Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Толор-толбос мектептен тоодой маселе чыкты


Жаңы-Турмуш мектебинин сырткы көрүнүшү. Учкун айылы, Кара-Суу району.
Жаңы-Турмуш мектебинин сырткы көрүнүшү. Учкун айылы, Кара-Суу району.

Финансы министрлиги Кара-Сууда 8 окуучусу жана 1 мугалими бар мектеп жылына 800 миң сомдой акчаны иштетип жатканын айтып, каражатты үнөмдөө үчүн бул мектепти жабууну сунуштоодо.

Кара-Суунун Учкун айылындагы Жаңы-Турмуш мектебин жабуу менен балдарды коңшу айылдарга унаа менен ташып окутуу сунуш кылынууда. Бирок бул башталгыч мектептин жападан-жалгыз мугалими жан ата-энелер мындай кадам кыйынчылык жаратаарын айтышууда.

Өзүнө өзү деректир агай

Жаңы турмуш мектебинин директору Маматазим Машаев жаңы окуу жылына карата даярдык толук бүтүп калганын айтат. Анын мектебинде болгону 8 окуучу бар:

- Жылда бизде 9-10 окуучу болчу эле. Быйыл 8 окуучу келиш керек. Жылдан жылга азайып кетип жатат. Биздин мектепти ошону үчүн “карлик мектеп” деп атап коюшат. 1-класста 3 окуучу бар, 2-класста 1 окуучу бар, 3-класста 2 окуучу бар, 4-класста 2 окуучу бар. Ошолордун баарын кошуп бир класс кылып окутабыз да. Башка айла жок, болгон балдарды алып келебиз да мектепке. Эртең сентябрдан бардыгы сабакка келишет.

Өзүнө-өзү деректир Маматазим Машаев мектеп бөлмөсүндө.
Өзүнө-өзү деректир Маматазим Машаев мектеп бөлмөсүндө.
Эки гана бөлмөдөн турган бул мектеп мындан 50 жыл мурун ашар жолу менен курулган. Союз ыдырагандан кийин элдин көбү бул айылдан көчүп кетип, окуучулары азайып кеткен. Маматазим Машаев бул мектепте жалгыз мугалим. Ал мында 5-6 кызматтын милдетин аткарат Анан ай аягында баарына чогултуп бир маяна алат:

- Мурда эки мугалим иштечү элек. Балдар азайгандыгына байланыштуу азыр өзүм жалгыз иштейм. Кароолчу дагы, чарбачы дагы, бакчы дагы, пол жуугуч дагы, окуу иштер боюнча жетекчи дагы, анан келип директор дагы өзүм. Буларга аздан гана акча төлөнөт. Ошондо келип бир эле кишинин айлыгын алам.

Төрт класстын балдарын бир бөлмөгө тыгып...

Бирок эми Кара-Суу райондук финансы башкармалыгы Учкун айылындагы бул мектепти жаап, балдарды башка мектептерге окутууну сунуш кылууда. Ал үчүн айылга атайын транспорт бөлүп берүү керектиги да кеп болууда. Башкармалыктын жетекчиси Канышай Базарбаева мында окуу процесси мыйзамга туура келбегенин айтууда:

- Ар кандай жаштагы, ар кандай класстагы балдарды бир класс кылып алып, бир мугалимдин окутуп жатканы мыйзамга туура келбейт. Муну агартуу кызматкерлери өкмөттүн №404, андан кийин өзгөртүү болгон №58 токтомдорго ылайык аткарып жатабыз дешет. Бирок ошондо дагы бул Жаңы-Турмуш мектебин жаап, окуучуларын коңшу мектептерде окуткан оң. Ансыз деле башталгыч классты бүткөндөн кийин алар башка мектептерге барып окуп келатышат.

Учкун айылы.
Учкун айылы.

Базарбаева ошондой эле кичинекей мектеп жылына миллион сомго жакын каражатты иштетип жатканы ачыкка чыкканын айтат:

- Мектеп деген эле аты болбосо, ага ошол статуска ылайык башка мектептерге берилгендей эле каражат берилет. Жаңы-Турмуш мектеби ушунун шылтоосу менен мамлекеттен жылына 380 миң сом акчаны түз алат. А жергиликтүү бийликтер аркылуу, башка жолдор аркылуу дагы 400 миң сомдой, жалпы болуп 800 миң сом каражатты иштетип келген. Эми бул Учкун айылына бир унаа берсек, ал балдарды коңшу мектептерге алып барып окутса, биз каражат жагынан бир топ сарамжалдай алабыз.

Деген менен мектеп жетекчиси жылына 200 миң сомго жетпеген гана каражат алаарын айтып алакан жаят. Ремонт үчүн дагы бийликтер быйыл болгону 2000 сом колуна карматыптыр.

Райондук билим берүү мекемеси дагы директордун таламын талашууда:

- Ар бир мектептин окуучуларынын саны ошол жердеги балдардын санына карата түзүлөт да. Финансы министрлиги туура эмес түшүнүп алганбы, же аларга маалымат бурулуп жетип калганбы билбейм, “8 балага да бир мектеп болобу?” деп өздөрүнчө кыйкырып чыгып жатышат. Биз бир бала болсо дагы билим берүүгө милдеттүүбүз. Ансыз деле ал жердеги балдардын көбү башка айылдарга жөө каттап билим алышат. Алар дагы жамгыр жааган, кар жааган күндөрү окуудан көп калып калышат. Ошонун баарына кантип транспорт таап беребиз. Транспорт болгондо да анысы бузулуп калган күнү сабак эмне болот? - деди Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Абдулла Алишев.

Финансы министри Акылбек Жапаров 6-августта Бишкекте берген маалымат жыйынында, Кара-Суу районундагы болор-болбос мектепке (орусча школа-призрак) эле 800 миң сом каражат кетип жатат деп айтып чыккан.

Маалым болгондой, райондо жалпы 134 мектеп болсо, алардын сегизи кичи мектеп. Алардын алды 8 баланы окутса, арты 35-45 балага билим берет. Финансисттердин сунушу менен бул мектептердин баары жакынкы мектептерге филиал катары кошулушу күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG