Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Кыргызстандын кышка даярдыгы тууралуу Энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов “Азаттыкка” маек курду.

- Мына кыштын илеби жакындап, бүгүн Бишкекте бир топ эле суук болуп турат. Жалпы Кыргызстан кышка даярбы?

- Азыр энергетика тармагы боюнча Кыргызстандын бардык чарбалары кышка толугу менен даярдык бар деп айтсак болот. Кышка даярдык дегенде биз дайыма үч факторго көңүл бурабыз. Биринчиси, Токтогул суу сактагычынын деңгээли, экинчиси - оңдоп-түзөө иштери, үчүнчүсү - отун-көмүрдүн даярдалышы. Суунун көлөмү 1-ноябрга карата 19,2 миллиард куб метрди түзүүдө. Бул эмнени билдирет? Бизде электр энергиясын өндүрүү боюнча электр станциянын чектөөлөрү болбойт.

- Демек бул жылы кыдырата өчүрүүлөр болбойт турбайбы?

- Кезеги менен өчүрүүлөр болот деген сөз кетпедиби. Быйыл электр станцияларынын кубаты жетпей калды деп жарыкты өчүрүүлөр болбойт.

- Айрым маалыматтар боюнча, ушул маалда Кыргызстанда көмүр сатып алгандар кыйла аз экен. Көпчүлүк бул жолу электр энергиясы менен кыштан чыгабыз деп камынып жатыптыр. Азыр Кыргызстан калкынын канча пайызы көмүр менен камсыз болду?

- Эгерде Кыргызстан боюнча эсептесек, бизде жүз пайыздан ашып калды. Бирок кээ бир региондордо 1-ноябрдагы даярдык жүз пайызга жетпейт. Мисалы, Ош облусу 98%, эң эле артта калып жатканыбыз Талас облусу 74%. Бирок борбордо пенсионерлердин баары алып жатышат. Ал эми Бишкектин тегерегиндеги эл, жаңы конуштар көмүр алган жок. Эки-үч күндөн бери карасак, үйлөрдөн түтүн чыкпай эле, электр энергиясы менен отурушат.

- Мына ушундай жагдай эмнеге алып келиши мүмкүн? Калктын көпчүлүк бөлүгү жылыткычтар менен кыштан чыгууну көздөп жатса, станцияларга, жабдыктарга күч келип, электр энергия кыштын суугунда өчүп калбайбы?

Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштар көмүр алган жок. Эки-үч күндөн бери карасак, үйлөрдөн түтүн чыкпай эле, электр энергиясы менен отурушат...
- Чоң станцияларга, чоң тармактарга күч келбейт. Бирок орто чыңалуудагы тармактагы райондорго күч келип туруп, трансформаторлорго күч келип, локалдык өчүрүүлөргө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан эл жалаң эле электрди карап отурбай, көмүр, отун даярдашы керек.

- Буга чейин мындай чыңалууларга чыдамдуу жабдыктарды алуу үчүн станцияларды, трансформаторлорду ондоп-түзөө үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүү демилгелери көтөрүлгөн. Бирок бийлик элдин нааразылыгынан кооптонуп, бул кадамга барбай жатканы айтылат. Сиз кандай ойлойсуз, баалар көтөрүлүшү керекпи?

- Биздин позициябыз мындай: баасын көтөрүү керек. Баасын көтөргөндө эл төлөй алгандай болушу керек. Эгерде баасын көтөрүп коюп эле карап турсак, бул терс таасирин тийгизет, дебитордук карыз көбөйүп тура берет, акча чогулбай, жабдыктарды жаңыртуу боюнча аракет токтоп калат. Ошондуктан эки жагын тең ойлоп, элдин төлөө мүмкүнчүлүгүн караш керек.

- Карыздар тууралуу айтып кеттиңиз. Айрым маалыматтар боюнча, кээ бир аймактарда бай эле жашап, чоң-чоң үйлөрү бар үй-бүлөлөр электр энергиясына карыздарын төлөбөй жатышыптыр. Ушундай жагдайлар барбы? Элдин карызы канча?

- Бар. Кээ бир региондордо жайдан баштап жүз пайыз төлөп, мурунку карыздарын да бере баштады. Кээ бир райондор акыркы эки айдын ичинде сексен пайыз гана төлөштү.

- Аткаминер, бай адамдардын карызын төлөбөй жатканы тууралуу маалымат барбы?

- Андай бар. Жанагы эки кабат үйдө туруп, кээ бир органдарда, биздин мамлекеттик органдарда иштегендери бар.

- Ал эми газ маселеси кандай чечилип жатат?

- Газ маселеси чечилген. Биз газды чет мамлекеттерден алабыз. Келишимдер бар. Газ маселеси болбойт.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG