Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Жергиликтүү шайлоо: партиялар тизмесин түзүүдө


Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-декабрда өтөт.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы 31-октябрдагы курултайында Бишкек шаардык кеңешке шайлоого бара турган талапкерлердин тизмесин бекитти.

Андан мурдараак Социал-демократтар менен “Республика - Ата Журт” партиялары да жергиликтүү шайлоо боюнча курултайларын өткөргөн.

Бирок тизме бекитүү иши нааразылык менен коштолгон учурлар болду. Айрым бир маалыматтарга ылайык, “алтын мандаттын” баасы 200 миң долларга чейин жетти. Парламенттик шайлоодо утуп келген кээ бир партиялар саясий жана дагы башка себептерден улам Бишкек шаардык кеңештеги орун үчүн ат салышпай турганын айтып чыгышты.

КСДПдагы тизме чыры

Бийликтеги Социал-демократтар партиясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн жыйыны 29-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында шаан-шөкөт менен өттү. Бирок тизмени бекитүү нааразылык менен коштолуп, айрымдары шайлоого баруудан баш тартты. Партиянын жаштар канатын жетектеп келген Ренат Самудинов 60тай адамдын аты жазылган тизмеде 54-орун тийгенине ачык нааразы болгон. Анын айтымында, тизменин алдыңкы сабындагы адамдардын дээрлик көбү буга чейин партиянын ишине аралашпагандар:

- Ушундай ыргак менен кете берсек, мамлекеттик башкарууга эч качан күчтүү кадрлар келбейт. Чоңдордун чайын куйган, күлүн чыгарган адамдар гана келе берет. Анан ушинте берсек оңолмок белек? Апрель окуяларында өлгөндөрдүн үмүтү акталмак беле? Мен партиянын ичинде коррупцияга каршы иш кылып жүрөм да. Мага ошондо сен ушинтип жүрө берсең бир күнү ыргыйсың деп эскерткендер да болгон. Мен болсо мындан артык дагы кандай ыргымак элем деп жооп бергем. Туура маселени көтөрсөң, таза жүрсөң, жакпайт экенсиң.

Ренат Самудинов.
Ренат Самудинов.

Социал-демократтар Бишкек шаардык кеңешке шайлоого бара тургандар талапкерлеринин тизмесин эмдигиче ачык жарыялай эле. Бирок сап башында шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев турганы анык болду. Ал тизме түзүү, талапкерлерди тандоого байланыштуу чыккан нааразылыктар боюнча суроолорго жооп берген жок:

- Аны партиянын жетекчилеринен сураш керек го. Тизмени биз түзбөйбүз да. Мен деле тизмедеги талапкермин, ошондуктан бул суроолор мага эмес го.

Кант шаардык кеңештеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Молдокулов партиялардын тизмесин түзүү дагы деле капчыктууларга карап жүрүп жатканына токтолду:

- Айрым партияларда балким илгертен бери мүчө болуп жүргөн, ысык-суугуна чыдаган, күйүп-бышкан адамдардын заманы келе электир. Айрым партиялар акчалууларга таянып шайлоого бара жатат. Бул шайлоо 2017-жылкы президенттик шайлоого чоң даярдык деп айтса болот. “Республика-Ата Журт” партиясы жаштар канатын көп жылдан бери жетектеп келген, ысык-суугуна чыдап жүргөн баланы биринчи орунга чыгарды. Бел негизи ар бир партиянын өзүнүн абийиринде жана саясатында турган иш.

Шайлоодон баш тарткан партиялар

Ал арада парламенттик шайлоодо утуп келген айрым бир партиялар Бишкек шаардык кеңешке шайлоого барбай турганын маалым болду. “Бир бол” партиясынын аткаруу кеңешинин жетекчиси Досалы Эсеналиев анын себебин жергиликтүү бөлүмдөрдүн чечимдери менен түшүндүрдү:

- Биздин партиянын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн сунуштары менен кээ бир шаарларда биздин партиянын атынан чыккан талапкерлердин тизмелери болот. Мисалы, Кадамжай, Кызыл-Кыя жана Кербен шаарларында тизме болот. Ал эми Бишкек шаарындагы бөлүмүбүздүн сунушу менен бул шайлоого катышпоо тууралуу чечим кабыл алынды. Биз азыр жергиликтүү бөлүмдөрүбүздүн күчүнө, шартына, мүмкүнчүлүгүнө жараша чечим кабыл алып жатабыз.

Досалы Эсеналиев.
Досалы Эсеналиев.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев шаардык кеңешке шайлоого катышпаган себебин саясий куугунтук менен байланыштырды. Мындан башка региондордо шайлоого баруу же барбоо маселеси ошол аймактагы кырдаалга жараша чечилерин айтты:

- Биздин талапкерлердин артынан азыртан эле куугунтук болуп жатат. Ар кандай чагым болушу мүмкүн деп тобокелге салбайлы дедик. Ошондуктан Бишкектеги өкүлдөрүбүз бул шайлоого катышпайбыз деп чечишти. Мисалы, Бишкектиги өкүлдөрүбүздүн бир тобу бизнесмендер эле. Аларды текшерип коркутуп жатат. Алардын туугандарына чейин коркутуп жатат. Бир тобун жумуштан бошотушту. Ошондуктан депутаттыкка талапкер болуп, же мандаттан жок, же туугандардан жок болуп калбайлы дегендер болуп жатат. Атамбаевдер Бишкекте мисалы саясий-террордук кырдаал түзүп коюшту. Азыр айрым бир партиядан экенин ачык айтып чыга албай калды. Азыр эми Конституцияны өзгөртүүгө, бийликтин долбооруна каршы добуш бергендерди ачыктан ачык куугунтуктап жатпайбы. Мындан улам карапайым адамдар тобоокелге баргандан чочуп жатат.

Бийлик саясий куугунтукка байланышкан дооматтарды четке кагып келет.

Бишкек шаардык кеңеште 45 орун бар. Соңку шайлоодо мандаттын теңине жакыны, тактап айтканда 21 орун Социал-демократтар партиясына тийген. “Республика” 11, “Ата-Мекен” 7, ал эми “Замандаш” 6 мандат алган.

Ушул жыл этегинде өтчү Бишкек шаардык кеңешке шайлоого “Замандаш” жана бийликчил делген “Мекеним Кыргызстан” партиясы да катышуу ниети бардыгын айтканы менен, азырынча бир жаңсыл чечим кабыл ала элек. “Мекеним Кыргызстан” буга чейин Ош шаардык кеңешке шайлоого катышып, алты мандат алып үчүнчү орунда келген жана коалициялык көпчүлүктүн курамына кирген.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG