Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:52

Президенттик шайлоо алдында “Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору кабыл алынды. “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул темага арналды.

Мыйзам долбоорунун айланасында талаш-тартыштар президенттик шайлоого катышууну көздөгөн өкмөт башчы жана башка саясий жетекчилер кызматынан толук кетиш керек деген жобонун айланасында болду.

Талкууга катышкандар:

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов, парламенттеги өкмөттүн өкүлү Данияр Нарынбаев жана “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов.

“Азаттык”: Адегенде мыйзам долбоордун демилгечилеринен болгон “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Өмүрбек мырзага кайрылсак. Өмүрбек мырза, “Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдын негизги өзгөчөлүктөрүнө кыскача токтоло кетсеңиз.

Өмүрбек Абдырахманов: Биз парламенттик республика болгондон кийин жаңы мыйзам кабыл алышыбыз керек болчу. Анткени мурдагы мыйзамдардын баары мурунку бийликке ылайыкташтырылган. Бүгүн ошол мыйзам кабыл алынды. Кээ бир бөлүмдөрү чоң талаш-тартыштарды жаратты, бирок мунасага келдик. Негизинен ушул мыйзам боюнча быйылкы шайлоону таза өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек. Бирок дагы чоң проблемалар бар. Аны кийин айтат окшойбуз.

“Азаттык”: Данияр мырза, кабыл алынган мыйзамга ылайык, өкмөт башчы талапкер болсо, кызматынан убактылуу кете турган болду. Бул өкмөт, бийлик тарапты канааттандырабы?
Азыр президентке талапкер болуп чыгам деген адам оңой жол менен добуштарды топтогонго мүмкүнчүлүк ачылды. Биринчи 30 миң эле кол топтойт.


Данияр Нарынбаев: Мен маселени башкача койот элем. Анткени биздин Конституция боюнча премьер-министр болобу, өкмөт мүчөсү болобу, кызматтан кетип атканда кызматын таштап коюп басып кетип кала албайт. Милдеттүү түрдө жаңы өкмөт шайланганга чейин иштеп турушу керек.

Мурда депутаттар сунуш кылган башкача норма кирсе, ал Конституцияга карама-каршы келмек. Ошондуктан биз ушул мааниде сунуш кылдык, депутаттардын колдогонуна биз абдан ыраазыбыз, түшүнүү менен колдошту.

Бирок ошол эле учурда премьер-министр болобу, башка өкмөт мүчөсү болобу, президенттик шайлоого катышам десе эч бир административдик ресурсту пайдаланганга укук, мүмкүнчүлүк берилбеш керек. Ал үчүн атайын чаралар көрүлгөнгө тийиш.

“Азаттык”: Аликбек мырза, өкмөт башчы кызматынан толук кетиш керек деп мурдагы долбоордо айтылган болчу. Азыр компромисттик вариантта убактылуу кызматынан кете турган болуп атат. Ушундай шартта административдик ресурсту пайдаланбаганга мүмкүнчүлүк түзүлөбү, же болбосо бизде адилет шайлоого шарт түзүлөбү?

Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов: Кеп өкмөт башчынын административдик ресурсту пайдаланганы, же пайдаланбаганында эмес. Ар бир инсандын сапаттарына жараша болот. Эгер ыймандуу, өзү акыйкатты жакшы көргөн, мыйзамга баш ийген адам болсо, албетте административдик ресурсту пайдаланбайт.

Буга чейин мыйзамдарды, Конституцияларды аябай көп жазып келдик, мүмкүнчүлүктөрдү бердик. Бирок мыйзам менен турмуштун айырмасы чоң. Менин оюмча, бүгүн БШКны, район жана участкалык шайлоо комиссиялардын жоопкерчилигин көтөрүш керек.

Акыркы парламенттик шайлоодо негизги аба ырайын жасаган участкалык комиссиялар болду, коррупцияга малынып, криминалдан коркуппу, же коркпойбу, аябай таза эмес ыкмаларды пайдаланып, саясий абал курч болгонго таасир ээти.

“Кеттим, бирок кеткен жокмун”

“Азаттык”: Өткөн жолу парламенттик шайлоо өткөн учурда негизги мамлекеттик кызматкерлер, ошол эле Ө.Текебаев, А.Атамбаев, бардыгы кызматынан кетип, анан шайлоого барышкан эле. Бул кайсы бир деңгээлде адилеттүү шайлоо өткөрүүгө негиз болгон эле. Азыр ошондой болобу, же жокпу деген маселе чыгууда.

Өмүрбек Абдырахманов: Түзүлбөйт. Өткөндө да КСДП партиясы толугу менен административдик күчүн пайдаланган. Анткени Атамбаев экономика, кадрлар боюнча биринчи орун басар болуп, бардык акимдерди, айыл өкмөттөрүн өзү дайындаган. Азыр да ошондой абалга келебиз деп жанталашып атышат. Ушул мыйзамды өткөрүп алган себеби да ошондо.

Өткөндө эң дурус тажрыйба болгон, баары ишин таштап басып кетишкен. Азыр да ойлодук эле, Атамбаев ишин таштап, башка талапкерлер менен бирдей укукта катышат деп. Бирок тилекке каршы бүгүн башкача өтүп кетти. Азыр үйүнө кеткени менен, ал жерде телефон деген бар, ишин таштабаганы менен, баягы эле өзү койгон кишилер "кайра келет" деп административдик ресурсту колдонушат.

“Азаттык”: Анда эмне үчүн силердин лидер ушундай долбоорду кабыл алганга мунасага барды?
Эгер сырттагы партияларды кошолу десек, сиздерден башка 150 партия бар, алардын кимисин кошобуз?


Өмүрбек Абдырахманов: Мунасага барган жок, биринчи ошол вариант коюлду, бирок өтпөй калды, өкмөт менен макулдашылган экинчи варианты өттү, аны колдогонго биз мажбур болдук, анткени биздин вариант өтпөй калды.

“Азаттык”: Өкмөт башчы шайлоого кетсе анын орду кандай толтурулат, ким аткарат?

Данияр Нарынбаев: Атайын өкмөт жөнүндө конституциялык мыйзам бар, ал жерде тиешелүү жоболор көрсөтүлгөн. Премьер-министр болобу, вице премьер-министр болобу эгерде кызматынан убактылуу четтетилип турса, бул иш башка өкмөт мүчөлөрүнө жүктөлөт.

“Азаттык”: Каттоосуз эле паспорту менен добуш берүүгө катышуу кайра-кайра добуш берүүлөрдүн күчөшүнө алып келбейби?

Өмүрбек Абдырахманов: Өткөн шайлоодо миңдеген кыргыз жарандары өздөрүнүн конституциялык укугун пайдаланбай калышкан. Анткени алардын каттоосу башка аймактарда, ал эми баары Бишкектин тегерегинде жашашат.

Өмүрбек Абдрахманов
Биз каттоо мыйзамына карабай, ал адамдардын конституциялык укугун карашыбыз керек, алардын шайлоого мүмкүнчүлүгүн түзүшүбүз керек. Бул – бийликтин милдети. Ошондуктан биз муну аткарышыбыз керек. Каттоосу барбы, жокпу, кайсы жерде туруктуу жашаса ошол жерден ал добуш бериш керек. Аны жасап коюш кыйын деле жумуш эмес, азыр компьютер деген бар.

Аликбек Жекшенкулов: Азыркы биздин саясий маданиятыбызга карата бийликке чоң ыкма берилет. Накта каруселдер ошондо башталат. Эки ыкманы пайдаланса болот: биринчиси, интернет добуш берүү, экинчиси, участкалык комиссияларда видео камераларды коюш керек, анан борбордук пулттан бардыгын көзөмөлдөш керек.

Шайлоочулардын саны 2 млн. 600 болсо, анда 3 млн. чыгат. Баткендин губернатору өзүнүн элинин санына жараша жыйынтык берет, анан Бишкектеги берет, кайсы бир ыкмаларды пайдаланат, башаламандык болот. Тилекке каршы биздин саясий маданиятыбыз, чиновниктердин иштери эптеп эле будамайлап башаламандыкка жол ачып берет.

Чектелүү мүмкүнчүлүктөр

“Азаттык”: Каруселге жол бербеши үчүн көрүнө турган сыя коюлат деп атышат. Ушул маселени чечеби?

Данияр Нарынбаев: Бир эле ушул маселенин баарын чечип жиберет деп мен айта албайм. Бирок демилгечинин бири, азыр мыйзам кабыл алынбадыбы, эртең президент кол койсо, биз аткарганга милдеттүүбүз, болгон күч аракетибизди жумшайбыз.
Буга чейин мыйзамдарды, Конституцияларды аябай көп жазып келдик, мүмкүнчүлүктөрдү бердик. Бирок мыйзам менен турмуштун айырмасы чоң.


Сыядан башка дагы жаңы жоболор кирип жатат. Эгерде иштетип алсак, анда жыйынтык болот. Мурда каттообуз бар жерден гана добуш бергенге мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Азыр болсо ал жокко чыгарылды. Азыр каалаган жеринде 10 күн мурда барып катталып, жалпы компьютердик тизмеге кирет. Эгерде экинчи жерге каттоого барса, ал жерге кирбейт, же мурда катталганы жокко чыгарылат. Ошону менен бир адам бир добуш бериш керек болуп калат. Азыр бизде ал система жок, аны тез аранын ичинде киргизгенге бүт мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшашыбыз керек.

Бизге эл аралык донорлор жардам беребиз деп атышат. Кепилдигин Өмүрбек Чиркешович өзүнө алды, депутаттарды ишендирди, бул система иштеп кете алат, бул шайлоого чейин үлгүрөбүз деп. Кандай болорун көрө жатабыз.

“Азаттык”: Шайлоочулардын тизмесин түзүү мурда жергиликтүү бийликке тапшырылчу. Азыр шайлоо комиссиясына берилип атат. Өтө эле оор жүк болуп аткан жокпу?

Данияр Нарынбаев
Данияр Нарынбаев: Бул маселе да абдан кызуу талкууланды. Көп депутаттар коркунучтар бар деп айтышты. Чындыгында комиссиялардын мүмкүнчүлүктөрү чектелген. Бирок Нарынбек Молдобаевич жакшы сунуш кылды, ушул жобону бир аз күчөтүп, бир гана БШК эмес, жергиликтүү, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын бардыгы толук жардам бериш керек, тиешелүү түрдө комиссиянын талаптарын аткарганга милдеттүү.

“Азаттык”: Автоматташтырылган система сизди канааттандырабы?

Аликбек Жекшенкулов: Мени канааттандырбайт. Анткени электр жарыгы өчүп калат, компьютер иштебей калат, хакерлер бар. Бул системаны мурун президенттик шайлоого чейин иштетип көрсөк жакшы болмок.

Менин оюмча, президенттик шайлоо аябай катуу болот. Бүгүн эле 3-4 талапкер бар, кийин дагы он чакты топ болуп талаш-тартыш көп болот. Бул жерде бул ыкма идеалдуу түрүндө жазылган, бирок турмушка келгенде такыр башкача болот.

Өмүрбек Абдырахманов: Өткөндө каттоо боюнча шайлоо болгон. Ошондо дагы 2 млн. 600 шайлоочунун ордуна 3 жарым млн. болуп кеткен. Ошондуктан булардын баары иштебеген система. Ошондуктан биз реформага барышыбыз керек, алдыга кадам ташташыбыз керек, аракет кылышыбыз керек.
Азыр үйүнө кеткени менен, ал жерде телефон деген бар, ишин таштабаганы менен, баягы эле өзү койгон кишилер кайра келет деп административдик ресурсту колдонушат.


Азыр мурдагыдай монополдук бийлик жок. Чоң 5 партия бар, андан тышкары көп ири партиялар бар. Алардын баары бири-бирин баланс кылып, уурдаганды кармап, жетелеп чыгарып, бара-бара туура жолдо баратабыз деп эсептейм.

Аликбек Жекшенкулов: Парламенттик шайлоодон кийин бир нече партиялар арыздарыбыз менен сотко кайрылдык эле. Соттор болсо бийликтин камчысын чаап, мурункудай будамайлап коюшту. Ошондуктан ушул маселени ойлонуш керек. Мыйзамда жазылганы бир, бирок турмушта башкача болуп кетиши мүмкүн.

Данияр Нарынбаев: Бул жерге жаңы, абдан маанилүү жоболор кирди. Азыр шайлоо процесси абдан ачык болот, байкоочулар мурункудай эмес, түздөн-түз комиссиянын иштеп аткан жерине барып, жанына туруп көзөмөл кылып турат. Андан тышкары бюллетендер сакталган сейфтер коомчулукка чыгарылат, жашырылып турбастан. Бир гана коркунуч бар: коомчулукту убагында жетиштүү түрдө окутуп, түшүндүрүп, мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланганга биз шарт түзүп бере алабызбы деген суроо турат.

Демократиянын даңгыр жолунда

“Азаттык”: “Шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамды кабыл алышты. Анда Борбордук шайлоо комиссиясына мурдагындай жарандык коомдун өкүлдөрү кирбейт, бул жерде президент, парламенттик оппозиция, анан парламенттик көпчүлүк гана түзөт деген жобо кирип атат. Бул жобо парламенттик эмес, партиялардын укугуна шек келтирбейби?

Аликбек Жекшенкулов: Бүгүн парламентке кирген партиялар кечээ көчөдө жүргөнүн унутуп калышты. Чогуу жүргөндө биз сүйлөшчүбүз, бизге да укук бербейт, эмне үчүн деп. Эми болсо биздин укукту алып коюшту. Бул “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегендик.

Оппозициянын митинги, 19-апрель, 2007-жыл
Азыр парламентте отургандардын баары бийликтегилер, оппозиция эмес. Демократиялык коом түзөбүз деп атабыз. Ошон үчүн бейөкмөт уюмдар, башка партиялар коомчулуктун пикирин билүү үчүн сөзсүз кошулуш керек болчу.

Өмүрбек Абдырахманов: Парламентке өткөн партиялар бул элдин ишеничин алып, ошонун жүгүн көтөргөн партиялар.

Эгер сырттагы партияларды кошолу десек, сиздерден башка 150 партия бар, алардын кимисин кошобуз? Беш партияны бийликтики деп сиз бекер айтып атасыз, бийликтики азыр 3 партия, калганы оппозицияда. Оппозициянын таламын эмес, мыйзамдын таламын, коррупцияга каршы талаптарды, туура иштешин көзөмөлдөп аткан партиялар.

Аликбек Жекшенкулов: Силер бийликтесиңер. Анткени бир бутагында отурасыңар да. Бийликке таасир эте аласыңар, ошон үчүн бийликте деп эсептесе болот.

“Азаттык”: Канча адам келсе да шайлоо болду деп эсептеле турган болду. Бул шайлоонун легитимдүүлүгүнө терс таасирин тийгизбейби?
Азыр мурдагыдай монополдук бийлик жок. Чоң 5 партия бар. Алардын баары бири-бирин баланс кылып, уурдаганды кармап, жетелеп чыгарып, бара-бара туура жолдо баратабыз деп эсептейм.


Данияр Нарынбаев: Шайлоо бүткөндөн кийин ар кандай сын-пикир болот, болбой койбойт. Бирок биз негизги принципти алалы, демократиялык өлкө болгондон киийн биздин шайлоо системабыз Конституцияда анык жазылган, бул адамдын укугу, мажбурлап эч кимди шайлоо участкасына алып келе албайбыз, кааласа келет, каалабаса келбейт. Ошон үчүн жалпы шайлоону чоң коркунуч алып келгенге мүмкүнчүлүк ачабыз эгерде ошондой босого койсок. Бирок биздин салтыбызга ылайык сөзсүз түрдө 50 пайыздан кем эмес келет, биздин эл саясатка аралашкан. Эркин келип, эркин добуш бериш керек.

Кечээ көчөдө, бүгүн бийликте

“Азаттык”: Босогону алып койгону туура болдубу, Аликбек мырза?

Аликбек Жекшенкулов: Менин оюмча туура эмес. Биз демократиялык мамлекет эмеспиз, биз ошого баратабыз, аракет кылып атабыз. Тилекке каршы биздин маданий, саясий деңгээлибиз ошондой, көптөрү сыртта туруп алып айта берет, бирок ошол процесске катышпайт. Эгерде президентке шайланып аткан бирөөнө биздин элибиз ишенген болсо, ошого 50 пайыздан көп катышса жакшы болмок. Бул жерде суроо туулат, эртең оппозиция сөзсүз чыгат бул легитимсиз деп. Бүгүнкү күндө бул оор маселе болот.

Өмүрбек Абдырахманов: Оор маселе болбойт. Бул эң туура. Анткени бирөөнү мойнунан байлап эч ким шайлоого алып келбейт. Кайсы адам болбосун Кыргызстандын тагдырына күйсө, Кыргызстан өнүксүн десе, саясатка мен катышам десе, ал өзүнүн добушун берет.

Биздин эл саясат жактан активдүү. Анын үстүнө көп талапкерлер чыккан атат, алардын да жактоочулары бар, жок дегенде 60 пайыздан кем эмес эл катышат. Активдүү процессти мындан ары таза шайлоо, таза система аркылуу көбөйтүшүбүз керек. Ошондо адамдар бийликке ишенип, көбүрөк катыша башташат.

Данияр Нарынбаев: Дагы бир белгилей турган нерсе, азыр президентке талапкер болуп чыгам деген адам оңой жол менен добуштарды топтогонго мүмкүнчүлүк ачылды. Биринчи 30 миң эле кол топтойт. Мурда абдан татаал болчу, паспортторун жазып, кийин текшергенге кыйын болчу. Азыр андай жок, өзүнүн паспорту менен эле жазат. Чындап эле талапкерлер көп болот болуш керек.

“Азаттык”: Шайлоо качан жарыяланып, качан өтүүгө тийиш?
Парламенттик шайлоодон кийин бир нече партиялар арыздарыбыз менен сотко кайрылдык эле. Соттор болсо бийликтин камчысын чаап, мурункудай будамайлап коюшту.


Данияр Нарынбаев: Биз Конституцияны кабыл алып атканда, ал жерде Убактылуу өкмөттүн декретин жана ушул Конституцияны ишке ашыруу боюнча мыйзамды да кабыл алдык. Ал жерде так жазылган, азыркы иштеп аткан президенттин мөөнөтү бүткөнгө чейин, эки ай калганда милдеттүү түрдө шайлоо өткөрүлүп, биз президентибизди шайлап алышыбыз керек. Ошол эле учурда президенттик шайлоодо эки айлампа болуп кетиши ыктымал. Ошону эске алуу менен Жогорку Кеңеш июн айында датаны айтат болуш керек.

“Азаттык”: Бул күн тартибинде турабы?

Өмүрбек Абдырахманов: Бул жерде проблема жок. Айтылган мөөнөттө болот. Бирок бир нерсени мен эске салгым келип атат: Атамбаев өзү оппозицияда жүргөндө “Ак үйгө кирген киши эле ажыдаар болуп калат, бийликти көбөйтсөм деп айтат, бийликте турган киши Указ чыккан күнү бийликтен кетиш керек” деп көчөдө биз менен катар кыйкырып жүрчү эле. Эми өзү бийликке келгенде “жок, мен кетпейм, мен отпускага чыгам, үйдөн команда берип, дагы эле болсо шайланып алам” деп демократиялык принциптерди бузган нерселерге кетип атат. Бийликтин оорусу ушундай.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG