Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

"Окуюн дейм, ылаажы жок"


Расмий эмес маалыматтар боюнча Кыргызстанда 120 миң бала мектепке барбайт.

“Арай көз чарай” талкуусуна “Доор эли” коомдук бирикмесинин президенти, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлжамал Султаналиева жана Билим берүү министрлигинин Байкоочу кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Сайназаров катышты.

“Азаттык”: Эгер бүгүнкү күнү мектепке барбаган балдардын саны 120 миңге чукул деген маалымат так болсо, 5 млн. калкы бар биздин өлкө үчүн бул көп эмеспи?

Султаналиева: Албетте көп, бирок бул расмий эмес маалыматтар. Билим берүү министрлиги ЮНИСЕФ менен биргеликте 2007-жылы иликтөө жасап, Кыргызстанда 40 миң бала мектепке барбай турганын тактаган.

Андан бери беш жыл өттү, бул аралыкта ар кандай эксперттердин, маалымат каражаттарынын жазганы боюнча бүгүнкү күнү 120 миң бала мектепке барбай калды деген маалыматтар чыгып атат.

Биз эртеңки Кыргызстанды кимге берип жатабыз, канчалык деңгээлде өз укугун билген, билимдүү коомду даярдап жатабыз деген суроолор туулат. Кейиштүү нерсе – Билим берүү министрлигинин расмий маалыматында мектепке барбаган балдардын жылдан жылга азайтылып көрсөтүлүп жатат. Мисалы, быйылкы расмий маалымат боюнча 3 миңдин айланасындагы бала мектепке барбайт деп көрсөтүлгөн. Буга ынануу кыйын.

Сайназаров: Тилекке каршы ар кайсы булактардан ар кандай маалымат алып жатабыз. Азыр эле 120 миң жана 40 миң бала мектепке барбайт деп айтылып кетти, статистикалык маалыматка таянсак 29 миң бала мектепте окубайт экен. Бул деген кыргыз коомунда мектепке барбай калуунун аныктоочу бирдиктүү методология иштелип чыга элек дегенди түшүндүрөт.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Азыркы өкмөт сунуштап аткан билим берүү системасында каражатты үнөмдөө максатында окуучулар аз болуп жаткан мектептерди жабуу маселеси да балдардын билимсиз калышына өбөлгө болбойбу? Анткени бүгүнкү күнү биз мектепке барбаган балдар тууралуу сөз кылганда эле Бишкектеги базарда иштеген балдарды айта беришет, ал эми алыскы, чакан айылдардагы балдардын көйгөйү эске алынбай келет. Бир айылдан экинчи айылга кыштын суугунда, жаздын ысыгында жөө-жалаңдап барып-келип окууга балдар чыдабашы мүмкүн да?

Сайназаров: Сиз маселени туура көтөрүп жатасыз. Бирок биз эске алуучу нерсе – эгерде мектепте 5-6 бала окуса, аларды окутууга кеткен чыгым 97% камтый турган болсо, буга кандай негиз бар? Андан көрө башка жолдорун карабайлыбы? Балдар эмне үчүн мектепке барбай калды деген иликтөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, балдар үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн жумушка тартылып барбай калат.

Султаналиева: Мен сизге кошулбайм, Кеңешбек мырза. Биздин “Доор эли” коомдук бирикмеси "Дордойдо" иштеп, мектепке барбаган балдар жана алардын ата-энелери менен сүйлөшкөн учурда алар балдарын мектепке алып барышкандыгын, бирок мектеп жетекчилери акча талап кылып, ошол талап кылган акчасы жоктугунан окута албай калганын айтышат.

Балдар окугусу келет, ата-энелер деле балдарынын билимсиз калышын каалашпайт, бүгүнкү күнү балдардын мектепке барбай калуусуна себеп болуп жаткан эң негизги нерсе дагы деле коррупция болуп калууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG