Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Орусия газ үчүн рубль сурайт...


Газ бөлүштүрүүчү жай
Газ бөлүштүрүүчү жай

Жакынкы арада Кыргызстан Орусиядан келген газ үчүн рубль менен төлөп калышы мүмкүн.

Орусиянын “Газпром” компаниясынын директорлор кеңеши дүйнөдөгү жаңы экспорттук контрактты орус рубли менен жүргүзүү маселесин жакынкы күндөрү карайт. Адистердин айтымында, Кыргызстандын газ тармагы толугу менен “Газпромго” символикалык бир долларга бааланып, өткөрүлүп берилгенинен, сүйлөшүүнүн натыйжасы Кыргызстанга дагы түздөн-түз таасирин тийгизет.

“Газпром Кыргызстандын” башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров “Азаттыкка” маалымдагандай, кыргыз тарап рубль менен эсептешүүгө кызыкдар болгону менен бул дароо чечиле калчу маселе эмес.

- 2015-жылдын келишими доллар менен түзүлүп калган. Негизинен доллардын туруктуу болбой жатканы бизге да, колдонуучуларга да зыянын тийгизип жатат. Бирок азыр аны рублга өткөрүү жагы каралууда. Бул жалгыз эле биз тараптан чечилсе, ылдам эле ишке ашырып коймокпуз. Бирок маселени “Газпромдун” башкармалыгы тарабынан каралып, анан Кыргызстандын Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги менен бирге ишке ашырабыз.

Орусия рублди бекемдөөгө киришти

Жергиликтүү экономисттер “Газпромдун” рубль менен газ акысын төлөө саясатынын артында Орусия биринчи кезекте өзүнүн валюталык кызыкчылыгын ойлоп жатканын айтышат.

Экономика илимдеринин доктору Аманкул Зулпукаров дүйнөлүк экономикалык каатчылык Орусияга кескин таасирин тийгизип, рубль наркы күн санап түшүп жаткан учурда, Орусия өз валютасын башка өлкөлөрдө бекемдөөнүн айласын издеп жатканын айтты. Экономисттин айтуусунда, рубль дүйнөдө туруксуз валюта болуп турган учурда Кыргызстан газга эсептешүү валютасын терең анализдеши керек. Себеби шашуунун натыйжасы Кыргызстанга ири чыгымдарды алып келиши мүмкүн.

- Бизге бүгүнкү күндө доллар менен эсептешүү ыңгайлуу. Себеби дүйнө жүзү доллар менен эсептешип жатат. Экинчиден, азыркы кризис аягына чыккандан кийин, доллар кайра калыбына келет, бул учурда рубль кайра жогорулап кетиши мүмкүн. Мамлекет терең таразалабаса, рубль эң эле стабилдүү эмес валюта болуп жатпайбы.

Кыргызстан 1000 куб метр жаратылыш газы үчүн "Газпромго" 165 доллардан төлөп келет. Газдын баасы сом менен төлөнүп, ай сайын доллардын курсуна жараша өйдө-ылдый болуп турат.

Газды рубль менен төлөө Кыргызстанга Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки расмий эмес талаптардан экенин экономисттер айтышат. Ошол эле учурда Кыргызстан өзүнүн экспортун ЕАЭБ өлкөлөрүнө сом менен эсептешүүгө укуктуу. Бирок өлкөнүн экспорту импорттун 20 пайызын эле түзүп жаткандыктан, кайрадан эле башка валюталарды сатып алууга аргасыз.

Экономист Айылчы Сарыбаевдин айтуусунда, Кыргызстан жаратылыш газын рубль менен эсептешүүгө токтолсо, абалдан Орусия жеңишке ээ болот деп, буларды кошумчалады.

- Эгерде экспорт менен импортубуз тең болгондо – сом менен рублдин эч айырмасы болбойт болчу. Бул жактан Орусия өзүнүн кызыкчылыгын коргоп жатат. Алар Кыргызстанда рублди бекемдегени жатат, экинчиден, ЕАЭБ өлкөлөрүн дагы рублга буруу аракетин жүргүзүп жатат.

ЕАЭБ бирдиктүү валютаны киргизеби?

Орусиянын Батыш өлкөлөрү менен алакасы начарлаган соң, акыркы жылдарда доллардан алыстоо саясатын карай бет алган. Анын натыйжасында Кытайга мунай тартуу боюнча ири долбоор “Чыгыш маршрутун” каржылоодо эки өлкөнүн валюталарынын негизинде жүргүзүүгө токтолушкан. Буга кошумча Беларус менен Казакстан да орус мунайына рубль менен төлөөгө макулдугун билдиришкен.

ЕАЭБге кирген өлкөлөр арасында рублдин таасирин күчөтүү менен Орусия келечекте уюм ичинде бир валютаны орнотуу аракетин баштаганын экономисттер танбайт. Эксперт Мейманбек Абдылдаев:

- Орусия мурдагы Советтер Союзун курууга аракет кылып жатат деген сөздөр мурдатан эле айтылып келатат. Бирок анын ишке ашуусуна эч бир өлкө жол бербейт. Бирок экономикалык көз караш менен бирдиктүү валюта киргизебиз десе болот. Ошол эле учурда Кыргызстан Батыш өлкөлөрүнө дагы экспортту кеңейтип, долларды жүгүртүүсү керек. Азыр жалгыз эле алтыныбыз Европага сатылып, бул салыштыра келгенде өтө аз сумма болуп атат.

2015-жылдын 1-кварталын эле санаганда Кыргызстан Орусиядан 32 млн. куб метр газ иморттоду.

“Кыргызгазды” “Газпромго” карызы менен кошо бир долларга сатуу боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2014-жылы келишим толугу менен ишке ашырылган. Ошондон бери Кыргызстандын газ чарбасын “Газпром Кыргызстан” компаниясы тейлеп келатат.

XS
SM
MD
LG