыгып келишкен.

Кен казуу иштерине каршы чыккан жергиликтүү эл негизинен кен казуудан жаратылыш бузулуп, ичүүчү суулар булганып жатканын айтып келишет. 2007-жылы Таластагы алтын кенин иштетүүгө каршы чыккандар кен жаткан жердеги элге тиешелүү жайыт бузулуп жатканын айтып, ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин жолун тосушканы белгилүү. Андан кийин ушундай эле жаратылышка тийгизген зыяны үчүн кен казуу токтотулсун деген талаптар менен Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана башка аймактарда жергиликтүү эл чыга баштады. Мындай талаптар үстүбүздөгү жылы Кумтөрдө борпоң тектин жылышынан кийин күч алган.

Чаткалдагы Иштамберди алтын кенинде беш жылдан бери алтын казуу иштерин жүргүзүп келе жаткан Кытайдын “Фулл голд майнинг” ишканасынын иши ар кандай себептер менен уламдан улам үзгүлтүккө учурап келе жатат дейт Жалал-Абаддагы тоо-кен кесиптик кошуунунун өкүлү Абдыжалил Ташматов:

- Ишканада иштегендердин 70% жергиликтүү тургундар түзөт. Жаңы ишке киришкен компанияда кемчиликтер болбой койбойт экен. Экологиялык текшерүү инспекциясы таштанды калдыктары сакталуучу жайлар туура эмес иштейт, шахталарды иштетүүдө эрежелер бузулган деген себептер менен ишин токтоткон. Мына бир жарым жыл болуп калды, иш жок. Жумушчулар да иш жоктугунан айлык албай отурушат.

Чаткал, Ала-Букада жети кен казуучу ишкана бар. Алардын эң ириси болуп Казакстандын “Казакмыс” жана Кытайдын “Иштамберди” кен казуучу компаниялары эсептелинет.

7-сентбярда Чаткал жана Ала-Бука райондорунда тоо кендеринин абалы жана ага байланыштуу талаш маселелер талкууга алынды. Аны Youth of Osh жана Search for common ground эл аралык уюму биргеликте ишке ашырып жаткан “Кабар-Ордо” долбоорунун адистери уюштурууда. Жергиликтүү бийлик кызматкерлери, кен казуу иштери менен алектенип жаткан компаниялардын өкүлдөрү, жарандык коомдун активисттери жана жергиликтүү тургундар катышкан мындай талкуунун максаты – кен казуучулар менен жергиликтүү калктын ортосунда пайда болуп жаткан талаш маселелерди чечүүнүн жолдорун издөө болуп саналат. Аталган долбоор буга чейин Чоң-Алайда да ушундай иштерди уюштуруп келген. Долбоордун адиси Расул Абазбек уулу кен байлыктарын казып иштетүүнү жөнгө салуу үчүн жергиликтүү элде бийликке жана кен иштетүүчү компанияга ишенич болушу керек деп эсептейт:

Иштамберди кени, Ала-Бука району

Иштамберди кени, Ала-Бука району

- Маселе ишенимде жатат. Бул ишенбөөчүлүк бир топ жылдардан бери болуп келген маселелерге байланыштуу. Башында келген ишканалар экологияга жеткиликтүү көңүл бурушкан эмес, өздөрү каалагандай иштетишкен. Ошондуктан, азыр дагы элде чет элдик компанияларга карата ошондой пикир калыптанып, бүгүнкү күндө да тилекке каршы туруктуу бойдон кала берүүдө.

Расул Абазбек уулу кен казган компаниялар көп учурда ишин жабык жүргүзгөнү да жергиликтүү элдин нааразылыгын туудуруучу факторлордун бири деген пикирде:

- Кен казган ишканалардын иши ачык болушу керектигин жергиликтүү эл талап кылып келишет. Мисалы, канча кен казышат, канча пайда алышат, мамлекеттик бюджетке канча салык төлөйт, канчасы жергиликтүү бюджетке, канчасы борбордук бюджетке кетет, ушунун баары ачык-айкын болуп, элге көрсөтүлүүсү керек, ошондо гана биз алар менен иштеше алабыз деген талаптар бар. Экинчиден, кен казган компаниялар жергиликтүү калк менен түрдүү коомдук угууларды жеткиликтүү деңгээлде өткөрүшпөйт же такыр эле өткөрүшпөйт. Элге өздөрүнүн саясатын, ишмердүүлүгүн түшүндүрбөсө, алардын тегерегинде ар кандай сөздөрдүн жүрүшүнө өбөлгө гана түзүп беришет.

Кыргызстандын экономикасы тоо-кен тармагы менен түздөн-түз байланыштуу. Ошентсе да келерки жылы башкы алтын кенин казып жаткан “Кумтөр” ишканасы 3 млрд. сомдун тегерегинде мамлекеттик бюджетте салык төлөрү көрсөтүлгөн. Республиканын келерки жылдык бюджетинин кирешеси болсо 91 млрд. сом деп белгиленген. Калган алтын кендерин казып жаткан ишканалардын салыгы тууралуу азырынча так маалымат жок.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG