Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Кытайга виза алуу татаалдашты


Бээжиндин борбордук Тяньаньмэнь аянты.
Бээжиндин борбордук Тяньаньмэнь аянты.

Кыргыз ишкерлери Кытайга баруу үчүн элчиликтен уруксат кагаздарын алуу мүмкүн болбой жатканын билдирип чыкты.

Айрыкча Кытайдан жүк ташыган айрым айдоочулар өткөн жылдын күз мезгилинен бери виза алалбай, жумуш токтоп калганын айтышууда.

Турфирмалардын жообу

Былтыр 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде болгон теракттан кийин кытай тарап кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу токтотуп койгон. Ушул убакка чейин жарандарга виза берүү жандана электигин бир катар туристтик фирмалардын өкүлдөрү ырастады:

"Караван тур": - Биз азыр Кытайга виза ачып бере албайбыз, элчилик март айына чейин виза берүүгө тыюу салды.

Adeco”: - Жок, биз Кытайга виза жасай албайбыз. Марттын ортосунан баштап гана виза берүү жанданышы мүмкүн.

Altai travel: - Азырынча Кытайга виза жасабайбыз.

Бишкектеги Кытай элчилиги.
Бишкектеги Кытай элчилиги.

Кытай элчилигинин жанынан ​виза алууга келген топ адамдарды күн сайын жолуктурууга болот. Алардын кээ бири жарым жылдан бери Кытайга кирүүгө уруксат кагаздарын ала албай жаткандыктан, бизнеси чыгымга учурап жатканын бир ооздон айтышты.

Өзүн Руслан Сулайманов деп тааныштырган адам автоунаа менен Кытайдан жүк ташычу. Өткөн жылдын октябрь айында анын виза мөөнөтү аяктаган, ошондон бери элчилик ага виза бербей жаткан экен:

- Керектүү документтердин бардыгын тапшыргам. Телефон чалуусун күтүп коюп жатам. Бүгүн элчиликте баарлашуу болот дегенинен келдим. Буга чейин да ушундай эле жолугушуу болгон, бирок анда деле виза ачпай кетирип салышкан. Айтор, ушул мезгилге чейин убакытты созуп келишти, бүгүн деле виза аларыма көзүм жетпей жатат.

ТИМ: жарандар жаңы эрежени түшүнбөйт

Тышкы иштер министрлиги Кытай элчилиги жаңы жылдан бери виза берүүнү жандандырганын, бирок тартиби мурдагыдан өзгөргөнүн билдирди.

ТИМдин консулдук кызмат көрсөтүү департаментинин паспорт-виза бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыровдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кытай элчилиги документтерди электрондук негизде кабыл алып, биометрикалык маалыматтарды талап кылып калды. Ал үчүн виза алууну каалагандар өздөрү элчиликке барып тийиштүү документтерди жана бармак изин тапшырышы керек:

Бакыт Кадыров
Бакыт Кадыров

- Биздин жарандар өздөрү документтерге кайдыгер мамиле жасап жатат. Азыр Кытай элчилигинде бардык документтер автоматташтырылып, адам фактору четке чыккан. Алсак, фамилия туура эмес жазылып калса же паспорттогу кол тамгасы менен документтеги кол тамгада айырма болуп калса эле автомат андай документтерди кабыл албайт экен. Ошондуктан виза мурдагыдай тартипте эле берилип жатат, болгону биздин жарандар жаңы эрежеден жаңылып калууда.

Буга чейин 1200 кыргызстандык айдоочу жүк ташып Кытайга каттаса, учурда 400гө чукулунун гана визасы бар. Бул сандар виза алуу оорчулугун айгинелеп тургандай.

Жүк ташуучу “Манас глобал логистик” компаниясынын директору Тыныбек Жукешов Кытай тарап өз кызыкчылыгын көздөп айдоочуларга виза бербей жатат деген пикирде.

- Кытайга автоунаабызды киргизе албайбыз, өзүбүз да кире албай калдык. Айдоочулардын нааразычылыгы күн санап күчөп баратат. Ошол эле учурда кытай тарап өзүнүн айдоочуларын каалагандай Кыргызстанга киргизип-чыгарууда. Жолду кытайлык айдоочулар ээлей баштады. Бул атайылап эле жасалып жаткан саясат.

Туристтик виза берилбей калды

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги жөнөкөй жарандарга да виза берүү тартибин өзгөрттү. Мурда ишкерлер жалгыздап туристтик виза менен коңшу өлкөгө каттап келсе, азыр аны алуу дээрлик мүмкүн болбой калды.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат көрсөтүү департаментинин директорунун орун басары Роман Денисов саны беш кишиден жогору топтор Кытайга туристтик виза алса болорун айтат:

Роман Денисов
Роман Денисов

- Мурда бир киши деле туристтик виза ала берчү. Азыр жаңы эрежелердин негизинде Кытайдын туркомпанияларынын чакыруусу менен гана виза берилет. Ошондуктан азыр топ-топ болуп виза алуу жеңил болуп калды. Беш кишиден биригип алып туристтик виза алып жатышат, бирок чек арадан кайра чыгып жатканда бешөө тең бир чыгып кетиши керек. Азыр ишкерлерге топтук туристтик виза алуу тезирээк болуп жатат.

“Азаттык” үналгысынын жаңы виза тартиптери боюнча Кытай элчилиги менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.​

2016-жылдын 30-августунда Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратына жанкечти башкарган автоунаа сүзүп кирип, үйдүн короосунда жарылган. Андан элчилик имаратынын бир бөлүгү жабыркап, Кытай кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу токтоткон.

Октябрь айында Кытайга билим алуу үчүн кетчү студенттерге виза берүүнү жанданган.

Жаңы жылдан тарта Кытай элчилиги кыргызстандыктарга виза берүү үчүн бармак изин чогулта баштарын айтып, бир катар эрежелерди өзгөрткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG