Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Баалуу кагаз базары: Ишеним жана кардар таңкыстыгы


Кыргызстандын баалуу кагаздар базарынын 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча үлүштүк катнашы. Диаграмма "Сенти" компаниясы тарабынан даярдалган.

Кыргызстандын баалуу кагаздар базарынын 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча үлүштүк катнашы. Диаграмма "Сенти" компаниясы тарабынан даярдалган.

Кыргызстандын чакан баалуу кагаздар базары алга жыла албай жатышын талдоочулар менчик ээлери менен калк ортосунда ишеним деңгээлинин төмөндүгү жана элдин каржылык сабатсыздыгы менен байланыштырат.

Байгер өлкөлөрдө баалуу кагаздар базары экономикалык кырдаалдын күзгүсү деп саналат. Компаниялар менен ишкерлер белгилүү бир баскычка жетип алган соң андан ары өнүгүү үчүн акчага же инвесторго муктаждык жаралганда, бизнес өнөктөштү мына ушул базардан издейт.

Бош жаткан акчасы болсо, аны баалуу кагазга же акцияга айырбаштаган кардар ошол компаниянын иши жүрүшүнө жараша пайдага туйтунса, компания ал акчанын эсебинен жүгүртүү каражатына ээ болот.

Эки тараптын мындай кызматташтыгынын келечеги, албетте, тигил же бул компаниянын ташы канчалык өйдөлөрүнө жараша. Соодасы жүрүп турган компаниянын майда-чоңуна карабай, акционери да ирденет. Кокус компаниянын ити чөп жебей калса, анын баалуу кагазынын куну учуп, акционерлеринин акчасы күйөт.

Андыктан бизнес кызматташтыктын бул түрүндө да ачык-айкындуулук жана ишеним фактору чоң мааниге ээ.

Баалуу кагаздар базарындагы соода динамикасы. Диаграмма "Сенти" компаниясы тарабынан даярдалган.

Баалуу кагаздар базарындагы соода динамикасы. Диаграмма "Сенти" компаниясы тарабынан даярдалган.


Бишкектеги “Сенти” каржылык компаниясынын иликтөөсүнө караганда, азыр Кыргызстандын баалуу кагаздар базарынын жалпы каржы базардын структурасындагы үлүшү 12-13% эле барабар. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 60% чейин жетет.

Аталган компаниянын аналитиги Эркайым Дүйшөналиева “Азаттык” менен маегинде баалуу кагаздар базарынын колдо бар потенциал менен алга жыла албай жатышындагы негизги көйгөйлөр катары төмөнкү проблемаларды атады:

- Биринчи проблема - компаниялардын көбү фондулук биржада листингден өтө албай жатат. Башкача айтканда, тигил же бул талаптарга жооп бербейт. Экинчиден, жалпы эле каржы базары өнүккөн эмес. Үчүнчүдөн, калктын ишеними жок. Эл өз акчасын баалуу кагазга салууга али даяр эмес. Биздин компания азыр калктын каржылык сабатын көтөрүү боюнча иш жүргүзүп, өзүбүздүн курстарыбызда аларга каражатын баалуу кагаздар аркылуу да көбөйтүүгө болорун түшүндүрүп, айтып жатабыз.

2012-жылдын жыйынтыгы менен фондулук биржадагы соода көлөмү 1 миллиард 300 миллион сомдон бир аз ашкан. Бул көлөмгө Каржы министрлиги чыгарган мамлекеттик баалуу кагаздар кирбейт, анткени алар азырынча биржага коюла элек.

“Сенти” каржы компаниясынын аткаруучу директору Мээрим Аскарбекова “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, мамлекеттик баалуу кагазды же тактап айтканда мамлекеттик казына векселдерин катардагы жарандардын тикелей сатып алуусу азырынча татаал болгондуктан, алар үчүн учурда кол жеткен аспап – облигациялар:
Облигациялардын сатылышы. Диаграмма "Сенти" компаниясы тарабынан даярдалган

Облигациялардын сатылышы. Диаграмма "Сенти" компаниясы тарабынан даярдалган


- Алар өз акчасын, инвестициясын биздин ата-мекендик эле ишканаларга сала алышат. Инвестордун башкы принциби – жумуртканын баарын бир себетке топтобоо, башкача айтканда тобокелчиликти бөлүштүрүү. Биз кардарларыбызды ушуга үйрөтүп жатабыз. Акыркы төрт жылдан бери жок дегенде биздин инвесторлордун негизги тобун облигация сатып алгандар түзөт. Жергиликтүү инвесторлордун фондулук базарга келиши эмне берет? Ата-мекендик компанияларыбыз чет өлкөлүк инвесторлорду күтүп отурбастан же банктан кредит издебестен, ички инвесторлорго, жарандарга таяна алышат. Жарандар облигация сатып алуу менен акчасын ошол ишканага тикелей салышып, үстөгүн алышат. Ишкана кошумча жүгүртүү каражатын алып кеңейип, өнүгөт. Фондулук базарга чыгуу компанияларды ачык-айкын иштөөгө түртөт, алар көмүскөдөн чыгат, корпоративдик башкаруу жакшырат. Отчетторун ачык жарыялашат. Ачык-айкындуулук болсо, бюджетке салык да көбөйөт да, туурабы?

Быйылкы жылдын март айынын жыйынтыгында, облигациясы эң ийгиликтүү сатылган компания – “Шоро” экен. Бул компаниянын жылдык үстөгү 17% жана акчалай көлөмү 23 миллион сомдук, же ар бири 1000 сомдон бааланган 23 миң облигациясы 12 күн ичинде сатылган.

“Шоронун” каржы директору Айчүрөк Турганбаева компания өндүрүштү кеңейтүү, жаңылоо үчүн каражатты банктан эмес, фондулук базардан издегенин мындайча чечмеледи:

- Бир чети компаниянын эл менен иштешкени жакшы деп эсептедик. Биздин баалуу кагазды алгандарга квартал сайын үстөк пайызы берилип турат. Келишимде каралган үч жыл бүткөндөн кийин инвесторлор, элибиз төккөн негизги суммасын ала алышат. Бул баалуу кагаз аркылуу алар компанияга акчасын салып, бизге керектүү өндүрүш машиналарын алганга жардам кылып жатат. Ошол эле убакта өз каражаттарын көбөйтүп алганга да мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.






“Рентон Групптун” сабагы

2003-жылы “Рентон Групп” компаниясынын банкрот болушу өлкөдө чуу жараткан эле. “Сенти” каржылык компаниясынын аткаруучу директору Мээрим Аскарбекова “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, бул окуя баалуу кагаздар базарынын өнүгүү ыргагына олуттуу сокку урган.

Натыйжада, облигациялардын чыгарылышы 2009-жылга чейин дээрлик токтогон эле:

- Мунун таасирин азыркыга чейин сезип жатабыз. Кардарларыбыз “Рентон Групптай” болбойбу?"- деген суроону көп беришет. Билесизби, анын Кыргызстанга ошол учурда тийгизген таасири Орусиядагы МММдикиндей эле болгон. “Рентон Групп” банкротко чындап эле кабылганбы же атайлап банкрот кылышканбы - бул башка маселе. Бирок биздин пикирибизде, ошондой ишти баштан кечиргенибиз туура жана жакшы болду. Анткени баары этият болуп калышты. Жаңжалдан корккондуктан, баалуу кагаздарды чыгарган компаниялар сак болуп калышты. Тескөөчү мекемелер да сак болуп калышты. "Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет" дегендей, инвесторлор сак болуп калышты. Алар жаңы облигациялар тууралуу кайра-кайра сурашып, эми гана ишенип, базарга келип жатышат. Фондулук базарга чыгуудан кээ бир компаниялар да коркууда. Чыгып алсак, эч ким сатып албай койсо, ишенишпесечи деген чочулоо бар.

Каржылык сабатсыздыкпы?

Талдоочулар быйыл баалуу кагаздар базарында жандануу болот деп күтүшүүдө. Бирок алар “Азаттык” менен бир ооздон белгилешкендей, тармактын алга жылышы көп жагынан калктын каржылык сабаты жоюлган катмарынын кеңейишине да көз каранды болот.

“Сенти” компаниясынын аткаруучу директору Мээрим Аскарбекова:

- Биз базардын өнүгүшүнө ишенебиз. Буга потенциал бар. Бирок мамлекеттин да колдоосу керек. Маселен каржылык сабатсыздык проблемасынын чечилиши менен көп маселелер жөнгө салынмак. Каржылык кат-сабаты жогору, акчасын туура пайдаланып, артканын ата-мекендик өндүрүшкө инвестиция кылган жарандар катмарынын калыңдашы баарыбыз үчүн эле пайдалуу. Мунун артында ата-мекендик ишканалар өндүрүшүн, бизнесин кеңейтет, жумушчу орундар түзүлөт. Андыктан фондулук базарды өнүктүрүү жана каржылык сабаттуулук маселе тыгыз байланышта.

Ал эми “Шоро” компаниясынын каржы директору Айчүрөк Турганбаева каржылык сабаттуулукту көтөрүү ишинде мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташтыгы зарылдыгын айтат:

- Мектептерде 9-10-класстан экономика сабагы кирип жатпайбы, ошол сабактардын программасына баалуу кагаздар боюнча түшүнүктөрдү кошуу –бул өкмөттүн иши. Биз компания катары баалуу кагаздарды чыгарарда бекер семинарларды өткөрүп жаттык. Бул жерде иш бир тараптуу гана болбостон өкмөт, жеке ишкерлер, брокерлик компаниялар бир система түзүп алып иштесе, фондулук биржанын потенциалы, ал боюнча түшүнүк көбөйөт деп ойлойм.

Өзү Кыргызстанда каржылык сабаттуулук маселеси актуалдуу экенин микрокаржы уюмдарынан кредит алып, бирок төлөөгө кудуретсиз болуп калган кардарлар тобунун былтыр узакка созулган нааразылык акциясы айгинелеген. Бул багытта бирин-экин компаниялар семиналарды уюштуруп, интернет баракчалар ачылды. Бирок элет калкы бул иш-чараларга кеңири тартыла элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG