Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:26

УКМК "Мурчту" Жети-Өгүздөн издеди


Фейсбукта "Мурч" шакаба баракчасына тиешеси бар деп Жети-Өгүз районунун тургуну Жоомарт Жамгырчиевди УКМК кызматкерлери аңгемелешүүгө чакырды.

Жоомарт Жамгырчиев “Мурчка” тиешеси жоктугун, болгону ал баракчадагы саясатчылар тууралуу шакабаларга “жакты” деген белги койгонун “Азаттыкка” билдирди.

Атайын кызматтын жергиликтүү бөлүмү бул окуя боюнча комментарий бере элек. Эксперттер муну сөз эркиндигине басым катары сыпатташууда.

Фейсбуктагы “Мурч” баракчасы саясатчыларга карата шакаба сүрөттөрдү, билдирүүлөрдү жайгаштырып турат жана ал жеке адамга таандык экендиги белгиленип, бирок аты-жөнү так жазылган эмес.

Жети-Өгүздүн тургуну Жоомарт Жамгырчиев атайын кызматтын кызыгуусунан кийин чочулап, Фейсбук баракчасын мурдагыдай жигердүү колдонбой, телефонун алмаштырып салыптыр.

- Биздин Wi-Fi даректен сүрөттөр чыгып жаткан экен. Президентти жамандаган сүрөттөр деп алгач атам менен агамды чакырып сурашты. Андан кийин мени чакырышты, бирок мен атам менен агамды көргөн жокмун. Машинасы сыртта токтоп турган. Анан мени сурашты, телефонду текшерди. Мен ар кайсы баракчага катталгам. Садыр Жапаров, Мелис Мырзакматов, Алексей Навальный, Өмүрбек Текебаев өңдүү саясатчыларга катталгам. Жарыя чыкканда "жакты" деген белгини басып кете берчүмүн. Алар менден "эмне үчүн "жакты" деген белгини басасың, сен алардын оюн колдойсуңбу?" деп сурашты. Аларга "жакты" дегенди бассам эле, оюн колдобойм да деп түшүнүк кат жазып бердим.

Бийлик Фейсбукту чектейби?

Бийлик Фейсбукту чектейби?

Интернетте бийликти социалдык тармак аркылуу сындагандарды чектөө аракети кызуу талкуу жаратты.

Жоомарттын айтуусунда, ал оппозициячыл саясатчылардын Фейсбуктагы баракчасына “жакты” деген белги койгону үчүн Коопсуздук комитетинин жергиликтүү бөлүмүнө чакырылган. УКМК кызматкерлери Жоомарттын үйүн экстремисттик багытта материалдар жокпу деген негизде тинтүүгө да алган.

- Мен сүрөттөрдү чыгарган эмесмин, оппозициячыл саясатчылардын оюн колдобойм деп түшүнүк кат жаздым. Азыр Фейсбукка анда-санда эле кирип калдым. Текебаевдин, Садыр Жапаровдун, Мырзакматовдун, Навальныйдын баракчаларынан чыктым. Айтор майда-чүйдө топтордон, саясатка эмне тиешелүү болсо ошонун баарынан чыгып кеттим.

Өзүнө кошуп атасы, агасы да чакырылып, түшүнүк кат жазып берип, натыйжада Фейсбукта оппозициядагы саясатчылардын баракчаларынан каттоодон чыгып кетишкен.

Азыр Фейсбукка анда-санда эле кирип калдым. Текебаевдин, Садыр Жапаровдун, Мырзакматовдун, Навальныйдын баракчаларынан чыктым.

Жоомарттын атасынын айтканына караганда, атайын кызмат бул үй-бүлө мүчөлөрүн кайра чакырып, дагы сүйлөшөрүн эскерткен. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен Жамгырчиевдер айтып жаткан дооматтарга карата комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Медиа эксперт Азамат Тынаев бул көрүнүштү сөз эркиндигине басым катары баалады:

- Булардын методдорун түшүнбөй ажтам. Илгертеден калган же болбосо Кыргызстандын автократиялык бир этаптардан өткөн маалдагы жолго кайтып баратабызбы деген ойлор келет экен.

Жоомарт Жамгырчиев УКМК тарабынан суракка алынганын өткөн жумада айтып чыккан болчу. Ал азыр Кызыл-Суу айылындагы банк бөлүмдөрүнүн биринде иштеп, ата-энеси менен чогуу жашайт. Буга чейин Каракол шаарында автослесарь болуп иштеген.

Ал эми жергиликтүү тургун менен коопсуздук кызматынын темасына айланган Фейсбук социалдык тармагындагы “Мурч” баракчасы 2013-жылдын 27-июнда негизделгени, жеке адамга таандык экендиги белгиленип, ээсинин аты-жөнү ачык жазылган эмес. Баракчада расмий бийликке, президент Алмазбек Атамбаев баштаган саясатчыларга карата кескин сындар, коллаждар жайгаштырылган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG