Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Орусиядагы элчинин жоопкерчилиги каралат


Улугбек Чыналиев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси.
Улугбек Чыналиев, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси.

Парламент депутаттары Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Улугбек Чыналиев Орусиядагы мигранттар менен талаптагыдай иш алып барбайт деп тапты.

Мындан улам парламент элчинин жоопкерчилигин карап чыгууну Тышкы иштер министрлигине тапшырды. Элчи болсо эл өкүлдөрүнүн дооматтарына макул эмес. Ал ортодо депутаттар Кыргызстандын четтеги элчиликтер санын кайра кароого ниеттенүүдө.

Даттануулардын көбү далилденди

Кыргызстандын Москвадагы элчиси Улугбек Чыналиев кыргызча билбейт, мигранттардын көкөй кести маселелеринен алыс деген дооматтар көптөн бери айтылып келаткан. Бул курдай ал маселе парламент комитетинде кеңири талкууга түштү. Эл аралык иштер боюнча комитети Чыналиевдин кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүдөгү ишин канааттандыраарлык деп баалап, бирок эмгек мигранттары менен ойдогудай иш алып барбай жатат деген тыянакка келди. Ага улай элчинин жоопкерчилигин кароону Тышкы иштер министрлигине милдеттендирди.

Аталган комитет төрагасы Алмазбек Баатырбеков мындай дейт:

-Улугбек Чыналиевди бул жерде жөнсүз түрдө кызматтан алуу же кызматка калтыруу деген маселе каралган жок. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин ишин иликтеген мекемелер аралык комиссия анын жумушу жалпысынан канааттандыраарлык деген тыянак беришти. Бирок ошол эле учурда мигранттар менен жеткиликтүү иш жүргүзө албаганы, кыргыз тилин билбегени сыяктуу маселелерди чечүү керек деген гана сунуштама беришти.

Улугбек Чыналиевдин ишмердигин текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссия былтыр жыл соңунда түзүлгөн. Буга Орусиядагы кыргыз мигранттарынын даттануулары негиз болгон. Анда Чыналиевдин мигранттардын көйгөйлөрүн көз жаздымда калтырып, өз милдетин толугу менен аткарбай жатканы айтылган.

Мекемелер аралык комиссияны жетектеген «Республика» фракциясынын лидери Канатбек Исаевдин айтымында, мигранттардан түшкөн даттануулардын басымдуу бөлүгү далилденди:

- Жогорку Кеңештин 5 фракциясы, Эсептөө палатасы жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн турган мекемелер аралык комиссия Москвага барып, элчиликтин ишин текшерип келдик. Мында ал жактагы базарларда иштеген бир топ кыргыз жарандары менен жолуктук. Ишибиздин жыйынтыгында элдин айткандары туура чыкты. Ал жактан эл менен жолуккан учурда элчинин көзүнчө деле алар менен жолукпай турганын, кабыл алуу жадыбалы да жок экенин айтып беришти. Элчи болсо муну менин ишим эмес, консулдун иши деп айтып жатат. Бирок мигранттар менен иштөө түздөн-түз анын жоопкерчилигинде болушу керек эле.

Муну менен катар комиссия элчиликтин ишинде бир катар финансылык жана чарбалык мыйзам бузууларды аныктаган. Маселен, элчиликтин карамагындагы дипломатиялык номерлерди мурдагы элчилер жана элчиликтин кызматкерлери өз автоунааларына тагып жүрүшкөн.

Бирок өз дарегине айтылган сынды Улугбек Чыналиев четке кагууда. Ал Орусиядагы эмгек мигранттарынын көпчүлүгү мыйзамсыз баргандыктан аларга көмөк көрсөтүү кыйынга туруп жатканын айтат:

- Орусияда эмгектенип жүргөн 500 миңден ашуун мигранттын 110 миңи гана иштөөгө расмий уруксат алгандар. Калгандары болсо мыйзамсыз иштеп жүрүшөт. Булар эч кандай социалдык камкордукка алынбайт да. Ага карабастан биз бул маселени чечүү үчүн абдан тыгыз иштеп жатабыз. Мигранттардын дагы бир маселеси - Орусияда каза болгондордун сөөгүн мекенине жөнөтүү менен байланыштуу. Мисалы, өткөн жылы 168 мекендешибиздин сөөгүн Кыргызстанга жөнөттүк. Алардын ичинен 113ү элчиликтин жардамы аркылуу жөнөтүлдү.

Ошол эле учурда Чыналиев чарбалык иштерде кемчиликтер болгонун мойнуна алып, элчилик карамагындагы дипломатиялык номерлерди бир ай ичинде чогултуу убадасын берди.

Буга чейин айрым басылмалар азыркы элчи Улугбек Чыналиев кызматтан алынып, анын ордуна Мамлекеттик каттоо кызматынын төрага орун басары Болот Жунусов дайындалганы жатканын жазып чыгышкан. Бирок тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаев элчини кызматтан алуу боюнча маалыматты четке какты.

Пайдасы жок элчиликтер жабылабы?

Ал ортодо Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин ишин кайрадан калчоодон өткөрүп, зарылдыгы жокторун кыскартуу маселесин көтөрүүдө. Маселен, депутат Акматбек Келдибековдун айтымында, Улуу Британия, Индия сыяктуу өлкөлөрдөгү элчиликтердин өлкөгө пайдасы жок:

- Бул элчиликтердин ишинин эффективдүүлүгүн карап чыгышыбыз керек. Мисалы, мен айткан мамлекеттерге акыркы 10 жыл ичинде бир да расмий визит болгон эмес же бир келишимге кол коюлган эмес. Ал жерге акча короткондон көрө ошол элчиликтерди коңшу мамлекетттердеги элчиликтерге кошуп койсок туура болот эле.

Эл өкүлдөрүнүн мындай демилгесинен соң Тышкы иштер министрлиги элчиликтердин иши тууралуу Жогорку Кеңешке маалымат даярдап жатат. Бул тууралуу министрликтин статс-катчысы Асеин Исаев билдирди:

- Биз азыр элчиликтер тууралуу маалыматтарды чогултуп жатабыз. Аны Жогорку Кеңешке беребиз. Мына ушундан соң гана депутаттар эл өкүлү катары кимдин кандай иштеп жатканын карап, өз сунуштарын беришет.

Бирок мындай кыскартуу Кыргызстандын эл аралык беделине доо кетириши ыктымал деген каршы жүйөөлөр да бар. Парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков:

- Чыгымдарды азайтуу үчүн элчиликтердин санын азайтуу туура эмес. Биз кайсы бир өлкөдөгү элчиликти жаап салганыбыз ошол өлкө менен болгон мамилебизди бузат. Ошондуктан мындай жол менен эмес, элчиликтерди ачаардын алдында ойлонушубуз керек.

Азыркы тапта Кыргызстандын дүйнөнүн 30дан ашуу өлкөсүндө элчилик жана консулдуктары бар. Алардын ичинен Орусиядагы элчилик кызматкерлердин саны жана аткарган иши боюнча эң чоң элчилик.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG