Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Улутунган Улуттук университет


Жусуп Баласагын атындагы КУУнун башкы имараты, Бишкек.
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун башкы имараты, Бишкек.

Кийинки учурда президент Алмазбек Атамбаев илим менен билим маселесин көбүрөөк сөз кыла баштады. Бул албетте, жакшы көрүнүш. Ырас, бул маселелер мындан да эртерээк козголуш керек эле, бирок азыр да кеч эмес, себеби бул тармактар, айрыкча жогорку окуу жайлар көп замандан бери дээрлик кароосуз эле калганы чын. Жасай турган иштер толуп кетти. Айрыкча, паракорлук, сапат, квалификациялуу кадр даярдоонун деңгээли. Алдыңкы, заманбап, өнүккөн коом курабыз дейбиз, бирок илимсиз, мыкты деңгээлдеги университеттерсиз, кадрларсыз кайда барабыз? Таарынбасын, бирок министр Канат Садыковдун бул тармакты тейлеп кете турган дарамети чынында эле жок болуп чыкты. Табылгыс жакшы жигит, жакшы атанын баласы, бирок министр болушка өсүп жете элек экен - муну ачык эле айталы.

Башканы коёлу да, баарыбыз билим алып, агарып-көгөргөн КУУнун, башкача айтканда, биздин флагман, байрак башы деген окуу жайыбыз Кыргыз улуттук университетинин азыркы акыбалын ортого салалы.

Азыркы тапта КУУ бир кездеги “флагман” же байрак башы окуу жайы эмес эле, көчтүн карасы, көптүн арасындагы көп университеттин бири болуп калган. Быйылкы сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча, биринчи орунга Кыргыз-Түрк Манас университети суурулуп чыкты. Жакшы аттуу, рейтинги жогору, жаштар окугусу келген мыкты университеттердин арасына Кыргыз-Орус Славян университети, Борбор Азия Америка университети кирип жүрөт. Жакшы университеттердин катарына ал гана эмес Ала-Тоо Ататүрк университети кирип баратат. Буга себеп, албетте, шайма-шай материалдык база. Жөнөкөй айтканда, эшиги менен төрү. Жогорку квалификациялуу профессура, мыкты мугалимдер, заманбап техникалык жабдыктар, интернет, вай-фай, аудиториялар ж.б. Анан албетте, айлык маяна.

Ушул катарга биздин КУУнун кире албаганы, нечен критерийлер боюнча жоон ортого араң жеткени, ар качандан бир качан паракорлук менен ызы-чуудан, жамаатташып бийлик талашуудан башы чыкпаганы кимди өкүндөрбөйт? Мурун Союздан калган он ЖОЖдун биринчиси катары ар дайым саналып келсе, КУУ азыркы 60ка чукул университеттин тизме башында жок. Себеби анда жакшы менеджмент болбоду. Паракорчулук терең тамырлады. Уюштуруучулугу да, илимий-педагогикалык квалификациясы да жогору, ушул КУУга нака ылайык келчү ректорго жарыбадык.

…Жакында Бишкектин Айнек заводу жактагы Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк лицейинде болдук. Кыска айтсам, эшик-төрү менен техникалык жабдылышы, аудиториялары КУУдан өлүгү өйдө экен. Башта биздеги көп мектептин бири болчу. Азыр жаркырайт. Уяласың да, арданасың. Ал эми быйыл “Сейтек” деген орус жана кыргыз тилинде окуу-тарбия иши жүрө турган жаңы лицей ачылды эле, аябагандай чоң конкурс болду. Жылдык акысы 3000 доллар экенине карабай, ата-энелер “тааныш” издеп күйпөлөктөп жүрүшкөнүн өз көзүбүз менен көрдүк.

КУУ болсо баягы эле калыбында. "Ставкалар, откаттар", “өлүк жандар”, жамаатташкан факультеттер ошол эле бойдон. Ырас, "ставкалар", “шапкалар” инфляцияга жараша “коррекцияланат”, анда проблема эч бир жок дечи. Азыр болсо ректорлук үчүн 40ка жакын претендент чоң казатка аттаныптыр. Кайрадан жамаатташуу, кайрадан квазидемократиялык оюндар, күбүр-күбүр, шыбыр-шыбыр… Чынында да бул чоң маселе, аны эч ким тана албайт. Эмнеси болсо да бул жерде кандайдыр бир кескин, радикалдуу чечим кабыл алыш керек болуп турат го. Же радикалдуу көз караштагы киши иштеши керек. Баса, бул маселе боюнча менин пикиримди сурашканда, ызы-чуу түшүп, уруучулдук, жердешчилик оюндун сормо сазына батпай эле, “Себаттын” ушунчалык уюштургуч жетекчиси Орхан Инандыны суранбайлыбы, КУУга келип эки-үч жыл иштеп берсин, жок дегенде Чыңгыз Айтматов лицейиндей кылып оңдоп берип кетсин деп айтканым да чын... Тамаша го, бирок ар бир тамашада чындыктын үлүшү болот эмеспи.

Анан калса суроо туулат: балдарын мектептерде окутуш үчүн 3000 доллар төлөгөн ата-энелер КУУга деле ошол акчаны төлөйт беле? Төлөйт эле. Шүгүрчүлүк, колунда ошондой каражаты бар ата-энелер азыр толтура. Бирок бир гана шарт керек: КУУ да ошол лицейдей элитардык окуу жайы болушу зарыл. Негизгиси, студенттердин санын азайтып, сапатын көтөрүү керек. Албетте, контракттарга келген акчаны университетке чып-чыргасын коротпой жумшай турган ректорду табыш маселеси бар. Тапса болот. Кыргызстанда бүт баары эле ирип-чирип калган дегенге эч бир кошулбайм. Эл үчүн иштегиси келген азамат уул-кыздар жок эмес. Анан “Элита” десе эле таарынып-урунуп кириштин кереги жок, себеби бүт дүйнөдө ошондой. Мисалы, Гарварддагы бир жылдык акы - 40 миң менен 50 миң долларга жетет, бирок мамлекет каржылаган, өтө аз каражатка студенттерди окуткан окуу жайлар ондоп саналат.

Кудайга шүгүр, КУУнун материалдык базасы жаман эмес. Сапатын көтөрүү зарыл. Ал үчүн мамлекет да жакшылап жардам бериши керек. Жогоруда айткандай, намыс үчүн. Улуттук престиж үчүн. Жок дегенде бир, сыңар университетибизди жакшы деңгээлге чыгарыш үчүн. Башкалары эптеп иштеп-жашап келатат, бирок КУУга, биздин тарыхый, атактуу, легендарлуу окуу жайыбызга өкмөт атайылап акча бөлүп, шартын түзүп бериши милдет эле болуп турат. Ал үчүн КУУнун ЖОЖ катары концепциясын түп тамырынан өзгөртүп, идеологиясын аныктап, жаңы дем-күч кошуш керек.

Интернетти карагылачы, студенттер ачык эле жазып атат, агай-эжейлердин кимиси “алат”, кимиси “албайт” деп. Айрыкча ошол эле КУУ боюнча көп жазышат. Эгер ректорат колдосо ошол паракор мугалимдерди студенттер өздөрү эле таап, экинчи иштегис кылат. Себеби тажап бүтүштү. Уялып да бүтүштү.

Парасыз окуткан университеттер, таза окуу жайлар, шүгүрчүлүк, азыр жок эмес. Маселен, Манас университетине келип калган ата-энелер “бизде пара деген эч бир жок” десең, эч бир ишенбейт. Бирок чын. Андай нерсенин КТМУда жыты да жок.

Акырында дагы бир нерсе. Жакында Манас университетинде иштеген түрк мугалимдер Ош мамлекеттик университетине барып келишти. Менин таң калганым, мактап келишти. Чынын айтсам, ишенген жокмун. Чекмелеп сураштырганга туура келди. Көрсө, чынында да ОшМУда бир топ көрөсөн иштер жасалып жатыптыр. Башы те академик Бектемир Мурзаибраимов убагында башталып, кийинкилер өз салымын кошуптур, бирок жаңы ректор Б. Искаков чынында эле мыкты аракеттерди жасап жаткан сыяктанат. Мен, маселен, ал университетти көптөн бери көрө элекмин, бирок түрк профессорлордун чын дилинен мактап келгени мени эле эмес, башка кыргыз агайларды да ойлонтуп койгону факт.

Демек, КУУну деле оңдосо болот. Кудай жасаган иш эмес. Ошондуктан президентибиз ар кандай маселени адатынча айтып-айтып келип, “унутуп” калмайын токтотуп, ушул иштин аягына чейин чыгып койсо, көзөмөлгө алса татыктуу эле иш кылмак.

Осмонакун ИБРАИМОВ,

Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору,

Кыргыз УИАнын мүчө-корреспонденти.

"Азаттык": Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт.

XS
SM
MD
LG