Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Шакиров: "Кыргызалтын" элдин кызыкчылыгын коргойт


Кумтөрдөн чыккан алтынга белги коюлуп жатат. Кумтөр алтын ишканасы, 14-март, 2013.
Кумтөрдөн чыккан алтынга белги коюлуп жатат. Кумтөр алтын ишканасы, 14-март, 2013.

“Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров Кумтөр алтын кенине байланыштуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтү жалдаган чет өлкөлүк юридикалык жана каржы кеңешчилери келип кетти. Алар Кумтөр боюнча “Центерра Голд” компаниясы берген сунуштарды иликтеп, талдап чыгаары айтылган. Ушул тууралуу алгач маалымат бере кетесизби?

Кылычбек Шакиров: DLA Piper юридикалык, ал эми Рricewaterhouse Coopers компаниясы каржы жактан кеңешчибиз болуп эсептелет. Бул эки компания тең өздөрүнүн кылган иштерин консультативдик кеңешке көрсөтүштү. Ал кеңештин башында премьер-министр турат. Андан башка жети министр, үч агенттиктин директору кирген. Кумтөр маселесине тиешеси бар министрлик-мекемелердин баары, өкмөттүн аппаратынын мүчөлөрү, “Кыргызалтын” болуп баарыбыз консультативдик кеңешке топтолгонбуз.

Чет өлкөлүк кеңешчилер азыркы процесс 2009-жылдагыдан кескин айырмаланарын белгилеп жатышат. 2009-жылы Кумтөр боюнча келишимди реконструкциялоону Кыргызстан жактан эки эле адам жүргүзгөн. Азыр болсо саны абдан чоң, 40ка чейин барат. Мисалы “Кыргызалтын” уюштуруу маселелерин алып, бардык адамдарды чакырып, топтоп берет, ошол иштер деле убакытты алат. Азыр көп адам чогулуп, оюн айтса, кабыл алынган чечим жакшыраак болот. Ар бир министрликтен өз тармагы боюнча көп сунуш түшүп жатат.

DLA Piper юридикалык маселелер боюнча кимдер менен жолукту, кандай документтерди даярдады, кандай ой-пикири бар, ошолорду көрсөттү. Ал эми Рricewaterhouse Coopers болсо кандай баалоону жүргүздү, дүйнөдө кандай тренд болуп жатат, кайсы жагынан Кыргызстанга кандай пайда болот деген ойлорун айтып кетишти.

“Азаттык”: Премьер Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр боюнча үч вариант: биринчиси - Кумтөргө жаңы схема менен салык салуу, экинчиси - биргелешкен ишкана түзүү, үчүнчүсү - компанияны Кыргызстандын колуна өткөрүү каралып жатканын билдирген эле. Сунуштардын кайсынысы оптималдуу экенин эсептеп чыктыңыздарбы?

Кылычбек Шакиров: Азыр эсеп жүрүп жатат. Оптималдуу вариант тандала элек, бирок потенциалдуу варианттар бар. Эми сүйлөшүү болуп аткандан кийин, эки тарап бири-бирибизди карап турабыз да. Биз аларды карайбыз, кандай маалымат берет деп, алар бизди аңдышат. Ошондуктан стратегиялык нерселерди мен сиздерге азырынча айта албайм. Потенциалдуу варианттар дегенде, Кыргызстанга эмне керек деген тапшырманы коюп туруп, ошонун негизинде иш жүрүп жатат. Андан кийин биз ошолордун ичинен эң жакшысын тандайбыз.

Кумтөрдөгү иш учурунан
Кумтөрдөгү иш учурунан
“Азаттык”: Айрым, эксперттер, кээ бир депутаттар эгер биргелешкен ишкана түзүлсө, Кыргызстан Кумтөр боюнча экологиялык жана башка миллиондогон доллар чыгымдарды төлөтүп алалбай калат деп айтып чыгышкан болчу. Ушундай доомат негиздүүбү?

Кылычбек Шакиров: Биздин консультативдик кеңеш жана биз жалдаган чет өлкөлүк кеңешчилер болуп дагы бир эл аралык, тажрыйбасы чоң экологиялык-инженердик маселелер боюнча компанияны ишке чакырабыз деп чечтик. Болочоктогу тобокелдикти азайтыш үчүн инженердик маселелер боюнча эл аралык компания менен сүйлөшүү жүрүп жатат, бирок атын азырынча айта албайм. Биз бардык маалыматты албаган үчүн бизге ошондой кеңешчи керек болуп жатат.

Биз ар тараптан карап жатабыз. Кыргызстан үчүн Кумтөр стратегиялык жактан маанилүү нерсе. Ошондуктан юридикалык, каржы, экологиялык жана инженердик жактан баарын карашыбыз керек. 2003-жылы кудум ушундай болгон. Биз ошол жылдагы документтерди карасак, Дүйнөлүк Банк, Европа Банкы болгон экен. Экологиялык, инженердик жана каржылык отчеттор болгон экен. Бизде кийин бардык маалымат болгондо ошончолук туура чечим кабыл алса болот.

“Азаттык”: Өкмөт Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр үчүн дагы үч ай мөөнөт сурады эле. Бул убакыт аралыгында сүйлөшүп, орток пикир тапканга үлгүрөсүздөрбү? Мына азыр айттыңыз, экологиялык-инженердик маселелер боюнча да эл аралык кеңешчи жалдаганы жатабыз деп.

Кылычбек Шакиров: Бизге көбүрөөк убакыт бергенде жакшы болот эле. Эми үч айдын ичинде эң чоң маанилүү маселелерди чечип алабыз деген ниетибиз бар. Буга чейинки үч айда деле көп жумуш жасалган.

“Азаттык”: “Центерра Голд” менен сүйлөшүүдө кайсы маселелер боюнча орток пикир табуу оор болуп жатат?

Барскоондогу Кумтөргө каршы митинг 31-май, 2013-жыл
Барскоондогу Кумтөргө каршы митинг 31-май, 2013-жыл
Кылычбек Шакиров: Ушул сүйлөшүүлөр тууралуу айтканда, бир жагдайды белгилеп коюу керек. “Центерра Голд” бизге керек, биз сураган маалыматты берип жатат. Бүгүнкү күнгө чейин “Центерра Голд” биз сураган нерсени бербей койгон, жаап койгон учур боло элек. Биз бири-бирибиз менен мунасага келип эле сүйлөшүп атабыз. Эки жакка тең туруктуулук керек экенин түшүнүп атат. Эки тарап тең фабрика токтобош керек деген ойдо турат. Мына өзүңөр деле билсеңер керек, Жети-Өгүздөгү окуялардан кийин, өкмөт Кумтөрдү караган үчүн “Центерранын” акциялары көтөрүлдү. Бирок бири-бирибизди түшүнбөй калып, соттошуу ыктымалдыгы деле бар.

“Азаттык”: “Центерра Голддун” акционерлер тизмесинде кыргызстандыктар барбы? Бар болсо аларды ачык атай аласызбы?

Кылычбек Шакиров: “Центерра Голддун” акционерлери тууралуу маалымат жашыруун эмес. Интернетте бар. Акционерлер көбүнчө инвестфонддор, банктар, фирмалар. Мындайча айтканда, институттук уюмдар, мекемелер көп. Тизмени караганда мен ал жерден адамдардын аттарын көрө алган жокмун. Ал эми фирмалардын аркасында ким турарын биз билбейбиз.

“Азаттык”: Ошол фирмалардын артында кыргызстандыктар турушу мүмкүнбү? Алардын аты-жөндөрүн билсе болобу?

Кылычбек Шакиров: Билсе болот, бирок бул убакытты да, каражатты да көп талап кылат. “Центерра” бизге акционерлердин тизмесин ар дайым жөнөтүп турат.

“Кыргызалтын” Кумтөр жана башка кендерге байланыштуу маалыматты үзгүлтүксүз элге жеткирели деп жатабыз. Бирок коомчулук түшүнүшү керек, Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу азырынча бардыгын айта албайбыз. “Кыргызалтын” элдин кызыкчылыгын коргойбуз деп чыкканбыз, элдин деле бизге жардам берели деген ниети бар экенин сезип атабыз.

Тажрыйбасы чоң компаниялар менен элдин кызыкчылыгын коргосо болот. Сиздерден өтүнүч, эгер Кумтөр боюнча окурман, угармандардан суроолор болуп калса, бизге жөнөтсөңөр, биз аларга убагында жооп берүүгө дайым даярбыз.

XS
SM
MD
LG