Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, энергетика министринин мурдагы орун басары, өлкөгө эмгек сиңирген энергетик Райымбек Мамыров "Азаттыктын" таңкы түз обосунда энергетика тармагындагы абал боюнча суроолорго жооп берди.

- Ошентип Кыргызстан кыш менен кошо энергетикалык кризистин босогосунда турат. Кечээ болсо парламент энергетика жана өнөр жай министри кызматына сунушталган Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигин колдоп берди. Жаңы министрдин келиши менен абал өзгөрөбү?

- Менимче, депутаттар туура эле чечим кабыл алышты, азыр ошол Кубаныч Турдубаевдей өз ишин жакшы билген кишилер керек бул тармакка. Бул кесиптешиме ийгилик гана каалайм. Эми абал дароо эле оңолуп кетет деп айткандан алысмын. Анткени суунун аздыгы, кышка даярдалган отун-көмүрдүн аздыгы факт болуп калды. Анан гидрометтин кыш жеңил болбойт деген маалыматтары бар. Ушунун баарын эске алганда алдыдагы кыш кыйын болчудай...

- Президент Атамбаев буга чейин энергетика тармагынын башына кыйын менеджер керектигин айткан эле. Ошондой кишилер келген чакта деле абалды оңдоо үчүн канча убакыт керек?

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев учурунда булмаселени жакшы түшүнбөй койду, мунун арты кандай болорун сезген жок окшойт. Тилекке каршы, эми мына кыш жакындаганда азыркыдай кыйын абалга кептелип отурабыз...

- Эми ага үч жылдай убакыт керек жок эле дегенде. Жаңы келген кишилерге мүмкүнчүлүк бериш керек оңдогонго. Тилекке каршы, бизде андай болбой жатпайбы. Кайра бат эле иштен алып коюшат, же башка себептер менен кайра эле алмашуулар болуп кетет...

- Энергетикадагы азыркыдай абалдын алдын алуу мүмкүн беле, анткени быйыл суу аз экени жазында эле белгилүү болчу да?

- Менимче, бул маселеде өкмөт, анын башында турган Жоомарт Оторбаев чечкиндүү кадам жасай албады. Себеби биз апрелдин аягында эле (анда мен да министрликте иштечүмүн) өкмөткө үч сунуш киргизгенбиз. Биринчиси – суунун аздыгы, экинчиси – тез арада Тажикстан жана Казакстан менен сүйлөшүп, электр энергиясынын импортун чечүү, үчүнчүсү - көмүрдү камдоо жана тариф саясатын кароо. Ушулардын баары премьер Жоомарт Оторбаевдин өз колуна берилген. Бирок ал киши жакшы түшүнбөй койду, мунун арты кандай болорун сезген жок окшойт. Тилекке каршы, эми мына кыш жакындаганда азыркыдай кыйын абалга кептелип отурабыз.

Жай мезгилинде муну чечүү оңой жана жеңил болчу. Тажикстандан алган 200 млн. кВт сааттан ашык электр энергиясынын көлөмүн дагы эки эсе көбөйтүү керек эле. Казакстандан, же дагы башка жактан жайында электр энергиясын алуу оңой жана арзан түшмөк. Үчүнчүдөн, Бишкек жылуулук борборун көмүр менен камсыздаш керек эле. Эми акыры буга бюджеттен акча бөлүндү, бирок октябрь айына келгенде болуп жатат. Натыйжасы – бүгүн ал борбордо болгону жүз миң тоннага жетпеген көмүр бар. Андан башка да көмүр жаккан бир канча ишканалар бар. Финансы министрлигинин маалыматына таянсак, азыр көмүр менен камсыздоо көрсөткүчү болгону 30 пайыздын тегерегинде болуп жатыптыр. Ноябрь айына келгендеги кербезибиз ушу. Башкасын айтпай эле коёлу.

- Азыр коомчулукка энергетикадагы жаңы тариф саясаты сунушталып жатат. Бул арада электр энергиясынын өздүк баасы боюнча да талаш көп. Сиздин эсебиңизде, анын өздүк баасы канча?

- Май-июнь айларында сунушталган тарифтик саясатта жай мезгили үчүн 600 кВт. саатка, кыш мезгилинде 1000 кВт. саатка чейин 70 тыйын, андан ашканына 1 сом 20 тыйын – электр энергиянын өздүк наркы менен деп көрсөтүлгөн эле. Бул эми социалдык тариф. Азыр сунушталып жаткан тарифтик саясат жаңы эмес, ошол мурдагысын эле кичине өзгөртүп, азыркы абалга ылайыктап, кыйыныраак кылып алып келишти.

Эми электр энергиясынын өздүк наркы канча экенин дайым эле айтып жүрөбүз. Аны түшүнгүсү келбегендер ар нерсе деп айтып келишет. Маселен Токтогул ГЭСинен иштелип чыккан баасы 39 тыйын, анан ага ташуу, бөлүштүрүү акылары кошулат. Ошонун баарын кошкондо 1 сом 18 - 1 сом 19 тыйындын тегерегинде болот. Энергетика министрлиги азыр электр энергиясынын өздүк баасы ушундай деп чыгарды. Демек 700 кВт. сааттан ашканына 1 сом 20 тыйындан төлөнүш керек, бул баа жыл сайын инфляцияга жараша өзгөрүп турат деген туура эле саясат. Баштапкы сунушталган тарифте эгер электр энергиясын жылуулукка пайдаланса анда газдын баасы менен төлөнсүн деген шарт бар болчу. Анан эле орто жолдон чыга калышып, бир фаза, үч фаза деп элдин башын айлантып салышты. Бул эми техникалык түшүнүктөр...

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG