Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:45

Шайлоо тыянагы канчалык ынанымдуу?


Бишкектин бир шайлоо жайындагы добуш берүүдөн, 30-октябрь.

Бишкектин бир шайлоо жайындагы добуш берүүдөн, 30-октябрь.

«Арай көз чарай» талкуусунун бул жолку чыгарылышында президенттик шайлоонун жыйынтыктары тууралуу сөз болду.

Талкууга Жогорку Кеңештен «Ар Намыс» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев, БШКнын мүчөсү Рашид Бекбасаров, Оштон саясат таануучу Санжар Тажиматов катышты.

«Азаттык»: Ошентип президенттик кызмат үчүн ат салышкан талапкерлерге добуш берүү аяктады. БШКнын билдиргенине караганда, жер-жерлерден түшкөн протоколдордун негизинде добуштарды тыянактоо иши уланып жатат. Протоколдордун 96 пайызы эсептелип бүтүп калды деп билдирип жатышат. Автоматташтырылган системанын акыркы биздин колдо турган тыянагына караганда, Алмаз Атамбаев 63 пайыз, Адахан Мадумаров 15 пайыз, Камчыбек Ташиев 14 жарым пайыздан ашык добуштарды топтоп, үч талапкер алдыда келаткан экен. Ушул тыянак канчалык реалдуу, ишенсе болобу?

Каныбек Иманалиев: Кыргыз мамлекети кечээ, бүгүн өз тарыхындагы эң оор саясий сыноону башынан өткөрүп жатат. Шайлоого 60 пайыздан ашык шайлоочулар катышты. Жеңип чыккан адамдын аныктыгы абсолюттуу деп эсептейм. Себеби биринчи талапкер менен экинчи талапкердин ортосунда бир пайыз болуп калса талашса болот.

Дүйнөдө таптаза шайлоо жомокто эле болот. Америкада да, Европада, Орусияда бүт бийликтин баары бир эле партияда. Бизде андай эмес, бизде үч партияда. Алар баары биригип бир партияга иштеши мүмкүн эмес... Каныбек Иманалиев

Азыркы учурда биринчи орунду алган менен экинчи орунду алган талапкердин ортосундагы айырмачылык 860 миң добуш, башкача айтканда жалпы катышкандардын 47-48 пайызы болуп атат. Бул жерде күмөн саноого эч кандай негиз жок. Ошондуктан биздин саясатчылардын саясий эрки жетиш керек бул шайлоонун жыйынтыгын таанууга.

Дүйнөдө таптаза шайлоо жомокто эле болот. Америкада да, Европада, Орусияда бүт бийликтин баары бир эле партияда. Бизде андай эмес, бизде үч партияда. Алар баары биригип бир партияга иштеши мүмкүн эмес. Шайлоону БШК өткөрөт. Аны оппозициялык партия да, бийликтеги партия да түптөйт. Ошондуктан бул жерде ашкере массалык мааниге ээ болгон бузуулар болду деп айтышка али эрте.

«Азаттык»: Шайлоочуларды, массаны ынандырууга мүмкүнбү. Бул реалдуу деп БШК кантип ишендире алат?

Рашид Бекбасаров: БШКнын ишендире алганы бул келип аткан протоколдор. Протоколдордун түп нускаларды бизге келгенде биз акыркы так маалыматтарды бере алабыз. Азырынча автоматташтырылган системага кирген протоколдор. Бул системалык администраторлор кандай сапаттуу киргизди ошого көз каранды. Эгер алар туура киргизген болсо баары жакшы. Алардын баары жогорку деңгээлдеги адистер. Аларга ишенбей койгонго бизде негиз жок. Азырынча көрсөтүлгөн сандар чындыкка келген сандар деп ишенип турабыз. Айырма көп болбойт. Мындай массалык түрдө шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга мүмкүн эмес. Азыр бардык эл аралык жана бул жактагы байкоочулар карап көрүп турат.

Санжар Тажиматов: Менин оюмча, шайлоо салыштырмалуу айкын жана таза өттү. Талапкерлердин арасында эмне үчүн кээ бир облустарда саясий активдүүлүк төмөн болуп калды деген маселе да көтөрүлүп атат. Ал жерде объективдүү себептер бар. Биринчиси, миграция. Экинчиси, элдин иште болушу. Үчүнчүсү, ушак-айыңдардын орду чоң ролду ойноду окшойт деп эсептейм. Жалпысынан шайлоо демократиялуу, айкын өттү. Бул Кыргызстандын демократиялык багытта өнүгүшүнүн дагы бир чоң кадамы болуп калды окшойт.

«Азаттык»: Ошто добуш бергендердин саны аз болуп калыптыр, Оштун өзүндө 51 пайызды, Жалал-Абадда 47 пайыз, Баткенде 48 пайызды түзүптүр. Муну жеке миграция менен байланыштырууга мүмкүнбү, же башка себептери барбы?

Санжар Тажиматов: Бул маселеге талапкерлер саясий боёк жасашы мүмкүн. Бирок чынын алып караганда объективдүү себептер биринчи орунда турат. Биринчиси, миграция. Себеби Орусия, Казакстанда жүргөн жарандар тизмеде болушу мүмкүн, бирок катышкан жок. Экинчиси, ушул мезгилде ички миграция менен көп адамдар Бишкекке келиши мүмкүн. Үчүнчүсү, ушак-айыңдардын орду ойноду окшойт. Кээ бир учурларда кооптонуунун негизинде шайлоого барбай калган адамдар да болушу мүмкүн. Ошондой эле адамдардын колунун бош болбошу, ички кыймыл менен байланышта деп ойлойм.
Жок адамдардын ордуна добуш берүүгө бөгөт койулду. Ички миграция жана сырткы миграцияга кеткен эл түштүк тараптан көбүрөк. Ошонун негизинде шайлоого катышкан адамдардын саны азыркы учурда реалдуу санды көрсөтүп атат. Рашид Бекбасаров

«Азаттык»: Каныбек, эмне себептен Кыргызстандын түштүк аймагында добуш берүү солгун болду?

Каныбек Иманалиев: Биринчиден, миграция. Экинчиден, эл саясаттан тажады. 20 жылдын ичинде канча жолу добуш беришти. Көп убада бергендер өз убадасына тура алган жок. Эл ушундай эле келип жүргөн, бирок үстүнөн кошумча 10-20 пайызга көбөйтүп коёлу деп жазып коюшчу. Бул жолу мүмкүн ошондойго жол берилген жок. Түпкүлүгү келип демократиялык багытта өнүккөн мамлекет үчүн туура эле көрүнүш. Элдин 60 пайызга катышуусу реалдуу чындыкка жакын. Бул өзүбүздүн саясий активдүү позициябызды көрсөттү.

«Азаттык»: Рашид мырза, БШКнын солгун ишинин жыйынтыгы деген да пикирлер айтылып атат. Сиз кандай пикир айта аласыз бул багытта?

Рашид Бекбасаров: Быйылкы жылкы шайлоодо бир жаңылык бар. Ар бир бюллетенде негизги номерден тышкары ар бир добуш берген адамдын номерин койгонго жана кол койгонго орун калтырганбыз. Бюллетендин айрылган бөлүгүнүн бардыгына кол коюлган. Ал сейфке салынып БШКга жөнөтүлөт. Бул комиссия үчүн көрүнүп турган нерсе. Эгер кошумча добуштар пайда болсо ал оңой эле аныкталат. Жок адамдардын ордуна добуш берүүгө бөгөт койулду. Ички миграция жана сырткы миграцияга кеткен эл түштүк тараптан көбүрөк. Ошонун негизинде шайлоого катышкан адамдардын саны азыркы учурда реалдуу санды көрсөтүп атат.

Каныбек Иманалиев: Ош шаарында эл өтө аз келиптир. Былтыркы трагедиядан кийин кандайдыр бир психологиялык травма калтырып, коопсуздук, чочулоо маселесинен келип чыкты деп ойлоп атам.

«Азаттык»: Тизме маселеси шайлоонун жыйынтыктарына көлөкө түшүрбөйбү? Эмне үчүн өтө көп дооматтар болуп атат?
Негизги катачылык участкалык комиссиянын шалаакылыгынан болушу мүмкүн. Ал жерде катышпай калган биздин жарандардын конституциялык укугу тебеленди. Мындай нерсе кийинки шайлоодо кайталанбашы үчүн укугу тебеленген адамдар сотко арызын берсин, участкалык комиссия белгилүү деңгээлде жазаланышы керек. Санжар Тажиматов


Рашид Бекбасаров: Дооматтар өтө көп эмес. Биз алардын баарына айтып атабыз арызыңарды жазып, дарегиңерди калтырып кеткиле деп. Бизге саны керек. Себеби биз тизмени жаңы түзүп, шайлоочулардын бирдиктүү каттоосун жаңы курап атабыз. Бул жаңы принцип менен түзүлгөн тизме. Башкача болмок эмес. Эки нерсени айкалыштырган доор болот экен. Ошондуктан кошумча тизме менен шайлоо даректи бири-бири менен айкалыштыруу оор болуп кала тургандыктан мыйзам чыгаруучулар кошумча тизмени алып таштады. Бурмалаганга көп мүмкүнчүлүк болуп калат экен. Ошон үчүн бирөө гана болуш керек дедик. Мыйзамдын талабында жазылып турат арызын таштап кетиш керек, ошону менен кийин шайлоого келсе болот деп. Ошол эле берененин башка пунктунда тийиштүүсүн шайлоого киргизишибиз керек, тийиштүү эместерин тизмеге киргизбеш керек деп жазылган. Биз бардык талаптарын аткарып атабыз. Натыйжасы ушундай болуп, кээ бир адамдар өзүн тизмеден таппай калып атат.

«Азаттык»: Санжар мырза, кайдай дейсиз, чын эле добуш берүүдө тизмени Рашид мырза мындай болбой койбойт эле деп айткандай кабыл алса болобу, же бул жерде каталыктар барбы?

Санжар Тажиматов: Бул жерде катачылыктар бар. Негизги катачылык участкалык комиссиянын шалаакылыгынан болушу мүмкүн. Ал жерде катышпай калган биздин жарандардын конституциялык укугу тебеленди. Мындай нерсе кийинки шайлоодо кайталанбашы үчүн укугу тебеленген адамдар сотко арызын берсин, участкалык комиссия белгилүү деңгээлде жазаланышы керек. Башка жол жок. Ошондо кийинки шайлоодо мындай нерсенин кайталанышына бөгөт коюлат деген ойдомун. Мыйзам чегинде болуш керек бардык нерсе. Бирок конституциялык укугу тебеленип калганы жарандар үчүн өтө өкүнүчтүү. Бул нерсе шайлоонун натыйжасына көп эле таасир берет деп эсептейм.
Талапкерлердин баары мен президент болсом кыргыз элинин биримдиги үчүн кызмат кылам деди. Көбү президент болбой калды. Бирок президент болбой калып деле кызмат кылса болот.
Каныбек Иманалиев


«Азаттык»: Каныбек мырза, сизге суроо бергим келип атат. Бул жолку шайлоодогу тажрыйба эмнени берди? Мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл болуп жүрбөсүн. Кандай өзгөртүү киргизилиши мүмкүн ушул сабактан кийин?

Каныбек Иманалиев: Былтыркы парламенттик шайлоого караганда азыркы президенттик шайлоодо шайлоочулардын тизмеси 280 миңге көбөйдү. Экинчи, техникалык себептер болушу мүмкүн. Үчүнчү, участкалык комиссиянын кайдыгерлик жоопкерсиздиги. Төртүнчү, конституциялык мыйзамды кабыл алгандан баштап, БШК азыр Кыргызстанда бешинчи бийлик. Алар мындан кийин туруктуу иштеп баштайт. Акыркы үч айда убакыт кыска болгондугуна байланыштуу мүмкүн жетише алган жок. Бирок мындан кийин кайсы бир шайлоочунун фамилиясы тизмеге кирбей калса биз аларга чара көрүшүбүз керек, административдик, эгерде көбүрөк болсо мүмкүн кылмыш жазасына чейин.

«Азаттык»: Бул жерде шайлоочунун жоопкерчилиги жөнүндө сөз болуп атат.

Каныбек Иманалиев: Кечээ БШКнын төрагасы айтып кетти, кээ бири бир жерден добуш берип, экинчи жерден берейин десе ал жакта автоматтык түрдө жок болуп чыгат. Андай болушу да мүмкүн. Бирок массалык түрдө ушундай болду деп айта албайм, ондогон, жүздөгөн болушу мүмкүн. Биз жаңы шайлоонун ыкмасы боюнча иштеп атабыз да. Ошондой учурда кандайдыр бир деңгээлде жаңылыштыктар болушу мүмкүн эле. Мындан кийин аны кетирбөөгө негиз бар. Себеби мындан кийин аймактык шайлоо комиссиясы атайын штаттык негизде айлык алып иштейт. Ошолор ар бир шайлоочунун фамилиясы менен иштеп чыгат. Ошондон кийин ката кетирсе алардын жоопкерчилигин карашыбыз керек.

«Азаттык»: Бул мыйзамда көрсөтүлгөнбү?

Каныбек Иманалиев: Жок, бул мыйзамда азырынча так көрсөтүлгөн эмес.

«Азаттык»: Рашид мырза, тизме маселесине байланыштуу мыйзамда сиздерди кыйнаган учурлар болдубу?

Рашид Бекбасаров: Тизме боюнча сөз кылганда БШКга кенен убакыт берип сүйлөтүш керек. Себеби бул абдан чоң маселе. Эгер кандайдыр бир тактык керек болсо, биздин айткан сөздү бөлүп-жарбай угуш керек. Бүгүнкү күндө тизмебиз 3 миллиондон ашык болуп турат. Шайлоо добушуна ээ болгон адамдардын саны 3 жарым миллиондон ашыгыраак. Алардын көбү миграцияда жүрөт. Адамдар массалык түрдө кирбей калды дегенге негиз жок. Алардын баары нааразы болсо алар арыздарын алып келип тизилип калмак. Биз канча айттык, тизмеден өзүңөрдү тактап алгыла деп, ошондой болсо бизге дагы кичине жардам болмок.

«Азаттык»: Албетте презитденттик шайлоо аяктады, эми сөзсүз түрдө жеңген адам болот, жеңилген адам болот. Кечээ президент Отунбаева Кыргызстанды бул шайлоо биримдикке алып барышы керек деди. Жеңилгендер татыктуу жеңиле алышабы? Мындан ары биримдикке баштап бара турган шайлоо болдубу бул?

Каныбек Иманалиев: Талапкерлердин баары мен президент болсом кыргыз элинин биримдиги үчүн кызмат кылам деди. Көбү президент болбой калды. Бирок президент болбой калып деле кызмат кылса болот. Алардын мыйзамдуу шайлоонун жыйынтыгын, элдин эркин таануусу кыргыз элинин биримдигине, бүтүндүгүнө жана бакубатуулугуна кошкон салымы деп эсептейм.

Санжар Тажиматов: Шайлоодо жеңүүчү, жеңилүүчү болот. Эми демократиялык саясий маданияттын калыптануусунун негизинде азыр жеңилген талапкерлер келип жеңген талапкерди элдин көзүнчө куттуктап, алты жылга ишти алып барыңыз деп, өзүнүн ой-пикирлери болсо конструктивдүү оппозиция сын-пикирди айта турган орун деле бар. Ошону менен элге иштеп берсе болот.

Рашид Бекбасаров: Биз жакшы тилек, үмүт менен турабыз. Баары жакшы деңгээлде маданий, тарыхый, өзүбүздүн илгерки салттын баарын улап, айкөлдүк кылып ажолукка, бийик чоң даражага талапкер болуп аткан адамдар ошого татыктуу болот дагы, баары айкөлдүк, жигиттик кылса баары тынч бүтөт деген ойдомун.

Каныбек Иманалиев: Кыргызда улуу философия бар, ушул адамдын маңдайына жазыптыр деп. Демек ушул адамды президент болот деп маңдайына жазган экен. Бизди дүйнө карап турат, эл аралык коомчулук, тарых сынап турат. Улуу жакшы иш кылып келатып бир жерден мүдүрүлүп кетпейли. Ушуну баарыбыз жүрөгүбүз менен сезе билсек.

«Азаттык»: Сиздерге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG