Линктер

“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери, ушундай эле аталыштагы парламенттик фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев алдыдагы президенттик шайлоого катышпай тургандыгын өз партиялаштарына 22-сентябрдын кечиндеги бейформал жолугушууда жарыя кылды.

Кыргызстандагы таасирдүү саясатчынын чоң саясий оюндан чыгышына эмне түрткү болду жана ал президенттик жарыштын тыянактарына кандай таасир этиши мүмкүн?

Коомдук-саясий чөйрөдө “реформанын атасы”, “тажабаган талапкер” деген өңдүү аттар ыйгарылып жүргөн белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев алдыдагы ири саясий оюндан эмнеге чыккандыгын 23-сентябрда тараткан билдирүүсүндө ачыктады.

Бейформал жолугушууга катышкан партиялаштарынын бейрасмий билдирүүлөрүнө караганда Текебаевди президенттик жарышка катышууга караганда 7-апрелден кийин башталган реформаларды, демократиялык дөөлөттөрдү сактап калуу, андан ары өркүндөтүүгө салым кошуу көбүрөөк кызыктырат.

Уран Ботобеков
Мунун себебин саясат таануучу Уран Ботобеков парламенттик башкарууну сактап калуу кызыкчылыгы менен байланыштырды:

- Элдин оозуна алынган, өтөт деген талапкерлердин баары кайрадан конституциялык реформа жасайбыз дегенди айтып атышат. Атамбаев баш болуп, Мадумаров деле. Менимче, реформанын атасы катары Текебаев өзү баштаган реформаларды сактап калуу максатында ушундай чукул кадамга барды.

Текебаевдин талапкердиктен кетишинин бир өңүтүн эксперттер шайлоодо жеңүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу менен байланыштырышат. Талдоочу Марс Сариевдин айтымында:

- Текебаевдин шансы жок деп айтам, мүмкүнчүлүгү аз болчу. Ушуну сезген үчүн Текебаев ушундай кадамга барып отурат.

Шайлоо алдында демократиялык күчтөр бирикпесе, реванштык күчтөр үстөмдүк кылып кетиши ыктымал деп эсептеген талдоочу саясатчы Текебаевдин чечимин ушул маселеге да байлайт.

Дагы бир талдоочу Темир Жумакадыров реваншчылар талапкерлердин арасында бар деп эсептебейт жана тыштан болуучу ыктымал аракеттердин азгырыгына кирүү саясий пайда бербесин алар түшүнүшөт дейт.

Марс Сариев
Талдоочу саясатчынын оюндан чыгышын логикалуу кадам катары санайт. Анын пикиринде саясатчы өзү түзгөн парламенттик системаны сактап калууга, саясий макулдашууларга барууга жана ал максаттарды ишке ашыруу үчүн шайлоону бөлүп-жарбай, атаандаштыкты күчөтпөй тынч өткөрүүгө кызыкдар:

- Президенттик шайлоого катышуучулардын бири менен кандайдыр бир саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кандайдыр бир макулдашууга жетиши мүмкүн. Талапкерлерден карап көрсөк, мен ойлоп жатам, Атамбаев болушу мүмкүн. Ошол сүйлөшүүлөрдүн негизинде талапкердигин алды болуш керек деп ойлойм.

Талдоочу Ботобеков Текебаевди принцип, идея үчүн жашаган саясатчы деп эсептейт. Ага жараша парламенттик башкаруунун автору утурумдук кызыкчылык үчүн кимдир-бирөө менен ачык альянска барарына анча ишенбейт. Талдоочу бул кадамды саясатчы жеңишке жетерине толук ишенбеген үчүн президенттик шайлоодон кийинки саясий күрөшкө даярдык көрүү жана өз турумун бекемдөө максатында гана жасады деген ойдо.
Менимче, реформанын атасы катары Текебаев өзү баштаган реформаларды сактап калуу максатында ушундай чукул кадамга барды.
Уран Ботобеков

7-апрелден кийинки конституциялык реформага ылайык президенттин ыйгарым укуктары азайганына карабастан алдыдагы шайлоого аттуу-баштуу саясатчылар жапа тырмак баратышат. Бул көрүнүш эл аралык байкоочуларда Конституцияны кайрадан алмаштыруу дымагы болуп жүрбөсүн деген да бүшүркөө жаратууда.

Президент Роза Отунбаева болсо бул күндөрү АКШда өткөн “Кыргызстан- президенттик шайлоонун босогосунда” деген талкууда Конституцияны 2020-жылга чейин эч ким өзгөртө албастыгын белгиледи.

Ошол эле мезгилде жарышка түшүп жаткан саясатчылардын бир даары Конституциялык реформа зарыл экендигин айтып жүргөну да анык.

Өмүрбек Текебаев 1995- жана 2000-жылкы президенттик шайлоолорго талапкер болгон. Ал жетектеген “Ата Мекен” фракциясы Жогорку Кеңеште бүгүн парламенттик азчылыкты түзөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG