Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

14-июнь - Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү. Бул иш-чара Кыргызстанда быйыл сегизинчи ирет өткөрүлүүдө.

Ушул тапта Мураттын кызы жугуштуу оору менен ооруп калып, канга муктаж болгондуктан атасы Мурат кан тапшырганы борборго келген экен:

- Кызыбыз катуу ооруп, ооруканага келгенбиз. Азыр мен борборго кан тапшырганы келдим. Эгерде менин каным жетишпей калса, башка кишиден алганга да туура келет.

Мурат мырза сыяктуу туугандары, ата-энеси ооруга дуушар болгондо донор канга муктаж болгон жарандар өтө көп.

Гемотологиялык оорулар, күйүк жана травма алгандар канга дайыма муктаж оорулардын катарына кирет. Өлкөдөгү операция жасалуучу ооруканалар Кан борбору менен келишимдин негизинде иштешет. Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгеринин орун басары, жогорку категориядагы хирург Асанбек Сыдыгалиев:

- Улуттук хирургия борборунда кан керек болуп калган учурлар көп эле болот. Бизде Кан борбору менен үч түрлүү келишим түзүлгөн. Жылына бизден 500 киши кан тапшырышы керек. Алардын тизмеси менде болот. Эгерде биз киши жибербесек, аларда запаста кан болбосо, бизге бербей да коюшу мүмкүн. Бирок биз өзүбүздүн келишимди толугу менен аткарабыз.

Адамдын организминде 5-5,5 литрдей кан болот. Кан кислородду жана азыктандыруучу заттарды ар бир клеткага жеткирип, ар түрдүү жугуштуу оорулар менен организмдин күрөшүүсүнө жардам берет. Аялдарга караганда эркектерде кан жоготуу оор:

- Эркектер начарырак келебиз. Канды 1 литрден ашык жоготкондо эсибизди жогото баштайбыз. Көп кан жоготуу эркектер үчүн кыйын. Аялдар болсо 3 жарым литрге чейин канды көтөрүп жүрө беришет. Эгерде оору биринчи, экинчи даражада болсо, кан куймайынча чыгара албай калабыз.

Мыйзам боюнча бир кан берүүгө - 300 сом, плазмага – 500, иммундук плазма тапшыргандарга – 700 сом төлөнөт. Адам канды эки айда бир, ал эми плазманы бир айда эки ирет тапшыра алат.

Ушул тапта өлкөдө 3045 ардактуу донор катталган. Бул донорлор айына 1000 сомдон жөлөк пул алып турушарын Республикалык кан борборунун мүдүрү Бакыт Карабаев айтып, 2011-жылга кан тапшырган донорлор тууралуу буларды кошумчалады:

- 2011-жылдын отчету боюнча 34 миң 200 кан тапшырылыптыр. Мунун ичинен туугандарына кан берген донорлор биринчи орунда, экинчи орунда акысыз, өз каалоосу менен тапшыргандар, андан кийин активдүү резерв донорлор турат. Өнүккөн мамлекеттерде болсо акысыз кан тапшыргандар биринчи орунда турат. Алардын аң-сезими башкача болсо керек. Биз да келечекте 2020-жылга "акысыз кан берүү" деген девиздин үстүнөн иштеп атабыз. Муну адамдар түшүнүп, туура мамиле жасоосу керек.

Адамдардын кан тапшырууга болгон мамилесин билүү максатында, "өз ыктыярыңыз менен кан тапшырдыңыз беле" деген суроо менен айрым шаар тургундарына кайрылдык:



Бул күнү Кан борборуна келип, өз ыктыяры менен, акысыз кан тапшыргандар болду. Алардын бири - Бишкек шаарынын тургуну Арстанбек Абдуманов:

- Мойнума жүктөлгөн милдет катары сезбесем да, мындай иш-чараларга катышууну атуулдук милдет катары кабыл алам. Негизинен бир гана социалдык жактан эмес, өзүмдүн ден соолугума да жакшы болот деген ойдомун.

Какен Мамырбаева:

- Мен 58 жаштамын. Биринчи жолу кан тапшырып атам. Текшерилдим, бардыгы жакшы экен. Тапшырып койойун дедим, артыбызда кырсык болгондорго, оорууларга кичине да болсо салым болсун дедим.

Донор кан тапшырардын алдында сүт азыктарын жана майлуу тамак колдонбоого аракеттениши керек. Көбүрөк суюктук ичип, анан келип кан тапшырса болот. Ал эми кан тапшыргандан кийин таттуу чай ичип жана шоколад жесе тезирээк калыбына келет.
XS
SM
MD
LG