Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Ысык-Көл облусунун тургуну Алтынбек Дүйшөмбиевдин блогун сунуштайбыз.

Асылбек аксакал өткөн-кеткенди эскерип, окуяларды шашпай иликтеп, бүгүнкү күндүн таразасы менен баа берип, атаңгөрү, мындай кылса болмок, андай кылса болмок деп, өтүп кеткен мүмкүнчүлүктөрдү эстеп кээ бирде кейип жатты.

1990–жыл, жаз айы Нооруз күнү, кырманда эл чогулуп, колхоз эки уй союп айылдагы элге тамак берип, оюн-зоок уюштуруп жылдагыдай эле малчылар, механизаторлор, колхоздун ар кайсы тармагында иштеген жумушчулар, колхоздун активдери, катын-калач, кемпир-чалдар, бала-бакыра майрамдап жатышты.

Бир убакта эле ызы-чуу болуп калды, аркан тартыш болуп жаткан жерде чатак чыгыптыр. Талаш-тартыш болуп кетип, айылдын Досмамбет деген көрүнүктүү жигиттеринин бири, оюнду өткөрүп жаткан парторг жигитти, сен эмне калыс болбойсуң деп туруп жаакка тартып жибериптир. Анан көрүп ал, экөө жакалашып кетишти, парторг да олбурлуу жигит эле, ал да алдырбай Досмамбетти алка-жакадан алды. Аңгыча эле жайнаган милиционерлер келип калды да, Досмамбетти колтуктан алып, машинага тыгып райцентрге жөнөп кетишти, милиция менен чогуу парторг да жок болду.

Эл ызы-чууга бөлөнүп эле калды, өзгөчө күйүп турган жигиттер, бул эмне кылганы, калыстык кайда, Досмамбет эле күнөөлүүбү, экөөнү тең камабайбы деп жатышты. Бат эле топтон лидерлер бөлүнүп чыгып, Түпкө райборборго барабыз, кана ким барат деп калды. Ошол замат он чакты киши дайындалды, анын ичинде отуз-кырк жаштагылардан экөө, калганы күйүп турган жаш жигиттер. Дароо колхоздун грузовой машиналарынын бирөөнө түштү да жүрүп кетишти.

Майрам улана берди, арак-винолор ичилип жатты, тамак тартылды, уюштуруу программасы да соңуна чыгайын деп калгансыды. Тамак желгенден кийин кемпир-чалдар, бала-бакыра, катын-калач өздөрүнүн ала келген идиш-аягын, жер төшөктөрүн алып, үйлөрүнө кайта баштады. Бирок жаштардын көбү, орто жаштагылардан анча-мынча киши калып райборборго кеткендерди күтмөй болушту.

Аңгыча кайдан-жайдан аларды да камап салыптыр деген кабар келип калды. Араң турган эл удургуп, толкуй баштады, кээ бирөөлөр жанагы парторгду табалы, кээ бир кызыл кандуулар башкарманын үйүн өрттөйбүз дегенге чейин барышты. Бир аздан кийин баягы районго кеткен машина келатканы көрүнүп калды. Бардыгы чыдамсыздык менен күтүп калышты. Машина токтоп, кабинанын эшиги ачылып Досмамбет менен дагы эки киши түштү, кузовдон калган, бардык районго кеткен балдар секирип түшүп жатышты. Бажакташып, жарышып бири-биринен өтүп, иштин чоо-жайын айтып киришти. Баары Досмамбетти карап, эмне дейт дегенсип күтүп калышты.

Досмамбет узун бойлуу, алдуу-күчтүү, айылдын жаштарынын ичинде кадыр-барктуу, сөздү да орду менен сүйлөгөн, спортсмен, жүрөктүү, курч, кыскасы, жаштардын сүймөнчүгү болгон, ошол кезде 37 жашта эле.

Досмамбет, тынчтаналы, баары жакшы, мени бошотушту, бирок бийликтин бул кылганы туура эмес, калыстык кайда деп айылдын ишиндеги бир топ бийлик жактан жасалган туура эмес иштерди айтып өттү. Аба жарып бири-биринен сөз талашып тургандардын көбү айылдагы бузулган калыстыктын көп мисалдарын келтирип жатышты. Аңгыча арак-винолор келип биринчи жеңишти майрамдап жаттык. Биз ал учкундан жалын тутанарын билбептирбиз.

Эки-үч күн өтпөй кечкурун ышкырыктын үнү чыгып калды, эшикке чыксам Досмамбет экен. Досмамбет төмөнкүдөй кеп баштады:

– Биз айылда комитет уюштуруп жатабыз, Пржевальскийден, Фрунзеден да айылдаштар келмей болду деп, анан мага кайрылды, Асылбек, сен кандай дейсиң, комитетке кошуласыңбы, балдар сени сунуштады, - деди.

Мен ал кезде бийликтин көп иштерине макул эмес элем, турмушубузда жаңы өзгөрүүлөрдү күтүп, эңсеп турган кезим эле, анын үстүнө айылдаштарымдын мен жөнүндө жакшы пикирде экенине ичимден сыймыктанып дароо эле, ооба мен макулмун дедим.

Менин турмушумда эң бир кызыктуу күндөр өтө баштады. Эх, азыр кайра ошол күндөргө бара алсамчы. Күндө шайланган комитеттин он чакты кишиси мектептин имаратына чогулуп, жыйындарды өткөрүп жаттык. Пржевальскийдин педагогикалык институттун философия кафедрасынан ошол кезде 41 жаштагы Айдар ава келиптир. Азыр ойлосом, ал киши ошол кездеги иштерибизге өзгөчө курч, маңыздуу багыттарды сунуштап, документтерин илимий, туура, дүйнөлүк практикага ылайык кылып тууралаптыр.

Ал кезде мен 35 жаштамын, мектепте мугалим, ошол учурда эң бир демократиялуу, дүйнөдөгү окуяларды анча бурмалабай чагылдырган «Новое время» журналына айылдан мен эле жазылчумун. Европадагы, социалисттик мамлекеттердеги болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чөлдөгү суусап, чаңкаган жаныбардай кызыгып окучу элем. Азыр ойлосом, ал кезде кээ бир нерселерге терең баа бере албаптырмын, бир четинен практика жоктугунан болуш керек, бир жактуу, чийки кабыл алчу экем.

Комитетке «Максат» деген атты койдук, комитеттин негизги максаттары, айылдын турмушун жакшыртуу, жаштардын маселелерин чечүү, айылдагы элдин укуктарынын бузулушуна бөгөт коюу эле.

Комитеттин программасын иштеп чыктык, азыркы күндө эң бир эсте калган, программанын акыркы пункттары эле: эгер бийлик каршы чыгып, койгон талаптарды аткарбаса, биринчиден, демонстрацияга чыгабыз, андан кийин забастовкага, жалпы иш таштоого барабыз, эгер ал да натыйжа алып келбесе ачкачылык жарыялайбыз, деп жазылган болчу.

Бир күндөрдө коңшу Сары-Булак айылынан комитетке кошулган Темирбек деген жигиттин жеке менчик Газ-53 машинасына түшүп алып комитетчилер райборборго комитетке статус алабыз деп жөнөп калдык. Чынын айтсам, ошол кезде статус эмне экенин деле билбейт элем, менин түшүнүгүм боюнча комитетти мыйзамдаштырабыз деген ойдо болчумун.

Райондук прокурорго барсак, ал жумушунда жок экен. Дароо райондук компартиянын имаратына жөнөдүк. Биз жөнүндө эбак эле маалымат барыптыр, ошол жерде иштеген Жапаров аттуу киши тосуп алды. Силердин ишти мага тапшырган деп, биз менен узун сүйлөшүүлөрдү баштады, комитет жөнүндө аябай талдап маалымат алды, көп суроолор берилди. Түшкү эс алуу убактысы да келип калды, түштөн кийин жолукмай болдук. Түштөн кийин жолугуп кайра баягы эле суроолор, эмне үчүн, кайдан. Жөн гана убактыны чоюп, бизди жайкап жатканы түшүнүктүү болду. Досмамбет бир тийди:

– Силер эмне, бизди жаш баладай алдап жатасынар, силер каалайсыңарбы-каалабайсыңарбы биз акыры статус алабыз, бизге статусту ким берет, - деген суроону кабыргасынан койду.

Ошентип ал күн эч натыйжа алып келген жок, баарыбыз ошол Түп айылында жашаган айылдашыбыз Зарылбектин үйүнө, эмне кылабыз, кандай иш-чараларды пландайбыз деп барып калдык. Анча-мынча арак-винолор да ичилди, үй ээси чай-пайын берип жатып кеч да кирди. Түнкү саат ондордо баарыбыз Темирбектин машинасына жүктөлдүк. Короодон чыгып жүз метр узай электе эле, алдыбызды милициянын машинасы тороп калды. Жайнаган милиция кызматкерлери бизди тегеректеп, баарыбызды түшкүлө деп машинадан түшүрүп, эч кимге эч нерсе дебей эле Темирбекти айдатып кетип калышты. Биз аң-таң болуп ошол жерде кала бердик.

Кийин билсек, КГБ менен милиция үйдүн жанында аңдып жатышыптыр, бизге тийбегенине караганда, этият мамиле кылгыла, элдин кыжырына тийип албагыла деген жогору жактан көрсөтмө берилиптир. Зарылбектин үйүнө кайра келдик. Болуп өткөн окуя жөнүндө сүйлөшүп жатып уйкуга кириптирбиз. Эртеси экинчи мындай иштерге катышпайм деген сөзүн алып туруп Темирбекти бошотушуптур. Ошентип комитетке статус алынбай калды.

Үч күн өтпөй Досмамбет, Айдар ава анан мен үчөөбүз райкомдун биринчи катчысына кезигели деп Түпкө бардык. Райком партиянын имаратына барганда, баягы эле айтылуу Жапаров бизди тосуп алып, бүгүн силердин айылга Түп районунун мекемелеринин жетекчилери, биринчи катчы баш болуп бармай болушту, силер айылга барып элдин катышуусун камсыздап даярдангыла деп калды.

Айылдагы маданият үйүн даярдадык, элди чакырдык, жаштардын ичинен тың-тың балдардан тандап алардын колуна ак жагоо тагып тартип көзөмөлдөгөнгө койдук, тартип бузуууга бөгөт кылуу үчүн (Бул иш-чарабыз маалында өзүнүн жемишин берди). Жыйындын өтүү сценарийин иштеп чыктык. Сценарийди түзүүдө, андан кийин жыйынды алпарууда Эрмек деген жигитибиздин эмгеги чоң болду. Эрмек билимдүү, курч адам эле. Кийин бөөдө кырсыктын айынан каза болуп калды.

Түш оой райондун аткаминерлери, райондун компартиясынын биринчи катчысы баш болуп келип калышты.

Биринчи катчы көнгөндөй эле бакылдап, жыйындын тизгинин дароо колго алгысы келди, Досмамбет, Айдар ава, Эрмектер ошол замат мизин кайтарышып, сиздер коноксуңар, жыйынды биз алып барабыз дешти. Сиздер болсо баарыңар залга өтүп берсеңиздер, ким керек болсо чакырып алабыз деп баарын залга узатышты.

Биринчи катчынын оюнча, сахнага бардык жетекчилер отурушуп, анан залдан кана кандай суроолор бар деп, суроо-жооп кылмак экен. Ойлогон пландары башында эле таш капты.

Биринчи катчы президиумдун мүчөлөрүнүн тизмеси менен тааныштырууну өтүнүп, тизмени карап чыгып, дагы эки-үч кишини сунуштап, анан бизге төмөнкүдөй сураныч менен кайрылды:

– Силер чакырганда, мен залдан чыкпай эле мүмкүн болсо сахнанын арт жагынан чыгайын деди. Биз макул болдук.

Досмамбет менен Эрмек чыгып президиумдун мүчөлөрүн окуп, сахнага чакырышты, президиумдун курамы тогуз кишиден түзүлдү, биринчи катчы менен башкарма кирди, калганы айылдын сакалдуу жана барктуу адамдары эле. Бийликке бул жыйынга биз ээ экенибизди көрсөтүш үчүн райондун башка чоңдорунан эч кимди атайын кошкон жокпуз.

Биринчи катчы сахнанын артынан келип отургучка отурду, ал өзүнүн бийлик беделин түшүргүсү келбей ушул кадамга барды.

Мен жыйындын катчысы болуп, өзүнчө столдо жыйындагы ар бир сөздү ак баракка түшүрүп жаттым.

Жыйын башталганда эле курч мүнөзгө ээ болду. Биринчи болуп Досмамбет сүйлөдү:

– Силер качанкыга чейин элди эзип, жеп, басмырлап келесиңер, эмне үчүн силер май челпекте жашап, эл болсо жакыр, укуксуз. Мисалы, МТФдагы малчылар, сааган сүтүнөн эмчектеги балдарына бир чыны сүт ала алышпайт, эгер силердин аткаминерлериңер аны байкап калса, план толбой атканда сенин балаңдын бизге эмне кереги бар деп сүттү тартып алышат. Түнкү саат үчтө туруп уй саашып, анан уйларга тоютту кол менен салышат, малчылардын эмгеги эч кандай механизацияланган эмес, малчылар үчүн жада калса мончо курулган эмес, бала бакча жок, уй сааганы кетишкенде балдар үйлөрүндө кароосуз кала беришет.

Механизаторлор таң эртеден жарым түнгө чейин трактор, комбайндан түшпөйт. Мына ушундай оор эмгек үчүн арзыбаган айлык бересиңер.

Биз өндүргөн эгин, сүт, эт кайда, эмне үчүн күнү-түнү иштеп алган акчабыз аябай аз. Силер менен элдин ортосунда эбак эле чоң жарака пайда болгон. Силер элдин ырыскысын чогултуп алып, бир акырдан жеп, бири-бириңерди колдоп, анан орусча «Круговая порука» болуп кеттиңер деп, - дагы ушундай мааниде көптөгөн сөздөрдү айтты.

Андан кийин Айдар ава сүйлөдү, ал киши да сөзүн ушундай мааниде айтып, аягында айылдагы элдин жашоо деңгээли жаңыдан өнүгүп келе жаткан Ливия мамлекетиндеги жашоо деңгээлинен да төмөн, союздагы мамлекеттердин ичинен акыркы орундабыз, укуктарыбыз тебеленип жатып жакында маңкуртка айланабыз деп баяндамасын бүтүрдү. Ушул күнгө чейин Айдар ава эмне үчүн Ливия мамлекетин мисал келтиргенин түшүнбөйм.

Залдагы эл ойгонуп жаткан ажыдаардай болуп, кыймылга келе баштады. Мурун чоңдорго өйдө карагандан корккон элге, жыйын дем берип, түрткү болду. Эл жарылды, тракторист, комбайнер, шофер, чабандар сахнага чыгышып колхоздун башкармасына сен билесиңби мага мындай айткансың, тигиндей айткансың, мурутумдан сүйрөп, жаакка чаап, муштаганың эсиндеби дешип арыз-муңун айтып жатышты. Башкарма үн-сөз жок, өңү бирде кызарып, бирде каракөк тартып, айтылып жаткан сөздөрдү кыжыры келип араң отурса дагы айласыздан угуп отурду.

Көбү залдан, сахнага чыкпай эле ордунан кыйкырып жатты, мастар жулунуп микрофонду талаша башташты. Мына ошондо биз даярдаган жигиттер аларды акырын залдан чыгарып, тартипти сактап турушту. Жыйын башталгандан бир жактуу болуп калды, биринчи секретарь менен башкарманын сөздөрү ызы-чууга чөгүп угулбай калды. Жолугушууга келген райондун башка чоңдоруна сөз да берилген жок, анын кажети да жок эле.

Укуктары чектелген, өмүрүндө биринчи жолу мындай сөз эркиндигине жеткен эл, шашып, учурда берилип калган мүмкүндүктү колдонуп калайын дегенсип, микрофонду талашып ар бири өзүнүн арыз-муңун айтып жатты. Жыйын залдагы элдин эркине баш ийип бир нукка түшүп, эл өзү токтомойунча жыйындын өтүү тартиби бул нуктан чыкпачудай болуп калды.

Жумалап кабыл алууга жазылып, кайтарган милициядан тил угуп, кире бериште сааттап отуруп, бир-эки ооз сөзүн угуш үчүн араң кирген, чексиз бийликке ээ болгон райкомдун биринчи катчысы мына алдында, каарын чачып элди ур-токмокко алган, башкарманын бетине сөзүңдү айтсаң болот. Мындай, учурда, берилген эркиндик менен укукка мас боло түшкөн эл токтолбой агып жаткан дайрадай башкаруудан чыгып кетти.

Биринчи катчы, башкарма, башка жетекчилер бозала болушуп, капаска түшкөн немелердей болуп же таштап басып кете албай же демейдегидей милицияга буйрук берип, бул чийинден чыккан элди таратып жибере албай айласыздан башка түшкөн мүшкүлгө чыдап отурушту.

Чогулуш алты-жети саатка созулду, эл да чарчады, жыйындын динамикасы басаңдай түштү.

Досмамбет чогулушту корутундулап: башкарма отчетун даярдасын, ар бир айтылган күнөөлөр боюнча иликтенип, чара көрүлсүн деп, анан дагы көптөгөн пункттардан турган жыйындын чечими жалпы добуш менен кабыл алынып, жыйын соңуна чыкты.

Биринчи катчы сахнанын арты менен чыгып, артын карабай бат-бат басып машинасына түшкөн бойдон көздөн кайым болду. Залда калган, башка чоңдор, милициянын начальниги жана дагы он чакты чогуу келген милиционерлерди эл, өзгөчө жаштар кыжырлары келишип, жиндери кайнап сабачудай болушту. Баякы даярдалган тартип сактоочулардын күчү менен аларга кыжырланган элди жакын жолотпой, курчап алып, эч кимге тийгизбей залдан алып чыгып, аман-эсен жөнөтүп жибердик.

Эл бажактап жыйынга аябай ыраазы болушуп тарап жатты. Биз, комитеттин мүчөлөрү, жаштар, бийликке нааразы болгон айылдын тургундары, колхоздо иштегендер болуп кубанычыбыз коюнга батпай бири-бирибизди куттуктап жаттык.

Ооба бул жеңиш эле, биринчи жолу тоталитардык система менен макул болбой өзүбүздүн оюбузду айттык, эркин, укуктуу адам экенибизди айта алдык, айтмак турсун, каршы туруп өзүбүздүн шартыбызды койгонго жетиштик.

Бул алгачкы элеттеги демократиянын сабактары эле. Ооба, бул жеңиштер зор мааниге ээ болуучу. Бирок, дагы эле талаптар, максаттар чийки, дагы эле системага ишенип андан суранып, калыстык издеп жаттык.

Биз анда системаны түп-тамыры менен өзгөртүү деген максаттарды коё элек болчубуз, жөн гана системаны таяп, түзөп коюп эле бактылуу, эркин турмушка жетебиз деген элек.

Андан бери көп суулар агып кетти, демократия деп кыйкыргандын баары демократ эмес экенин көрдүк. Саясат сасык экенин, сатылгандарды да көрдүк, тоталитардык бийлик максатына жетиш үчүн ар кандай ыплас иштерге барарын да көрдүк. Демонстрацияларды, пикеттерди, иш таштоолорду, жада калса ачкачылыктарды да башыбыздан өткөрдүк.

Көрсө идеалдуу, жипке тизгендей демократия болбойт экен. Демократия бул тынымсыз күрөш экен, күрөштө коом курчуп, адамдын жашоосундагы керектүү баалуулуктар, адамдын эркиндигине, жеке жана коомдук турмушуна, менчигине, маданий, рухий, дүйнөсүнө шайкеш келип, укугу тебеленбей, таза атаандаштыкта жашаса мына ошол демократия тура. Бул жүздөгөн, миңдеген жылдардын ичинде адамдын жашоосунун тажрыйбасынан келип чыккан чындык турбайбы.

Асылбек аксакал башынан өткөндөрдү ушинтип эскерип, күлмүңдөгөн көздөрү менен балдарын карап:

- Балдарым, жашоо бир келет, ал жашоону жакшы жашап өткүлө. Турмушта жылаңайлак калган күндөрдө да, жакшы кишинин жанында жүргүлө, жамандан оолак болгула. Бийлик, байлык колдун кири, алар келет да, кетет да, аны буйрук билет. Элде бекеринен айтпайт, жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста. Жакшы болгула, жакшылыгынар элге буюрсун, дайыма элдин батасын алып агарып көгөргүлө, - деп акыл-насаатын айтып жатты.

Алтынбек Дүйшөмбиев, Ысык-Көл облусу, Түп району, Күрмөнтү айылы. мектепте мугалим

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG