Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Шайлоо: нааразылык көп, натыйжа белгисиз


Бейөкмөт уюмдар коалициясы шайлоо алдындагы байкоолорунун алгачкы жыйынтыгын жарыялап, коопсуздук жагынан тынчсыздануу бар экенин жар салды.

Ал арада бир катар укук коргоочулар Боршайкомго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышты. Мындай жагдайларга БШК расмий жооп кылып, жарыштан четтетилген талапкерлердин кол тамгаларын кайра санап чыкмай болду.

Калк арасында тынчсыздануу бар

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын 15-сентябрдан 25-сентябрга чейинки байкоолорунун алгачкы жыйынтыгына караганда, Кыргызстанда шайлоо алдында кырдаал салыштырмалуу тынч, бирок калк арасында коопсуздук маселеси боюнча тынчсыздануу бар. Коалиция жетекчиси Динара Ошуракунова буларды айтат:

- Президенттик шайлоо тынч өтсө экен, өлкө түндүк-түштүккө бөлүнүп кетпесе экен, шайлоодон кийин карама-каршылыктар чыгып кетпесе экен деген кооптонуулар бар.

Ал арада бир катар жарандык коом өкүлдөрү маалымат жыйынында Боршайком айрым талапкерлерди негизсиз каттабай койгонун айтышты жана БШКга ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыгышты. Жарыштан четтеген талапкерлер менен БШК ортосундагы карама-каршылыктарды чечүү үчүн тараптарды бетме-бет сүйлөшүүгө чакырышты.

“Демократия үчүн” деп аталган аялдардын дискуссиялык клубунун жетекчиси Динара Айткулова 30-сентябрда шайлоо алдындагы талаштуу жагдайлар боюнча Бишкекте атайын жыйын өткөрүлөрүн билдирди:

- БШК эмне себептен ушундай аракеттерди жасап жатканын биз жөнөкөй эле фильтр болушу керек деп ойлоп жатабыз. Чынында эле фильтрби, же алардын кетирип койгон катасыбы деп, ошону үчүн биз талкуу кылып, ачык-айкын алып чыгалы деген ой болуп жатат. Эгерде сот чечимди анын пайдасына чыгарса, демек Үмөталиеванын кол тамгалары туура эле болгон да? Мындай чечим чыккандан кийин эмне үчүн кийинки жарышка ага мүмкүнчүлүк берилбей жатат?

Кол тамгалар кайра текшерилиши мүмкүн

Күндөн күнгө көбөйгөн нааразылык, сын-пикирлерге бүгүн Боршайком өкүлдөрү атайын маалымат жыйынында жооп берди. БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева талапкерлердин кол тамгаларын текшерүү иши мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн, бирок текшерүү иштери кол тамгалар тапшырылгандан кийин белгиленген он күн ичинде бүтпөй калганын кабарлады. БШКнын дагы бир мүчөсү Алмаз Асаналиев кол тамгалар кайра тейшерилиши мүмкүндүгүн айтат:

- Баарыңар билесиңер 83 талапкер болду. 37си кол тамгаларын тапшырды. Ошолордун ичинен 8 кишиники сотто болуп жатат. Борбордук шайлоо комиссия туура эмес кылып койду, бирөөнүн саясий көрсөтмөсүн аткарып, ошол себептен бизди алып койду деп жатышат. Бирок ага эч кандай негиз жок. Анткен себеби, биз конституциялык мыйзамдын негизинде өзүбүздүн ишибизди аткарып жатабыз. Сот чечим чыгарды, соттун чечимине макул болуш керек. Бирок БШК кол тамгаларды кайра текшерип чыгууга милдеттүүбүз.

29-сентябрда жетиштүү анык кол топтой алган эмес деген негизде БШК каттоодон баш тарткан беш талапкердин иши Жогорку Сотто каралганы турат. Буга чейин Бишкектеги Биринчи май райондук соту бул талапкерлердин пайдасына чечим чыгарып, Боршайкомдун талапкерлерди каттоодон баш тарткан токтомун жокко чыгарган эле. БШК соттун өкүмүнө макул болбой Жогорку Сотко кайрылган болчу. Эми талаштуу жагдай кандай чечилери соттун чечиминен көз каранды болчудай.

XS
SM
MD
LG