Линктер

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга болгон расмий сапары соңуна чыкты.

Кыргызстанга алгач ирет келген Германия канцлери Ангела Меркелдин иш сапарында алдын ала айтылгандай эч кандай документке кол коюлган жок. Ал расмий сапарын жарандык коом, диний конфессия жана немис диаспора өкүлдөрү менен жолугушуудан баштады. Андан соң Меркел айым президент Алмазбек Атамбаев менен тар чөйрөдө жолугуп, эки өлкөнүн мындан аркы кызматташуусун талкуулады.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев канцлер сапарынын өлкө тарыхы үчүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, жолугушууда саясий-экономикалык алакадан баштап, диний радикализм темасына чейин талкууланганын айтты.

- Биз аймактагы коопсуздукту талкууладык. Диний радикализмдин айынан жаралган көйгөйлөр, терроризм жөнүндө сүйлөштүк. Албетте бардык маселелер боюнча саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык тармакта да өз ара түшүнүшкөнүбүз үчүн кубанычтамын. Кыргызстан бир гана Германия эмес, Евробиримдик менен да кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар.

Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Украинадагы кырдаал, Европа менен Орусия ортосундагы кризис Кыргызстанга да залакасын тийгизип жатканына кейип, Евробиримдик менен Орусияны элдешүүгө үндөдү.

Өз кезинде Ангела Меркел Германия Борбор Азиядагы бирден бир демократиялык өлкө саналган Кыргызстанды ар тараптан колдоого даярдыгын билдирди. Ал германиялык KfW банкы фонддор аркылуу өлкөнүн өнүгүүсүнө жардам бериши мүмкүндүгүн кыйытты. Айтымында, 30-сентябрда Бишкекте немис экономикасынын күнү өтөт.

- Биз Кыргызстандын 2010-жылдан кийин тандаган демократиялык жолун сыйлайбыз. Кыргызстан парламенттик системаны тандады, бирок колдоого муктаж. Калк үчүн экономикалык өнүгүү маанилүү роль ойнойт. Орто жана чакан ишкердик өнүгүшү үчүн бардыгын жасаш керек. Жаштар перспектива алып, кесипкөй адистер өлкөсүн таштап сыртка кетпеши керек.

Германия канцлери мындан тышкары Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана фракция лидерлери менен жолугушуп, парламенттик демократиянын келечегин талкуулады.

Меркел өлкөдөгү диний конфессия жана диаспора өкүлдөрү менен да пикир алышты. Муфтий Максат ажы Токтомушов жана епископ Данил баштаган диний ишмерлер менен болгон сүйлөшүүсүндө өлкөдө тамыр жайып бараткан радикализмди алдын алуу жолдорун талкуулады.

Саясий серепчи Эркайым Мамбеталиева терроризм коркунучу Европаны каптап турган маалда Меркелдин Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстандагы диний коопсуздуктун негизги маселелердин катарында каралышы эле чоң мааниге ээ деп эсептейт.

- Мамлекет, муфтият жана жарандык коом институттары диний жаатта кандай иштеп жатканы буларды кызыктырбай койбойт. Себеби акыркы күндөрү актуалдуу болуп жаткан терроризм коркунучу тынчсыздандырат. Ошол эле учурда качкындар маселесинин да түбү бир. Ошондуктан Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстандагы диний кырдаал Германия канцлерин ойлондурат.

Серепчилер дүйнөдөгү эң таасирдүү үч лидердин бири саналган Ангела Меркелдин Кыргызстандын чакыруусун кабыл алып келиши эле чоң упай дешсе, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпайт дегендер да жок эмес.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков Кыргызстан чөлкөмдөгү жалгыз парламенттик демократияны беттеген өлкө болсо да Орусияга ыктаган тышкы саясат үчүн Германия да, Евробиримдик да жардамга кол сунууга ашыкпайт деп ойлойт.

- Эгер бийликке демократиялык баалуулуктарды туу тутунган команда келип, конкреттүү реформаларды сунуштаса Германия Кыргызстанга чоң жардам бермек. Мисалы, Украина, Молдова, Грузияга көп жардамдарды берип келишет. Биздин бийлик Орусиянын авторитардык режимин үйрөнүп, ошол жакка ыктап жатканы үчүн Германия да, Евробиримдик да жардам бергиси келбейт.

Германия Кыргызстан үчүн ири донорлордун бири. 1992-жылдан бери өлкөгө каржылык жана техникалык тармактарда 250 миллион евродон ашык каражат бөлгөн. Бул акча негизинен экономиканы өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагына жумшалган. Германия өнүктүрүү банкы, эл аралык кызматташуу уюму – GIZ эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу алакаларын ишке ашырып келет.

  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG