Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Төрөбаев: "Кайрылманды" кайра карап чыгуу керек


Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

Жогорку Кеңеште тарыхый мекенине кайтып келүүнү көздөгөн кыргыздарга шарт түзүүнү караган мыйзам долбоору иштелүүдө.

Бул тууралуу мыйзам долбоордун демилгечиси, вице-спикер Бакыт Төрөбаев “Азаттыкка” кеп салып берди.

“Азаттык”:
Сиздер даярдап жаткан мыйзам долбоору эмнени көздөйт? Буга чейинки мыйзамдан эмнеси менен айырмаланат?

Бакыт Төрөбаев: Бул мыйзам долбоорду иштеп чыгууга эмне себеп болгонун айтайын алгач. Жыл сайын биздин жарандар Орусияга, Казакстанга кетип, ал жакка баргандан кийин ошол жактын, же башка өлкөлөрдүн жарандыгын алып жатышат. Биздин кыргызстандык жарандар чыгып кетип жатышат. Ошонун негизинде биз аябай ойлондук. Башка мамлекетте жашап калган кыргыздарга жардам берсек, башка мамлекеттен Кыргызстанга келип жарандык алып дегендей. Бизде “Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдик” тууралу мыйзам бар. Ошого толуктоо киргизип жатабыз.

“Азаттык”: Ал кандай толуктоолор?

Бакыт Төрөбаев: Мыйзамда жазылган. Эгерде кыргыздар биздин мамлекетке келе жатканда өзүнүн жеңил буюмдарына мамлекеттик төлөм акы алынбасын деп жазылган экен. Бирок биз ошону кененирээк жазалы деп жатабыз. Кыргыздар өзү жашап жаткан мамлекетте бир ишканасы, техникалык жабдыктары болсо, ошону алып келсин, ага мамлекеттик төлөм акы алынбасын деп жазып жатабыз.

Анан кийин эгерде ошол ишканасын Кыргызстанда орнотуп, иштете турган болсо, анда үч жылга чейин салык алынбасын деп демилге көтөрүп жатабыз. Натыйжада тарыхый мекенине келүүнү каалаган кыргыздарга жеңилдиктер каралып жатат.

“Азаттык”: Башка өлкөдө жашап калган кыргыздарга жардам берүүнү көздөгөн “Кайрылман” деген мамлекеттик программа иштеп келет. Бул программанын натыйжалуугу аз болгонун айрым аткаминерлер белгилеп келишет. Эмне себептен бул программа толук кандуу жыйынтык бербей жатат?

Бакыт Төрөбаев: Менин оюмча, кыргыздар бул программа тууралуу билбейт. Маалыматы жок. Мисалы биз буга чейин Кытайдын Кызыл-Суусундагы кыргыздарга барганда, “Кайрылман” деп айтканыбызда алардын эч кимиси билген жок. Уккан деле жок. Ошондуктан бул тууралуу кеңири бир талкуу жасаш керек. Натыйжада “Кайрылман” программасын кайрадан карап чыгуу керек болуп жатат.

“Азаттык”: Айрым өлкөлөр башка аймактардагы улутташтарын көчүрүп келбей, ошо жашаган жеринде эле жардам берүү тууралуу ойлонушат экен. Кыргызстандын андай кылуу мүмкүнчүлүгү кандай?

Бакыт Төрөбаев: Эми андай кылуу кыйын го. Өзүбүздүн мамлекетибизде өндүрүштү көтөрөлүк, өзүбүздүн кыргызстандыктарга жардам берелик, жумуш орундарын түзөлүк деген ойдо болуп жатабыз. Эми азыр башка мамлекетке барып жардам берүү кыйын болот. Андан көрө өзүбүздө шарттарды түзсө жакшы болот эле.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG