Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

Нусупова: Окуучуларга сабырдуулук маданияты керек


Ош шаарындаы №3 мектептин окуучулары.
Ош шаарындаы №3 мектептин окуучулары.

Ош менен Жалал-Абадда мугалимдер үчүн окуучуларды сабырдуулукка тарбиялоо боюнча колдонмо чыкты.

Китепче тууралуу “Эл аралык толранттуулук үчүн” коомдук фонддун өкүлү Роза Нусупова “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Бул китепчеде сабырдуулукка тарбиялоонун кандай ыкмалары камтылган.

Роза Нусупова: Китепчеде балдарга талкууну кантип жүргүзүү керектиги айтылган, топторго иштөөнүн жолдору көрсөтүлгөн. Толеранттуулукка тарбиялоо боюнча сабактарды өтүп жатканда анализди кантип жүргүзүш керек, кандай суроолорду бериш керек деген сыяктуу жагдайлар колдонмодо көрсөтүлгөн. Анда сабырдуулукка тарбиялоо боюнча теориялык материалдар берилип, анда башталгыч, орто жана жогорку класстын мугалимдери үчүн сабактардын иштелмелери киргизилген. Ар бир баскычка 8ден сабактын иштелмеси киргизилип, ал сабактарды кантип өтүш керек, балдарга тийгизген таасири кандай болот, мугалимдер ошол сабакты өткөндө эмнеден кыйналышат деген суроонун үстүндө биздин өкүлдөр мониторинг жүргүзүп, мугалимдерге жакындан методикалык жардамдарды берип жатышат.

Биз байкаган көйгөйлөрдүн бири болуп мугалимдерде толеранттуулукка тарбиялоо боюнча теориялык билимдин аздыгы болуп жатат. Сабакты алган билимди турмуш менен байланыштырып өтүүдө бир аз кыйналып жатканы байкалат.

Бүгүнкү күндө балдарда толеранттуулук маданиятын калыптандыруу десе эле этникалык толеранттуулук жөнүндө гана сөз болуп, ал эми сабырдуулуктун башка түрлөрү калып калат. Акыркы жылдардагы эле окуяларды карап көрсөк, ошол эле адамдардагы көз караштардын түрдүүлүгү, ошол эле ар башка саясий көз караштар, жеке пикирлердин түрдүүлүктөрүнөн биздин турмушубуздагы канчалаган зордук-зомбулуктар, чыр-чатактар чыгып жатат. Мына ошолорду чечүүнүн жолдорунун мектеп партасынан үйрөтүп, өзүнүн позициясын коргогонго, аны үстөмдүксүз, зордук-зомбулуксуз чече билгенге үйрөтүп, ошого тарбияласак мектептеги мугалим өзү окуткан баланын толеранттуулук маданият калыптандырган болот эле.

Бул колдонмону чыгаруу үчүн Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги жана Эл аралык миграция уюму каражат жактан жардам берди. Колдонмо “Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондду аркылуу иштелип чыкты. Колдонмо үч тилде: кыргыз, орус жана өзбек тилинде жарык көрүп, Ош жана Жалал-Абад облусундагы 51 мектепке таркатылды. Алардын ичинде 200гө жакын мугалим ушул методикалык колдонмо менен иштеп жатат.

“Азаттык”: Балдарды сабырдуулуукка тарбиялоо жаңы самаалык болуп жатабы? Ош менен Жалал-Абаддын мектептеринде буга чейин ушундай сабактар өтүлчү беле?

Роза Нусупова: Муну жаңы самаалык деп айта албайм. Себеби толеранттуулукка тарбиялоо боюнча буга чейин сабактар өткөрүлүп келген. Мекенчилдикке, гуманизмдик-нравалык тарбия берүү деген болгон. Союз таркагандан берки билим берүү системасындагы мектептердеги тарбиялык иштердин солгундап кеткендигине байланыштуу, акыркы окуялар далилдегендей биздин жаштар өздөрүндөгү сабырдуулук маданиятынын төмөндөп кеткендигин байкадык.

Сабырдуулукка тарбиялоо, сабырдуулук маданиятына балдарды калыптандыруу үчүн биз бүгүн педагогикалык окуу жайларда атайын курстарда, факультеттерде окуган мугалимдикке даярданып жаткан студенттерди курал, керектүү билим менен камсыз кылууну ойлонуп, демилге көтөрүп жатабыз.
XS
SM
MD
LG