Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Жайсаңдын "Манасы" экстремисттик деп табылды


"Улуу дастандагы өчпөс элестер" аттуу көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн бири
"Улуу дастандагы өчпөс элестер" аттуу көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн бири

Жумгал райондук соту Бүбү Мариям Муса кызынын “Айкөл Манас” китебин экстремисттик деп таап, ага тыюу салды. Сот бул китеп улуттук баалуулуктарды кемсинтет жана эпосту бурмалайт деген тыянак чыгарган. Мындай арыз менен сотко Башкы прокуратура кайрылган. Бул эмгекти колдоп жүргөндөр муну куугунтуктоо катары баалашууда.

Нарындын Жумгал райондук соту Бүбү Мариям Муса кызынын “Айкөл Манас” китебин экстремисттик китеп деп 15-июлда тааныды.

Мындай арыз менен Башкы прокуратура сотко кайрылган. Башкы көзөмөл орган аталган чыгарма кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын кемсинтип, улут аралык касташууну тутандырышы мүмкүн деген жүйөнү келтирген.

Нарын облустук сотунун маалымат катчысы Барктабас Белековдун “Азаттыкка” билдиришинче, сот ишти карап, башкы көзөмөл органдын арызын канааттандырды:

- Сот ишти иликтеп, ачылган жагдайларды эске алуу менен аталган чыгарма Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, кыргыз элинин улуттук кадыр-баркын кемсинтүү, тарыхый фактыларды бурмалаган эмгек болуп саналып, диний, улут аралык касташууну тутандырышы мүмкүн деп көрсөтүлгөн. Аны өлкө аймагында алып жүрүүгө, сактоого, көбөйтүү жана таратууга тыюу салынды.

“Улуу дастандагы өчпөс элестер” деген аталыштагы көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн бири
“Улуу дастандагы өчпөс элестер” деген аталыштагы көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн бири

Белеков кошумчалагандай, бул китеп атайын филологиялык экспертизадан өткөрүлүп, “Манас” эпосун бурмалаган эмгек катары таанылган. Сот бул экспертиза жыйынтыгын эске алган.

Сот чечими белгилүү болору менен китептин айланасында буга чейин жүрүп келген талкуу дагы күчөдү. Китепти “Манас” эпосунун жаңы варианты, баалуу чыгармачыл мурас катары атагандар соттун чечимине нааразы болушууда. Алардын бири, белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаров соттун чечимин чыгармачыл адамдарды куугунтук катары баалап жатат:

- Соттун чечими негизсиз болуп калды. Бул китепти “Манастын” варианты боло алат деп атайын окумуштуулардын катышуусу менен өткөн жыйында кабыл алынган чечим бар болчу. Бирок буга каршы чыгып жаткан беш-алты адам жеңилип калганын сезип, сотко берип жиберишти. Ал жерге айыпкер катары Бүбү Мариям да катышкан жок, күбө катары биз да катышкан жокпуз. Адвокаттын “бул китепте экстремисттик кандай саптар бар экен" деген суроосуна, эч кандай жооп берилген жок.

Ошондой эле Абдыжапаров китеп экстремисттик деп табылган соң аны окуп жүргөндөр эмне болот деген суроону коюуда:

- Сот экстремист деп тапса, мен, Темир Токтогазиев, Каныбек Иманалиев, Бүбү Мариям Муса кызы жана башка бир топ манасчылар түрмөгө отуруш керек. Себеби биз канча жылдан бери ушул китепти чыгарып, элге таратып, алар айткандай "элдин башын айлантып келатабыз". Ушул адамдардын экстремист экенибизге ким ишенет?

Бүбү Мариям Муса кызынын “Айкөл Манас” китебинин айланасындагы талаштар көптөн уланып келет. Китептин автору бул эмгектер мистикалык жагдайда жараларын айтып келет.

Ал китептеги ыр саптарды Манас баатыр менен жанаша жүрүп, бардык окуяларына күбө болгон 40 чоронун бири Жайсаң Үмөт уулу аян катары түшүрөт деп түшүндүрөт. Атүгүл биринчи жол “Жайсаң” деген аталыш менен басылып чыккан. Бир катар окумуштуулар, жазуучулар бул китепти “Манас” эпосунун бурмалоо жана эч кандай адабий баалуулугу жоктугун айтып, каршы чыгып келишкен.

Бүбү Мария Муса кызынын китеби улуу эпосту бурмалоо катары каршы чыгып келгендер болсо соттун чечими туура болгонун билдиришүүдө. Алардын бири - филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахан:

Биринчи жолу “Жайсаң” деген ат менен басылып, эч ким каршы болгон эмес. Бирок кийинчерээк аны “Айкөл Манас” деп атап алган соң талаш чыгып атат.

- Бул китептин салттуу эпоско каршы чыккан бир нече себеби бар. Буларга кайсы бир мистикалык негизде эмес эле, өздөрүн “жайсаңчылар” деп атап алган топ жазган. Буга кошумча китепте элдин элдүүлүгү, генеологиясын мазакташкан. Экинчиден, кандай гана "Манас" болбосун ырааттуу сюжет бар, өзөктүү окуянын тегерегинде өз вариантын айтып келишкен. Ал эми булар болсо түп тамырынан бурмалап, каалагандай кылып өзгөрткөн. Ошондой эле биздин элге төп келбей турган ыплас нерселер айтылган.

Ал эми Улуттук Илимдер академиясына караштуу Кыргыз тили жана адабияты институтунун директору Курманбек Токтоналиев бул китептин айланасында изилдөөлөр жүргөнүн билдирүүдө.

Анын айтымында, авторлордун бул китепти “Манас” эпосунун бир варианты катары атаганы туура эмес болгон:

- Бул китепти “Айкөл Манас” деп атоо туура эмес. Ал биринчи жолу “Жайсаң” деген ат менен басылып, эч ким каршы болгон эмес. Бирок кийинчерээк аны “Айкөл Манас” деп атап алган соң талаш чыгып атат. Ошондуктан, эки жаат кылып жатат. Ошондуктан, муну дагы терең изилдеп жооп берүү керек.

Эми талаш жараткан китептин чыры Нарын облустук сотунда каралат. Мындай арыз менен райондук соттун чечимине макул болбогондор Нарын облустук сотуна кайрылганы маалым болду.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG