Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:03

Жакында жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы чыкты. Азырынча коррупцияга аралашпай жашап келаткан бирден бир тармак. Абитуриенттерди тандоонун эң ийги варианты ушул тест болуп калды. Суроолордүн басымдуусу логикалык ой-жүгүртүүгө негизделген. “Менин кызым жалаң бешке окуйт эле, тесттен аз балл алыптыр, мунуңар жалган экен”,- деген ата-энелерди көрүп калабыз. Биздин мектептер сабактан беш алгыдай окутат, бирок, турмушта беш алгыдай окутабы?

Бир кездеги Эл аралык PISA уюмунун сабаттуулук боюнча жүргүзгөн рейтингинде Кыргызтан акыркы орунда калганына арданып жүрөбүз. Дүйнөдө билим берүү башка жол менен, бизде башка жол менен кетип баратса алдыга өтмөк белек. Берген билимибиз турмушта эмес, китепте кала берсе 65 өлкөдөн 65-орунду алабыз да.

Мен иштеген мектепте Назгүл аттуу математикадан берген мыкты мугалим кыз бар. Анын сабагы сабак эмес эле (сабак десе эле колду партага коюп, эсеп чыгарууну элестетбиз) майрам. Жаңы технологиялар менен жандуу сабак өтөт. Идиш-аяк, буюм-тайымдарды класска толтуруп алган Назгүл дайыма минтип айтат: “11-класста дифференциалдык теңдемелер өтүлөт. Бирок мен аны өткөн жокмун. Анткени бул илимпоз болом дегендер үчүн көбүрөөк пайдалуу. Анчалык эле керек болуп жатса ЖОЖго барганда окуп алышат. Класста болсо келечектин медиктери, журналисттери, дипломаттары, юристтери отурушат. Эмне үчүн мен алардын убактысын бөөдө коротушум керек? Андан көрө жалпы турмуштук маселелерди чыгарууга басым жасаганым жакшы да. Анткен менен мен аргасыз мыйзамды бузуп жатам. Журналга жазган темам башка, өткөн тема башка”.

Назгүлгө окшоп канча мугалимдер “мыйзам бузуп”, же канчалары окуучулардын убактысын “бөөдө коротуп” жатышат болду экен. Куудулдар айтмакчы тангенс менен котангенстин, косинус менен синустун пайдасын көрбөй канчалаган адамдар жашап жүрөт? Математиканы мындай кой күндө колдонгон кыргыз тилинен деле керексиз билимди берип жүрөт экенбиз. Мен турмушумда жөндөмө мүчөсүн жөндөп айта албаган кыргызды көргөн жокмун. Ар бир кыргыз окубаса деле “Тойго барам” (барыш жөндөмөсү), “Кредитти төлөйм” (табыш жөндөмөсү), “Бишкектен келдим” (чыгыш жөндөмөсү) деп туура жөндөп сүйлөй алат. Биз муну билсек деле эрежеге салып жаттатып, окуучунун башын оорутабыз.

Менин классташтарым жөндөмөлөрдү жаттай берип тажаганда:
Аттокур,
Иманкулду,
Буркаштыкынан,
Тапты,
Жаткыра,
Чапты,- деп жөндөп алышкан эле.

Ээни баяндооч сан, жак боюнча ээрчисе ээрчишүү байланышы болорун жатка билген окуучуга микрофон сунуп, же эл алдына чыгарып койсоң дудалактап, эки ооз сөз айта албай калганын көрүп эле жүрөбүз.

Андан көрө окуучунун сөз куржунун көбөйтө турган ыкмаларды пайдалансак, кеп маданиятын, стилистиканы көбүрөөк окутсак, кай жерде кантип саламдашуу, кимге кантип кайрылуу керектигин, текст жазууну, “уже”, “даже”, “короче”, “все равно”, “например” дегендин кыргызчасы да бар экенин окуучуга үйрөтүп койсок ийги болот беле? Үйрөтсө болот, албетте. Бирок программа башка, ылайыктуу китеп жок. Өз алдынча түзүп өтө албайсың. Аз келгенсип мамлекет ар сабагың үчүн план, конспект талап кылат.

Химия, физика, астрономия, геометриядагы татаал эреже, аныктамаларды айтпай эле коеюн. “Эжеке. Мен химиясыз эле тирилик кылам. “Аш эки о, гөш эки бир” деген баш оорутмаңыздын мага кереги жок” деп класстан чыгып кеткен окуучуну өз көзүм менен көргөм.

Жогорку предметтердин таптакыр кереги жок дегенден алысмын. Химияны, биологияны жерип салсак медицинабыз кайда барат? Физиканы жок кылсак, жол, курулуш, энергетиканы эмне кылмакпыз? Менин айтайын дегеним башка. Ошол предметтерди турмушка пайдасы тийгидей кылып окутсак. Ар бир бүтүрүүчүбүз акчанын туура эсебин, үйүнүн аянты канча квадрат метр экенин, ичкен тамагынын калориясы канча экенин чыгара алса, окуган математикасы бизнеске пайдасы тийсе жакшы болмок.

Мага окуучулар куржун бир жагына ооп кетпесин деп таш жүктөп алган жолоочудай эле элес калтырат. Көтөргөн жүгү оор, пайдасы аз. Бечаралар алты саат сабак, андан тышкары ийримдерди окуп, чарчап, көздөрү сүзүлүп үйүнө араң барат. Сурасаң таш балакет жок. Эреже жаттайм, чейректен беш алам деп жүрүп, же спорт менен машыгууга жетишпей, же кудай берген шык-жөндөмү ачылбай мектепти бүтүп кетет. Татаал теория, тажатма аныктамалардан жадаган кээ бирлери мектепке барбай коюп кутулушат.

Жогорку окуу жайга өтүүгө укук берген жалпы республикалык тест да окуучунун жалпы турмуштук билимине негизделип түзүлгөн. Ошон үчүн анда эрежелерди жатка билгендер эмес, ой жүгүртүүсү мыктылар жакшы балл алып жатышат. Илим менен турмушту байланыштыра алган ой өрүшү кенен бүтүрүүчүнү ар кайсы кесипке тарбиялап алсак болот.

ЖОЖдордогу билим берүү боюнча айтпай кое туралы. Керексиз сабактардын баары ошол жерде. Кыскасы, бала бакчадан тартып докторантурага чейин системаны түп-тамырынан өзгөртүү зарыл.

Улукбек Омокеев

Улукбек Омокеев

Улукбек Омокеев, блоггер

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG