Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:22

Абдырахманов: Мэрлерди эл шайлашы керек


Өмүрбек Абдырахманов
Өмүрбек Абдырахманов

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдырахманов Бишкек жана Ош шаар башчыларын түздөн-түз шаар калкы шайлаш керек деп эсептейт.

- Бишкек жана Ош шаар башчылары шаардык кеңештин шайлоосу менен өкмөт башчысы дайындаш керек деген пикирге сиз каршы экенсиз. Шаар башчларын эл шайлаш керек деген жүйөөңүз эмнеге негизделген?

- Оппозицияда жүргөн илгертен бери эле бардыгыбыз мэрлерди эл шайласын, президентти, депутаттарды шайлаган эл кантип эле өз мэрлерин шайлап алганга акылы жетпейт деп айтып келгенбиз. Тилекке каршы, бийликке келгенден кийин эле мэрлерди бийлик аркылуу дайындап алабыз деген ойлор көбөйүп бара жатат.

Бишкек шаардык мэриясы
Бишкек шаардык мэриясы
Жакында мэрлерди шайлоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алынганы турат. Ошондо дагы азыр бийликте отурган бир топ адамдар “жок, элге ишенип болбойт, ошол жердеги депутаттар шайлашсын” дешет. Ал эми депутаттарга ким сунуш кылат?

Илгери Советтер убагында депутаттарга биринчи катчы сунуш кылчу. Азыр болсо премьер-министр сунуш кылат дейт. Демек, формасы жагынан өзгөрүү болгону менен маңызы жагынан эч кандай өзгөрүү жок. Анын үстүнө азыркы Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын депутаттарынын коррупцияга каршы күрөшүп, оңолууга жасаган аракеттерин көргөн жокпуз. Алар ошо депутаттыгынан анча-мынча жерлерин, бизнес иштерин бүтүрүп алышып, мэр менен коюн-колтук алышып, эч кандай өзгөрүүнү алып келген жок. Дүйнөнүн баарында мэрди эл шайлайт.

- Сиз мүчө болгон фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев мэрлерди өкмөт башчы дайындашы керектигин айтууда. Бир эле фракциянын ичинде мына ушундай эки карама-каршы пикир эмне себептен чыгып жатат?

Ош шаары
Ош шаары
- Бул эң сонун нерсе. Мурда Брежневби, же болбосо Акаевби, же Бакиевби, лидердин айтканын баары аткарчу. Биз Текебаевдин айтканын сыйлайбыз. Бирок азыр ар ким өз оюн айтканга мүмкүнчүлүк болду. Ошондуктан Бишкектин, Ош шаарынын элине кайрылалы деп жатам. Алар кандай ойду айтат? Өздөрү шайлап алалы дейби, же “жок, биз 20-30 депутатка бердик” дешеби? Биз ошондой бир маселени көтөргөнү турабыз.

- Айрым саясатчылар айткандай, эгер мэрлерди эл шайлай турган болсо, шаар башчылыгына мамлекеттин багытын билбеген, улутчул же башка ылайыксыз адамдар келип калбайбы?

- Бул авторитардык адамдардын ой-толгоосу. Эл шайлаган мэр эч качан тескери иштебейт. Эл экинчи жолу шайлабай коёт. Бул биринчи жагы. Экинчи жагынан мыйзам деген бар. Дүйнөдө башкаруу мыйзам аркылуу болот. Эгер ошол мэр мыйзамды бузса, прокуратура турат, бийлик турат, ошол эле премьер-министр турат. Алар элге айтып чыгып, мэрди кызматтан алып коюшат.

XS
SM
MD
LG