Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

Дарыгер мекендешибиз Эркин Орозакунов учурда Түркияда иштейт. Анкарадагы медициналык окуу жайында билим алып, дүйнө жүзү боюнча эң сейрек делген өпкө, боорду башка денеге көчүрүү операциясын жасаган дарыгер “Азаттык” менен ой бөлүштү.

Акыркы жылдары адамдын ички органдарын башка денеге көчүрүү операциясы Кыргызстанда да жасалып, мындай укукка жеке клиникалар да ээ болушу керек деген ой-пикирлер үстөмдүк кыла баштады. Бирок биздегидей мыйзам иштебеген өлкөдө бул тажрыйба опурталдуу эмеспи. Адам органын сатуу бизнеси гүлдөп, криминалдык топтор үчүн каржы булагы пайда болбойбу? Эркин Орозакунов менен маегибиз "чү" дегенде эле ушул суроодон башталды:

"Азаттык": Эркин мырза, мындай өзгөчө операция Кыргызстанда да жасалышы керек, жеке клиникаларга уруксат берилсин деген маалыматтарды соңку кездери көп окуй баштадык. Бул демилгеге сиздин оюңуз кандай?

Эркин Орозакунов: Соңку кездери ушундай ой-пикирлер көбүрөөк айтыла баштады. Өзүм ушул жаатта иштеген хирург болгондуктан бул идеяны колдойм. Албетте Кыргызстанда да бул операция эртеби-кечпи жасалышы керек. Неге болбосун? Бирок бул үчүн адистер талап кылынат.

"Азаттык": Ал эми мыйзам жагычы? Операция жасала турган болсо биринчи кезекте кандай мыйзам кабыл алынышы керек? Кооптуу эмеспи?

Эркин Орозакунов: Бул операцияларды жасоо өтө дыкаттыкты талап кылат. Биринчиден, мыйзамда бейтаптын жакын тууганы гана орган бере алары так жазылышы керек. Алысыраак тууганынан алса боло берет дегенге тыюу зарыл. Антпесе тууган-урук, жек-жааты көп жерде бири-бирине орган сатуу өнөкөткө айланышы ыктымал. Анан дүйнөдө кеңири колдонулган - “мээнин өлүмү” ыкмасына өтүүбүз керек. Мында кырсыкка кабылып, каза тапкан маркумдун органдары муктаж адамга көчүрүлөт. Муну ишке ашырууда да мыйзамдын көзөмөлү керек. Антпесе кооптуу экени чын.

"Азаттык": Адистер талап кылынарын айттыңыз. Бизде бул операцияны жасаган даяр адистер барбы?

Эркин Орозакунов: Кыргызстанга жакында эле барып, эки операция жасап келдим. Албетте, бул операцияны биздин дарыгерлер жасай алышы мүмкүн. Бирок иш аны менен эле бүтпөйт да. Кокус операциядан кийин бейтаптын абалы оорлоп кетсечи. Аны жоюуга дарамети жетеби, шарт барбы? Биздин доктурлар бир-эки ай башка өлкөгө барып келишсе эле ошол операцияны жасай алабыз деп жаңылыш ойлошот. Бул операцияны жасаш үчүн бери дегенде эки-үч жылдык окуу, даярдык керек.

Мен жакында эле Түркиянын алыскы райондорун кыдырып иштеп келдим. Бул жактын эң начар деген районундагы оорукананын абалы Кыргызстандын эң жакшы ооруканасынан түзүк. Башкасын айтпаганда да ушул операцияны жасоого толук мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кыргызстанда кандай? Кан аркылуу жуккан оорулардын көбүнө биздеги медициналык шаймандар себепкер болуп чыгат. Эгер ушул бойдон жүрүп отурса беш миллион калкыбыздын ар бири оорукчан болуп калышы мүмкүн. Муну азыртан ойлонуу керек, эртең кеч.

"Азаттык":
Өзүңүз айтып калдыңыз. Медицина тармагын кантип жакшыртуу керек? Ушундай абалдан чыгуу үчүн эмнени сунуш кылаар элеңиз?

Эркин Орозакунов: Кыргызстанда сокур ичегиге операция жасаган доктур деле жең ичинен акча алат экен. Ошол акча ооруканага түшкүдөй кылыш керек да. Кадимкидей квитанция жазылып, ал эми операция жасаган дарыгер процентинен алса деле жетмек. Мамлекет медицина тармагына көңүл бурушу зарыл. Бишкектин көчөлөрүнөн Түркияда жок Жиптерди көрүп таңгаласың. Байлар ооруса, албетте, чет өлкөдөн дарыланары бышык. Бирок чет өлкөгө жетпей калган кысталыш учурлар да болбой койбойт. Анда кантишет? "Башкасын коюп, Манасты айт" демекчи, ириде медицина тармагын өнүктүрүүбүз өтө зарыл.


"Азаттык":
Кечиресиз, өзүңүз күнүнө мындай операциянын канчасын жасайсыз?

Эркин Орозакунов:
Мурда саначубуз. Азыр билбей деле калдык. Айына он беш, жыйырма операция жасалат менимче.

"Азаттык":
Өзүңүз иштеген университеттин бирден-бир доктуру болуп калган турбайсызбы анда?

Эркин Орозакунов: Мен өзүмдү бирден-бир доктур катары деле санабайм. Бул жактын доктурлары күндөн-күнгө өсүп, өздөрүн өнүктүрүп жатат. Мендей доктурлар толтура.

"Азаттык": Эгер кыргызстандык бир жаран келсе сиз жердеш катары жардам кыла алат белеңиз. Дегеле бул операцияга канча төлөнөт?

Эркин Орозакунов:
Бул жакта албетте доктурга пара берүү керек деген түшүнүк жок. Керектүү сумманы ооруканага төлөшөт. Бүгүн эле бир кыргызстандык сураганынан баасын билдим. Бөйрөк алмаштыруу операциясына 25 миң доллар төлөнөт экен.
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG